3088
31907
18.10.2019
Bishkek, Kyrgyzstan
#борченовборсулдайт
Спамерлерге арналат
@samat_chelsea
Админ болуп, группа түзүп мен капа,
Көп күн болду эч ким жазбайт бул жака,
Анда санда адашкансып келет сүрөт,
"Кечикпейли бүгүн ыйык жумага!" Жазгылачы айланайын жазгылачы,
Жашың элүүгө жеткенче,
Уй кесүүдөн келгенче.
Жылдыз тарап кеткенче,
Балаң сүтүн эмгенче,
Ичкен чайың жутканча,
Ай жаңырып тутканча,
Жумуш айлык бергенче,
Апаң тойдон келгенче,
Түгөнгөнчө лимитиң,
Жаза берчи күнү-түн.
Жазгылачы садага, жазгылачы!
Түнкү айран ачыганча,
Телефонуң ысыганча,
Манжаларың жооруганча,
Моюнуң талып, ооруганча,
Элдин баары уктаса да,
Аалам сени кыстаса да,
Ич түйүлүп жатса дагы,
Кайгы жанга батса дагы.
Орус монтип чокунганча (типа крестик кылып чокунуп кой)
Батарейкаң отурганча.
Койлор маарап калганча,
Досуң даарат алганча
Болчу эми группа кана жазылачы.
Айла жоктон кейигенден күлөсүң,
Күлөсүң да, күлөсүң да, түтөйсүң-ң,
Окуп коюп, эмне кылды дебейсиңби?
Жөнөттү ал баягы репост сүрөтүн. Ээээ-эң!