Urmat Borchenov
@borchenov
Urmat Borchenov

Подписчики: 209359
Посты: 748
Подписки: 258
⚡️Ведущий: TV, свадьбы, праздники ⚡️Озвучиваю ролики, голос #отрк #обондору ⚡️Youtuber: UTV сенин каналың Мой вотсап👇
https://wa.me/996550418888


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3484   145   35888
14.02.2020
“Сүйүү жана мен” Алыкул Осмонов Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту! Ансыз анан алтын өмүр толукпу? Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү Бермет, жакут, каухар кийип жолукту. Кучактадым, өптүм, кыстым боорума, Бул турмушта өлгөнчө бир болууга. Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен, Кош деди да от карматты колума. Экинчиси: андан сулуу, андан жаш, Жалынына жана турган жансыз таш, Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш, Мен андыктан: кайра кумар, кайра мас. Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда, Ант бериштик өмүр байлап көп жылга, Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен, Жашырынды, жылаан таштап мойнума. Менде айып жок... төмөнсүнбөйм эч кимге, Андай болсо, «күнөө өзүңдө» деп билбе, Бирок сүйүү уудан бүткөн нерсе экен, Үчүнчүсү, заар чачты бетиме. Жылаан таштап, заар төгүп, чачып от, Эрк сеники, шылдың кылмак, ойномок, Бирок, түшүн, акылың кем жаш сүйүү, Ошентсе да сенден көңлүм калган жок! Билем, анын туш тарабы терең жар, Өзү зоока, куш жете албай болгон зар... Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн, Мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар.
Загрузка...
4659   94   38805
21.04.2020
ПЕНДЕЛЕР МАРШЫ Мезгилдин агымында калдалактап, Мен да, сен да, ал дагы карбаластап, Агып бара жатабыз кайда, кайдаа... Асыл, асыл күндөрдү чаңга таштап. Көр тирлик эй, көргө көр жетеленип, Көрө албастык, ач көздүк, текеберлик, Көмкөрүлүп турса да үстүбүздө Көрбөй койдук, көрмөксөн кете бердик. Жалганынан чындыгын айрый алгыс, Оо не деген өмүрсүң, кайрый алгыс?! Ийинибиз тийишип турган менен Иңир соруп баратат жалгыз, жалгыз... Пенде экенбиз кантели өлүп-талып, Периштесин пейилдин көмүп салдык. Басып жүргөн боюнча өлүп калдык Байкабайбыз ошого көнүп калдык... Алганыбыз көп болду, беребизби? Келген жээкке кетирдик кемебизди. Күүгүм кирип келатат, мен жалгызмын Күн чыкканда биз чогуу келебизби... Ар адамды ар жерде арал кылып, Арабызда коюулайт караңгылык. Табыша албай калганча үн каталы Таап алалы адамды адам кылып. Элмирбек Иманалиев
2697   87   31204
24.12.2019
Алыкул Осмонов БЕШ ЖАШАРГА БЕРБЕЙМИН Картайган сайын адамзат Карылыгын жек көрөт, Кайран өмүр өттүң деп Санаркап күнүн өткөрөт. Эскирген сайын адамзат Эскилигин жек көрөт, Эссиз өмүр өттүң деп Өткөнүнө өкүнөт. Жашаган сайын адамзат Жаштык кезин сагынат, Аттиң ай минтип калбай деп Жаш күнүнө таарынат. Майышкан сайын адамзат Балалыгын сагынат, Баягыда минтпей деп Өзүнө өзү таарынат. Мен антпеймин, курдаштар, Жаштыгым өттү кезинде; Заманым тынбай жоо кырып, Ок жамынган мезгилде. Өттү зуулап балалык, Заманым баатыр кезимде, Алпкаракуш жар ташка Таш түлүк тууган мезгилде. Өмүрүм кетти жыргалда, Заманым жигит чагында, Шумкарлар жүрдү үстүмдө, Кабландар жүрдү алдымда. Ар жашаган күнүмдүн Бир миң күндүк салмагы, Ар бир өткөн жылымдын Бир кылымдай ардагы. Жан көрбөгөн укмуштун Артынан кетип баратам, Өлүмдүн бары чын болсо Өлүмдү барып таңгалтам. Жаш улгайып күн өтсө – Бекерге өттү дебеймин, Отуздан ашкан жашымды Беш жашарга бербеймин. 10/XII 1945 Койсары