1211   98
                                              
            
            
            	
            
            
            
            
            
            18.03.2020
			
            
            
			АБАЛДАН ЧЫГУУНУН ЖОЛУ АЗЫК ЭМЕС!  _____________________________________________________________
Кечээ сарказм менен “азык көп болсо, аппетит жок болуп калат” экен деп жаздым эле🤔😏😏😏
Бир жылдары улам базарга бара бербейин деп, анда супер маркеттер жок кез, бир мүшөк ун сатып алгам. Үй бүлөм чакан болгондуктан көп колдоно албадым. Бир күнү карасам курттап кетиптир. Өзүмө капа болдум, улам ундан кечирим сурадым🙏🙏🙏. Бир чети жаш келиндин кылганы, бир чети ун курттайт дегенди укпаганым болуп калды. Ошондон кийин үй бүлөмдүн ал-абалына карап азык алам. Бул жолу да азык жыйнаганым жок. Абалымды билем. Үй бүлөм чакан. Болгону азык жыйып алгандарды “чымчымай” кылдым.  _____________________________________________________________
Азыр эмне көп, тамак-аш көп, каалаганыбызды тандап жейбиз, “тамагыңар начар” деп кыр көрсөтүп да кетебиз🤦♀️🤦♀️🤦♀️🤦♀️🤦♀️
Ачкачылыкты көргөн чоң апамдын күкүм чогултмай, катып калган нанды ысык сүткө чылап ичмей, дегеле нанга аяр мамилесин көрүп өстүм. 
Эмне дегим келди? “Ун курттайт, эскирет, ысык күндөр алдыда, карап коюп тургула” деп жаш келиндерге коңгуроо каккым келди. Ошо! 🙋♀️