Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1424   150
14.06.2020
Моюнубузда анысыз деле оор жүк!!! _____________________________________________________________ Биздин моюнубузга таш салып, балон илинбесе деле, дал ошондой, керек болсо андан да оор жүк артылган. Аял төрөйт, анын бактылуулугу менен кооптуулугу бир тең. Аялдын бир ажалы – төрөт деп коет. Андан ары ошол баланы аман-эсенге кошуп акылдуу кылып эрезеге жеткирүү дагы чоң жүк. Таап, ташып турган күйөөгө да жага билүү, аны кармап калуу да жүк эмей эмне... ______________________________________________________________Айта берсек жүк толтура. Эгер аны таңгактасак бир эмес, бир нече камаз жүк болмок... Ооба, чалпоо, тарбия көрбөгөн, же баш бербеген ээн баш, жүдөө, же сөз укпаган айымдар да жок эмес! Бирок алар кандай болбосун адам! Аларга кол которуп, кордук көрсөтүүгө эч кимдин акысы жок! Жакпайбы, жашаба! _____________________________________________________________ Моюнубузда ансыз деле оор, оор жүк!!!
1406  
08.12.2019
Бозо! (Менден сурганган эже-сиңдилер үчүн) 1. Бир чоң кашык тоң майга эки чоң кашык унду кызарта куурасыз. (ун 1-сорт болсо жакшы). 2. Кызарып куурулган соң, ага 4 литр суу куюп кайнатасыз. 3. Тарууну жууп (1кг), кайнап турган сууга салып, эзилгенче бышырасыз. Эгерде суусу аз болгонсуп калса, кайра кайнак суу кошсоңуз болот. Түбүнө тартып кетпеши үчүн улам аралаштырып турунуз. 4. Таруу бышып, ал ботко болуп калгандан кийин, аны муздатасыз. Бирок өтө муздап кетпесин. Болбосо ачыбай калат. Улам аралаштырып муздатасыз. 5. Жылымтык абалга жеткен соң, ага 3-4 кашык угут салып эзесиз. Биз жакта бул аракетти “чечет” деп коет. Башкача айтканда, угут боткону суюлтушу керек, суюлса демек чечилди. Чечилбей жатса дагы бир аз угут кошуңуз. 6. Жылуу кезинде ага жылуу бозо-ачыткы куясыз. Бул учурга 600-700 гр.бозо болсо болот. (мен ачыткылык бозону Шоро фирмасынан сатып алам, чычырканак кошулган бозосу абдан жакшы даам берет экен). 7. Анан ачыганча (5-6 саат) жылуу жаап күтөсүз. Карап көрүңүз, эгер ачыганы байкалса, демек даяр болду. 8. Албетте, сүзүү керек. Ар ким ар кандай ыкмада сүзүп алат. Мен капрон кездеме сатып алгамын, ошону колдоном. 9. Сүзүлгөн бозону 1-2 саат күтөсүз. Анан ичүүгө даяр! Эсинизде болсун, бозону 3 күнгө чейин муздаткычта сактап ичсениз болот. Андан кийин башты ооруткан эле кычкыл суусундукка айланып калат. Эң пайдалуу 3 күнгө чейинкиси. Берээрде бир аз жылытып алуу ичкенге ыңгайлуу, пайдалуу жана жагымдуу! Даамдуу болсун!
Загрузка...
1334   39
07.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
ГҮЛДӨР💐! ГҮЛДӨР🌹! ГҮЛДӨР! Мен Сиздер менен белекке берилген гүлдестелердин “жашоосун” узартуунун өзүм колдонгон сырлары менен бөлүшкүм келди🌷🌹💐. Үч күндөн бери гүл алып жатабыз, алдыдагы дагы 2 күн гүл алуунун майрамы эмеспи😘 😘 😘 😘 😘 😘 😘 😘 😘........... 1. Гүлдү алаарыңыз менен дароо сууга салбаңыз! Адегенде крандын суусун тундуруп алган оң. Анткени сууга кошулган хлор гүл өмүрүн кыскартат🤔🤔🤔 2. Гүлдү сууга салаарда анын түп сабагынан бир аз кыйгачтатып кесүү маанилүү. Бул ар бир эки күндө суу алмашкан сайын жасалып турушу керек👍👍👍 3. Гүл салынган вазаны күн тийген, же желдүү жерге койбоңуз. Гүл назик🌹🌹🌹🌹 4. Суу маздак болгону гүл үчүн жагымдуу💐💐💐💐💐💐💐 5. Гүлдүн суусун күн сайын жаңылап, же ага суу кошуп туруу зарыл👏👏👏👏👏🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️ 6. Кээде кошулмаларды кошуп да жиберем: бир вазага бир таблетка аспирин, же 1 литр сууга бир чай кашык шекер)) 😊 Баса!!! кечээ радиодон Орхидея гүлүнө спирт ичимдигинен (арак) кошуп койсо копко сакталат деп уктум))) Майрамыныздар менен, айымдар!