Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1127   73
30.03.2020
... Илгери бир касиеттүү адам жашаган аймакка эпидемия келиптир. Анан ошол касиеттүү адам көчөнү бойлоп, кайгырып кетип баратса, алдынан жан алгыч көрүнөт экен. Касиеттүү адам жан алгычты токтотуп “канча адамды алганы жатасын?” деп сурайт. Анда жан алгыч 5 миң адамды алып кетээрин айтат. ______________________________________________________________ ... Ошентип күндөр өтөт. Эпидемия токтойт. Жыйынтыгында 15 миң адам өлгөн болот... ... Мындай жаман кабардан кийин касиетүү адам капа болуп кетип баратса жан алгыч алдынан көрүнөт. Токтотуп “сен 5 миң кишинин жанын алам дедиң эле, эмне үчүн 15 миң адамды алып кеттиң?” деп сурайт. Ошондо жан алгыч “Ооба, мен өзүм айткан 5 миң гана адамды алып кеттим. Калган 10 миң адам коркунучтан коркуп отуруп эле өздөрү өлүп калды” дептир. _____________________________________________________________ ... Демек, замандаштар, ар кимди укпай, ар кандай жалган маалыматка көңүл бурбай, ачка калабыз деп коркпой, жугуп калат деп кооптонбой, абалдан өзүбүздү жана өңгөбүздү сактап, темирдей тартип менен ылаңды жеңип чыгалы. Бейпил тун!
Загрузка...
1021   116
19.05.2020
19-май – пионерлер күнү! Класста биринчилерден болуп пионерлер катарына өттүм. Кыпкызыл жагоону тагынып мектепке баруу да чоң мактаныч, чоң жетишкендик эле. Жагоону күнүгө үтүктөп байланам. Айрым балдар байкуш жагоонун учтарын чайнап жеп жиберишээр эле😊🤭 Кийин класста биринчилерден болуп комсомол катарына өттүм. Канча күн устав жаттап, коркуп, толкунданып даярдандым эле. Болгону эки ай 2 копейка взнос төлөп, комсомол болдум. Жоюлуп кетти. Ошону менен баалуулук да жоголуп кеткендей таасирде жүрдүм... анткен менен бир чон тарыхтын каармандары болуптурбуз 😏😏😏 Кийин октябренекту - Сейтек, пионерди- Семетей, комсомолду – Манас кошууну деп да көрдүк, жыйынтык бербеди, уланып кеткен жок... Сурот: Ат-Башы. К.Мамбеталиев орто мектеби. 6-класс. Эми, мени табыныз 😊🙋‍♀️ _____________________________________________________________