Чынар Капарова
@chynara_kaparova
Чынар Капарова

Подписчики: 128584
Посты: 598
Подписки: 362
Журналист, телеведущая, преподаватель, Journalist, TV presenter, lecturer

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
830  
17.02.2020
Сүйүнчү, сүйүнчү, сүйүнчү кыздар!👏🙋‍♀️ @tsarevna.kg сулуулук кызматы эми жеткиликтуу баада👍👏 Мага эжелер, синдилер, курбулар тарабынан жүзүбүзгө кам көрүүнүн сырлары жөнүндө көп кайрылуулар келет🤔 Алдыда жаз айлары, майрамдар, маанай көтөрүүчү жакшы күндөр!!! Демек, бет терибизге эртелеп көңүл буруп, өзүбүздү эркелетчү күн келди☺️ Сиздер үчүн “Чынардан келдим”, же “Я от Чынар” акциясы башталды. Бул аракетке Сиздер, ардактуу айымдар үчүн суранып, сунуштап, сулууланып жатып жеттим👏👏👏 @tsarevna.kg катталып, менин атымдан барсаңыз 20 пайыз арзандатуу берилет! 5-мартка чейин @tsarevna.kg сулуулук салонуна барып жүзүңүзгө керектүү, жүзүнүз талап кылган кызматтан пайдаланып калыңыз🙏🙏🙏Адис кыздар адегенде Сиздин жүзүңүзгө баа берет, кандай кам керек экенин айтат, сунуштайт., андан кийин гана Сиздин макулдук менен бетиңизди жакшыртуу аракеттери баштайт. Шашылыныз!!! @tsarevna.kg Сизди кутот! 😍
Загрузка...
1424   150
14.06.2020
Моюнубузда анысыз деле оор жүк!!! _____________________________________________________________ Биздин моюнубузга таш салып, балон илинбесе деле, дал ошондой, керек болсо андан да оор жүк артылган. Аял төрөйт, анын бактылуулугу менен кооптуулугу бир тең. Аялдын бир ажалы – төрөт деп коет. Андан ары ошол баланы аман-эсенге кошуп акылдуу кылып эрезеге жеткирүү дагы чоң жүк. Таап, ташып турган күйөөгө да жага билүү, аны кармап калуу да жүк эмей эмне... ______________________________________________________________Айта берсек жүк толтура. Эгер аны таңгактасак бир эмес, бир нече камаз жүк болмок... Ооба, чалпоо, тарбия көрбөгөн, же баш бербеген ээн баш, жүдөө, же сөз укпаган айымдар да жок эмес! Бирок алар кандай болбосун адам! Аларга кол которуп, кордук көрсөтүүгө эч кимдин акысы жок! Жакпайбы, жашаба! _____________________________________________________________ Моюнубузда ансыз деле оор, оор жүк!!!
582   35
22.03.2020
Азыр үйдө отуруу – биздин өлкөгө келтире турган эң чоң жардамыбыз болуп турат. Ооба, иштеп, басып-туруп ж.б көнгөнбүз. Кыйын. Зеригебиз. Мен Сиздерге отуруп, отуруудан да пайда табуу кеңешимди сунуштайм... ____________________________________________ Отуруунун он пайдасы: 1. Отуруп – ооруну жеңебиз! Зарыл же чукул ишиңиз болбосо өзүңүз менен кошо өзгөнү да коркунучка кептебей үйдө отуруңуз. ___________________________________________ 2. Отуруп – ойлонуңуз! “Мен киммин, кандай адаммын?” деген суроонун алкагында да ойлонуп койгон жакшы жыйынтык берет. Анткени өзүбүздү алдабайбыз. ___________________________________________ 3. Отуруп – окуңуз. Окуу мээни өстүрөт, иштетет. Китепти окуп жатып ошол дүйнөгө кеткенге аракет кылып, зеригүүнү жеңип чыгыңыз. __________________________________________ 4. Отуруп – оозуңузду көнүктүрүңүз! Ооз, же эриндердин иштешин да калыптандырып туруу керек. Жагымсыз жыт да пайда болбойт. ___________________________________________ 5. Отуруп – ойноңуз! Ооба, жалгыз болсоңуз кроссворд өңдүү баш катырмалар менен алаксыңыз. Бала-чакалуу болсоңуз балдарыңыз менен ойноңуз, аларды “тааныңыз”! ___________________________________________ 6. Отуруп – оңолуңуз! Ою оңолгондун өзү оңолот. Негатив маалыматтардан алыс болуп, аларды таратпаңыз. Өзгөчө оору күндөрү. ___________________________________________ 7. Отуруп – “ооруңуз”! Адамзат маселесинин алкагында “ооруңуз”. Жаратылыш менен “ооруңуз”. Жакшы адат менен “ооруңуз”. Бирөөгө жардам берүү адаты менен “ооруңуз”! ___________________________________________ 8 Отуруп – окшошуңуз! Жакшы адамдарга, боорукер адамдарга окшош болууга далалат кылыңыз! Аларга окшошуу менен өзүбүзгө да окшошконду кыялданган чөйрөнү таба алабыз. ___________________________________________ 9. Отуруп – ордуңузду табыңыз! Үйдө отуруп калгандан кийин ошол үйдө ордуңуз канчалык экенинен кабар аласыз. Ордуңузду бийиктетүү аракетинде болуңуз. __________________________________________ 10. Отуруп – оң колдун ачуусун сол кол менен басалы! Отура берип бирине жагасыз, башкасынын кыжырын келтиребиз. Айрым адамдар өтө эле майдачыл болуп, асыла берет. Мындайда ачууну жеңе билели! ООРУБАҢЫЗ!!! 🙏🙏🙏🤲🤲🤲☺️
554   30
14.06.2020
Бары эле депутат болгусу келет. Ага мүмкүнчүлүгү, билими, тажрыйбасы туура келеби, же жокпу... ______________________________________________________________Бир аял акылман адамга келип кеңеш сурайт: - Айтыңызчы, Сиздин акылмандыгыңыздын сыры эмнеде? Бактылуусуз, байсыз, ийгиликтүүсүз. Мен көп окуйм, көп иштейм. Бирок күндөн-күнгө ишим начарлап, максаттарым ишке ашпай келет, же ийгиликке жете албайм... ______________________________________________________________Акылман адам аялга балта менен бир кап картөшкө берет: - Ушул балта менен картөшкөлөрдү тазалап көр. Аял ачууланса да, балта менен тазалап корот. - Мен жөн гана убактымды текке кетирип жатам. Бычак менен эле бат аарчып бүтүрүүчү иш эле го, - деп сүйлөнөт. ______________________________________________________________- Көрдүңбү, сен бул иш үчүн бычак туура келээрин билесин. Ал эми балта отун жарганга керек. Адамдар деле ошондой. Ар бири өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө, билимине, багытына жараша максаттарды койгону оң, - деп жооп берет... Улантып кетсеңиз каршы эмесмин)))