Эльвира Сурабалдиева
@elvirasurab
Эльвира Сурабалдиева

Подписчики: 78488
Посты: 204
Подписки: 78
#Эл өкүлү, Жогорку Кенеш #Депутат Парламента Кыргызской Республики #MP Kyrgyzstan
https://t.me/elvirasur


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3205  
30.11.2019
Бүгүн маркум атам - Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесин эскерген күн болду. Республикалык турнирдин уюштуруучуларына - шаардык спорт комитетине, Дзюдо Федерациясына ыраазычылык билдирип, жаш муун уул-кыздарыбызга мелдештин ачык-айкын өткөрүлүшүнө, келечектеги ийгиликтерге тилектеш болдум. Жогорку Кеңештен кесиптешибиз Таалайбек Масабиров, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана башка коноктордон жакшы калоо-тилектер айтылып, турнирдин ачылышы өттү. Горкомспорт и Федерация Дзюдо КР, согласно календарному плану, проводят Республиканский турнир по дзюдо памяти Заслуженого тренера КР, первого президента Национальной Федерации Дзюдо КР Жыргалбека Сурабалдиева. Участникам соревнований - молодым юношам и девушкам, приехавшим со всей страны, пожелали успешных соревнований и олимпийских достижений. ❤️💚⭐️✊
3828  
27.10.2019
23.10.2019 сыртта командировкада жүрүп, аңчылыкка каршы мораторий мыйзамына каршы добушту “кошуналарга бастырган” күнөө менде - аны толук мойнума аламын. Негизи, сөздүн ачыгы, жок болсок алдын ала айтып, добуш боюнча пикирди да белгилей кетчү элек. Бул постту ММК өкүлдөрү жана кызыгып суроо бергендер үчүн чыгарып койгонду туура көрдүм. Жарандарыбыз ушинтип экологияга кайгырса абдан кубанат экенсиң - буюрса жашаган/билим алган/жумуш ордунда/эс алган жерлерибиздин тегерегиндеги тазалыкка да көз салып, акыры кайдыгерлик мамиледен кутулат окшойбуз. Мамлекетибиз жаш болсо да, Европа, Америкадай 150-200 жылда башынан өткөн процесстерди ыкчам көндүрөт окшойбуз. #Барболгула P.S. Кыска көйнөкчөн, депутатты ыймансыз көргөзгөн бир сүрөттү илип койдум- катуу урушпагыла, кичине болсо да маанайды көтөргөндү да үйрөнө жүрөлүчү, туугандар. 😘 23.10.2019, в Жогорку Кеңеше проходило голосование по введению моратория на отстрел некоторых видов диких животных. Как и в прошлый раз, так уж получилось, во время принятия этого законопроекта меня не было в стране. Вешаю это уведомление для интересующихся личностей и журналистов. Да, ни для кого не секрет, что мы голосуем друг за друга. И да, это полностью моя вина что не предупредила «соседа по парте» о своем отсутствии в этот день, и о том что поддерживаю предлагаемый мораторий. Нет привычки оправдываться, особенно когда вроде как «не при делах», но тут вину за собой чувствую, поэтому и отписываюсь. Всем неравнодушным благодарность, радует что общество просыпается, заставляя нас, политиков, публично пояснять свои позиции, и начинает переживать об экологии. Надеюсь это также означает что скоро мы все начнем меньше мусорить там, где живем/учимся/работаем/ находимся, и будем порицать тех, кто залезая ногами на скамейки/выбрасывает мусор не доходя до урны/не убирает за собой после отдыха в горах и тд. Ну я, со своей стороны, обязуюсь впредь не упускать из виду столь важные законопроекты. Мы - молодое государство, и весьма впечатляет тот факт что в отличие от европейцев и американцев, у которых все эти демократические процессы протекали за первые 150-200 лет независимости, наш народ адаптируется намного быстрее. #Всехблаг
6321  
31.08.2019
Эгемендүүлүк майрамыңыздар менен мекендештер! Мамлекетибиздин бар болгонуна ата-бабаларыбызга ыраазычылык, кийинки муундарга жерибиздин аянтын кемитпей, урпактарыбызга тоо-сууларыбызды сактап калууга ар бирибиз колдон келишинче салым кошо тургандыгына терең ишенемин. Мекенчил инсандардын саны жылдан жылга көбөйүп, бири-бирибизди сый-урматка чакырып, ынтымакта жошоого үгүттөп, кийинки муундарга үрп -адаттарыбызды заманбап жашоого ылайыкташтырып, узара берели. Кыргызстандын чоң жетишкендиги- сөз эркиндиги, ошондуктан ой-пикирин ачык билдирген адамдар эч качан кордолбосун. 28-жылдык туулган күнүн белгилеген Кыргызстаныбыз жаш, аткарыла турган иштер менен бирге жетишкендиктер али алдыда экендигине терең ишенемин. #БарБолгула С Днем независимости, дорогие соотечественники! Самое важное достижение нашей молодой республики - это свобода слова. И каждый наш гражданин, выражающий открыто свое мнение, должен всегда иметь право на самовыражение. Во всем. Кыргызстан, сегодня отмечающий 28-летие, еще молод. Предстоит еще немало работы, и многое нужно преодолеть, пережить. Но я верю в то что самые лучшие достижения нашей страны - впереди. #ВсехБлаг
Загрузка...
1730  
06.08.2019
Декабрь 2018 Ой-Ордого чакырылып, инвесторлор тууралуу сөз башталганда ой-пикиримди кыскача белгиледим эле. 8 ай өттү, азыркы убакытка чейин жүздөгөн (миңдеген?) компанияларга берилген лицензияларды кайра карап чыгып, жергиликтүү эл менен бир сыйра макулдашып алсак болмок. Эки ай мурда Чаткалга коллегам менен барганда, 28000 калкы бар кичинекей райондо кенди иштетүүгө 150 (!) лицензия берилип, аркасында айыл өкмөттөн баштап, Жогорку Кеңеш, Ак үйдөгүлөр, кримчөйрөнүн өкүлдөрүнө чейин башкарып отурганын эл ачык эле айтып берди. Ал сапарыбыз боюнча фейсбукка пост илип, парламенттин жыйынынан да айтып чыкканмын. Бүгүн нарындык Солтон-Сарыдагы окуяларды угуп, зейним кейиди - региондордогу өнүгүү максатында ачылган компаниялардын болочок пландарын, кыска/узун мөөнөттөгү кадамдарын жергиликтүү элге башынан тааныштырып, ачыкталса болмок. Лицензияларды көзөмөлдөгөн жетекчинин наамындагы банк ячейкасында декларацияланбаган 900000 $ бекер табылган эмес да- кең байлыктарыбызды коррупцияга батырган 28 жылдык адат токтой элек. Кытай инвесторлоруна "все будет ок, кайгырбагыла" деген жетекчилер азыр кайда? Өкмөтүбүз бул маселенин түпкү тамырынан бери оңторуп, кылдаттык менен карап чыкмайын, ызы-чууну басып жүргөн өрт өчүргүчтөрдөй - "пожарник" болуп жүрө беришет. Элдин ачуусун түшүнөмүн, туугандар. Бара тургандай жолу деле алыс эмес, бирок алдын ала айтыла турган күмөндөр бар. Бул Кытай ишканасын ачтыртканда, лицензия берип, кандай келишимдерге кимдер кол койду экен? Бекеринен алар кетпейбиз деп өжөрлөнгөн жок да. Аны расмий кагаз жүзүндө тактап, элге маалыматты кеңири таратуу парзбыз. Эртеңки күнү, эл аралык соттон арыз жазышып, келишимге макулдук берген Кыргызстан аткарбай койду деп миллиондогон долларга доо коюп мамлекетибизди жыксачы? 2021-23 жылы кайрып бере турган Тышкы карыздын санына ТЭЦтин жарым миллиард карыз кредиттин үстүнө түшкөн, желкебиздеги дагы бир жүккө айланып кетээрине капаланган жерим. Туура түшүнгүлө, болгонду болгондой, жагынам дебей, элге маалыматты ачык айтып көнүп баштасак - эртеңки өнүгүүнүн жолун ачаарбыз.. #СолтонСары #БарБолгула