Эльвира Сурабалдиева
@elvirasurab
Эльвира Сурабалдиева

Подписчики: 78488
Посты: 204
Подписки: 78
#Эл өкүлү, Жогорку Кенеш #Депутат Парламента Кыргызской Республики #MP Kyrgyzstan
https://t.me/elvirasur


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3528   72
07.03.2020
Из интервью в Акипресс #К8марта Помню что в детстве хотела стать хирургом. Правда биологию и химию в школе особо не любила, предпочитая предметы гуманитарного направления. В связи с обстоятельствами наша семья часто переезжала, в итоге я поменяла 4 школы. Приходилось каждый раз заново адаптироваться в новом классе, привыкать к другому окружению. По характеру я человек общительный, поэтому достаточно быстро обрастала новыми друзьями. В школе была ребенком -непоседой, любопытной и, наверное, шумной. Училась хорошо, участвовала в олимпиадах по литературе, и даже занимала призовые места. Мне повезло с родителями, которые воспитывали во мне, в первую очередь, личность и уважение к людям. В воспоминаниях одноклассников скорее всего я осталась веселой и дружелюбной, а моя прямолинейность со мной еще со школьной поры. Помню, с подругами была черта… в школьные времена, когда случалось какое-то недопонимание, то мы садились и обсуждали это. Когда из одной школы в другую переходишь, естественно, без конфликтов не обходиться. Я пыталась отстоять свое мнение. Яркие воспоминания из детства с мамой… помню как пошла в первый класс, а училась я в кыргызских классах. Отец, будучи спортивным тренером, часто уезжал на сборы со своими учениками. Мама оставалась с детьми и ей приходилось помогать мне с домашними заданиями. Мама, когда познакомилась с отцом, плохо говорила на кыргызском, а отец практическм не владел русским языком. И вот когда я делала уроки, и не могла найти перевод какого-то слова, то мама брала меня за руку и обходила соседей, так мы и узнавали перевод. До сих пор, в любой ситуации, мама всегда находит выход, и обращаясь к ней за советом, я знаю, что она находит самые правильные и мудрые решения. Мама очень рано начала работать, зарабатывать на жизнь. Своих детей тоже научила понимать и ценить как свой, так и чужой труд. Еще с подростковых времен мы все были заняты, помогая родителям в семейном бизнесе. Не помню, чтобы мама унывала или жаловалась на что-либо или кого-либо, хотя в своей жизни она многое повидала. (Из интервью в Акипресс) https://kg.akipress.org/news:1601368
3205  
30.11.2019
Бүгүн маркум атам - Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесин эскерген күн болду. Республикалык турнирдин уюштуруучуларына - шаардык спорт комитетине, Дзюдо Федерациясына ыраазычылык билдирип, жаш муун уул-кыздарыбызга мелдештин ачык-айкын өткөрүлүшүнө, келечектеги ийгиликтерге тилектеш болдум. Жогорку Кеңештен кесиптешибиз Таалайбек Масабиров, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана башка коноктордон жакшы калоо-тилектер айтылып, турнирдин ачылышы өттү. Горкомспорт и Федерация Дзюдо КР, согласно календарному плану, проводят Республиканский турнир по дзюдо памяти Заслуженого тренера КР, первого президента Национальной Федерации Дзюдо КР Жыргалбека Сурабалдиева. Участникам соревнований - молодым юношам и девушкам, приехавшим со всей страны, пожелали успешных соревнований и олимпийских достижений. ❤️💚⭐️✊
3150   120
08.11.2019
Саясатчылардын журналисттерге болгон сезимдери өзгөчөлөнөт эмеспи. Көңүлдөрүн алам деп бийликтегилер белектерин камдашат. Катуу ачууланганда чырлашып, урушушат. Курч суроодон качкан кезде телефонго жооп беришпейт. Таарынып, айласы кеткенде, соттошкондорун деле тааныйсыз. Иши кылып кайдыгерлик мамилебиз жок, анын баардыгын билип түшүнгөнүңүздөргө ыраазычылык. #ЖурналисттердинМайрамы #Барболгула Наличие особенных чувств у политиков по отношению к журналистам - общеизвестный факт. Желая задобрить, властьимущие готовят фуршеты, грамоты и подарки. А разозлившись, спорят и ссорятся. Избегая ваших острых вопросов, перестают отвечать на звонки. Сильно обидевшись, доводят дело до судебных разбирательств. В общем, нет среди нас безразличных, и за понимание этого особая вам благодарность. #ПраздникСМИ #ЖурналистыКыргызстан #ВсехБлаг P.S. За 4 года в парламенте собралось не очень то и много фотографий с представителями сферы СМИ - делюсь.
3065   27
17.09.2019 Kiev
Мекенибиздин чек арасында ызы-чуу болуп жаткан убакытта алыста жүрсөң өзгөчө капа болот экенсиң. Чет өлкөдөгү форумда отуруп алып, биздин ак үйдөгүлөрдү вотсап менен жүдөтүп жибердим окшойт. Соцтармактарда тажиктердин арасындагы комментарийлерди карасам, аларда кыргыздар тажик жерлерин басып алышты деген тескери маалымат кеңири тараптыр. Тажиктердин өз бийлигине унчукпайт деп ачуусу келип, мекенди коргойлу, кыргыздардан куткаралы деген ураандар тарап жатат. Аны окуп алып, ортодо эки элди уруштурган чек ара маселеси ачык согушка жеткирбесин деп тиленип отурган кезим... Баткенге барып, өз көзү менен көрүп келген коллегаларым да маалыматты Жогорку Кеңештен беришет. Атамды атып кетишип, жоготконума 14 жыл болду, ошондуктан бир да кызыбыз атасын тынч убакытта көмбөсүн дегендерге тилектешмин. Курч мүнөздүү элимди түшүнсөм да, чек аранын үстүндө сүйлөшүүлөрдү улантуу керек дегенге кошуламын- бирок, жергиликтүү элди да аралаштырып, маалыматты чек арадагыларга толук таркатуу керектигин парламенттен айтамын. Сүрөт бугун Украинанын Киев шаарындагы коррупцияга каршы күрөштү талкуулап, эл аралык конференциядан ой-пикирлер менен алмаштык. Украинадагы саясат менен экономикасындагы окуялары биздикине абдан окшош экен. Мамлекет, парламент тарабынан коррупцияга каршы жасалган кадамдардын эң негизгиси - электрондук ачык форматка өтүүдөгү кадамдар тууралуу айттым. Бирок, керектүү мыйзамдар кабыл алынганы менен, кагазда баардыгы жакшы көрүнүп, чыныгы турмушта болсо көмүскөй экономика, жумушсуздук азайбай келе жатканын докладымда ачык белгилеп кеттим. Жакында шайланган мамлекет башчысы- президент Владимир Зеленскийге эл арасында талаптар жогору болуп, коррупция менен күрөшөт деген ишеним чоң. Бизге окшоп революцияны башынан өткөргөн калк, мамлекеттин аркасы менен байыгандарды бийликтен кетиребиз деп, парламенттик шайлоонун натыйжаларын сындап жаткан кези. Кыргызстан дагы 2020-жылы парламенттик шайлоодо саясатка жаңы муундардын келишин эңсеп, экономикадагы өзгөрүүлөрдү чыдамсыздык менен күткөндүгүн да сүйлөшкөнү үлгүрдүм. #БарБолгула
Загрузка...
2906  
23.10.2019
Мамлекеттик жоопкерчиликтүү кызматтагыларга биздин кыргыз, расмий орус тилдер менен чектелбестен, дүйнө жүзүндөгү универсалдуу англис тилин да билүү керек деп эсептеймин. 1. Сыртка чыкканда котормочуга кетирген каражат (жол кире, жайгаштыруу) үнөмдөлмөк. 2. Барган мамлекеттерде кызмат кылган элчиребизди мамлекеттик кызматтагылар аркасынан жүдөтүп ээрчиткендикти туура көрбөймүн. Бул жолу эл аралык форумга Куала-Лумпурга чакырылып, аэропорттон мейманканага жетип, дебаттарда темаларды англис тилинде талкуулап жатканда, кошуна мамлекеттин депутаты менен сүйлөшүп калдык. Эмнеге элчилер тосуп алып, сиздин жаныңызда отурбай, жалгызсыз десе, менин муктаж эмесмин деген жообума таң калып отуруп калышты окшойт. Сиздердин элчилигиңер биздикинен саны да, бюджети менен айрымаланат, бизде чыгашаны, каражатты үнөмдөө саясат деп тамашалап койдум. Жаш депутаттардын көбү англисче билет, жалпы мамлекеттик кызматта көп тилди билгендердин саны көбөйсүн дегенге тилектешмин. #Барболгула P.S. Командировкам толугу менен чакырылган тараптын (AFPPD, APDA, Japan Government, UNFPA, IPPPF) эсебинен, мамлекеттен каржалынбайт деп эскерткен жерим.
2718  
07.12.2019 Жогорку Кенеш Кр
В Екатеринбурге сотрудник ППС при задержании застрелил кыргызстанца. По данным российских СМИ, инцидент произошел в 6 утра 24 ноября. Сотрудники патрульно-постовой службы (ППС) задержали Качкына по подозрению в хранении наркотиков. Когда правоохранители попытались отвести его на освидетельствование, он попытался сбежать. http://www.turmush.kg/ru/news:1583732 Качкынбек Тажиев- Екатеринбургда иштеп, оокатын кылып жылып миңдеген жарандарыбыздын бири эле. Ушул жигиттин өлүмүнө ата-энеси бекер шекетенишкен жок деп ойлоймун. Буга чейин, 27.11.2019 комитеттин отурумунда, кыргыздандыктар ЕАЭСтин орустар койгон 100000 рубль лимитинен кыйналып, акчаларын чогултуп биздин жарандар аркылуу Бишкекке жөнөтүү аракеттери жөнүндө айттым эле. Качкынбек ошондой “курьерлердин” бири болуп калса, кылмышкерлердин колунан өлтүрүлдү деген маалымат текшерилиш керек. Бул жерден болсо маркумду жаман аттуу кылып, бангизат менен кармалды дегендиги абдан туура эмес. Биздин ал жердеги элчилигибиз, Екатеринбургдагы консулдарыбыз маалыматты тактап, текшерип, кылмыш иши менен таанышып, ата-энесине жооп беришсин.