Эльвира Сурабалдиева
@elvirasurab
Эльвира Сурабалдиева

Подписчики: 78488
Посты: 204
Подписки: 78
#Эл өкүлү, Жогорку Кенеш #Депутат Парламента Кыргызской Республики #MP Kyrgyzstan
https://t.me/elvirasur


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1701   59
12.03.2020
Атаң өлсө да, тааныгандары көп жашасын. Фейсбукка Ак-Босого конуштун тургуну Алмаз мырза жазып, бүгүн шаардын мэриясынын өкүлдөрүн чакырдык эле, көйгөйлөрүбүздү талкууда кошо катышып бериңизчи деп кайрылды эле. 2005-жылы маркум атам Жыргалбек Сурабалдиев Түндүк округуна кирген Ак-Босогодон агитациясын баштап, депутат болуп шайланган күндүн эртеси эле эл астына келип батаңарды алам десе, ишенбей койгондору. Азыркыга чейин эсимде, шайлоо күнү бүтүп, атам утуп, эртеси күнү таң атпай “сөз бергем” деп элине кеткен... Ушул Ак-Босого 15-жыл мурда кичине конуш, эми көпчүлүктүн жашаган жерине айланыптыр. Сессиядан суранып, жолугушуусуна барып калдым. Мэриядан архитектурада, транспорт бөлүмдөрүнөн, шаардык кеңештин депутаты менен биргелешип маселелепди талкууладык. Буга чейин 2 км жолдун асфальтын мэрия, акимиат бюджетте пландаштырып коюптур, буюрса чечилет. Жолдун начарлап кеткенинен, буга чейин каттап, кийин токтотулган маршрут айдоочуларынын суроолору да көзөмөлгө алынды. Атаңыздын көпүрөсү азыркыга чейин колдонууда десе, маркум атамдын эмгегин эстеп жүргөндөрүнө ыраазы болуп, апама атабыздын мээнети текке кетпептир деп айтып жеткирдим. Апакем жылмайып, арбагында ыраазы болсун деп сүйүнүп калган жери.. Сүрөттөгү жүрөгү ачык, бат ачууланып, бирок бат жазылып кеткен жаранларыбыз, деги жалпы элибиз- #барболгула! 😘 P.S. Таланттар элден чыгат эмеспи. Тынчтык мырза, байладыңыз ай!) Ак-босого отуз жылда онолбоду эч жери Алмашылды канча башчы, аким менен мэрлери Элим кандай эмне менен алек деп, Элмирадай депутаттар бироо басып келбеди Жолдор болбой маршурт бизге каттабай Жол деп кундо окмот менен мэрияга каттамай Кайра кайра жаза берип каттарды Болду чондор биздин катты жаттамай Башка жаны кечээ тушкон эле конуштар Асфальт кылып кочолорун коюшкан Эмне бизге салган жоксун деп барсан Акчабыз жок билбейм кылып коюшкан Конуп калган жуз жетимиш алтынчы Мурдагыдай кайра журуп калсынчы Асфальт кылып кочобузду тезирээк Аким мэрлер жолубузду салсынчы Ойлонуп коздон жаш тамды Ой, кое турчу башканды Жок дегенде шагыл тогуп бергиле Тажадык биз балчык менен басканды (Ак-Босого. Тынчтыкбек Мырзакулов)
1590   62
08.12.2019
Иштеген аялдар да, эркектер да, алардын арасында жаштарыбыздын жумуш ордундагы асылуулар, опузалоо, куугунтук жана кемсинтүү учурларын талкууга алдык. Эмгек профсоюздарды колдогон Solidarity Center демилгеси менен өткөрүлгөн конференцияда ар кандай тараптар чакырылгандыгы үчүн, иштеген жаштарды коргоо уюмунун көмөктөшкөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык. Кечээ атайы презентацияда, жаштарыбыздын жумуш ордунда кездешкен орой мамиледен баштап, “испытательный срок” (текшерүү мөөнөтү) деген шылтоо менен иштеген акысын жумуш берүүчүлөр төлөбөй койгон учурлар да талкууга алынды. Сексуалдык асылуулардын саны абдан көп экендигин билсем да, студенттердин, жаш кыздарыбыздын үн чыгарып, өздөрүн коргой албаган учурларды угуп, сексуалдык асылууларды азайтууга багытталган мыйзамдын зарылчылыгын катышкан тараптардын баардыгы белгилеп кетишти. Таксиге отурган кыздар, мамлекеттик жана жеке ишканаларда иштеген кыз-келиндердин калоолоруна каршы экендигин билсе да, токтобогон коллега/жетекчилерди тарбиялоо келек. Изилдөөлөрдүн натыйжалары өкүнүчтүү- ар бир бешинчи студент, ар бир үчүнчү иштеген аялдардын көңүлдөрүн ооруткан окуялар, тууган-жолдошторуна “эл эмне дейт/жаман сөзгө жыгыламын” айтпаган учурлар. Жумуш ордунда официант кызыбыз да, жаш адис жигитибиз да, жалгыз бой энелер да, үй-бүлөлүү жарандарыбызды мамлекет тарабынан коргоо бар экендигин сезип, тынч иштеш керек. #Барболгула
1504   57
23.02.2020
❤️💚 Ар бир кыз/балабыздын аркасында мекенибизди коргоого ар дайым даяр болгондор бар болсун! #БиздинМамлекет #Патриоттордунсаныкемибесин "- Ата, сиз аскерге барганда, союз убагында «дедовщина» деген бар беле? - Ооба. Жаңы келгендерди эскилер ошентип "тарбиялашчу". Мен аскерге Владивостокко чакырылып калганмын. Жаш болсо да, эркектин мүнөзү ошол жерден билинет. Аркаңда эч ким жок болсо, өзүңө өзүң кана ишенип каласың - тарбиялоо боюнча аскердин күчү зор. Бир жолу тайлар менен мушташып жатып, алар жеңил кутулуп, жалгыз мени күнөөлөп, 1 суткага жабылып калдым. Ичим ачышкандыктан, чыккан күнү эле өчүмдү алам деп, бирөөсүн эртең мененки тизилүүдө сабап, кайрадан 3 суткага жабылып калдым. Анда да токтобой, аягында "бул көк бет кыргызды жөн эле койгула" деп, тийишпей калышкан. Кыргыздардан жалгыз болуп, 1 казак, 2 чечен жигиттер менен бирге достошуп алып, кийинчирээк мусулмандар биригип калдык…» (ФБ 2015). P.S. Союзду сагынып, аябай мактагандарды укканда, атамдын айылдан келип, баштан өткөн аңгемелерин эске салып каламын... Маркум атам Жыргалбек Сурабалдиевдин аскердеги сүрөтү.
1179   79
25.03.2020
Урматтуу туугандар! Маршрут баракчасын принтерден басып чыгарбай эле, калемсап менен маалыматты кагазга түшүрсөңүздөр болот. Азыркы кырдаалда принтер жок болсо, кол менен толтурулган кагаздар деле кабыл алынат. Эң негизгиси - маалымат так, даана түшүнүктүү жазылсын. Коммендант #Штаб Уважаемые граждане! Этот маршрутный лист может быть заполнен и от руки - ручкой, карандашом, фломастером. То есть распечатывать текст на принтере не обязательно! Правоохранительные органы с пониманием относятся к тому, что не у всех граждан есть доступ к принтерам. Бумага может быть любого качества, главное чтобы было понятно - фио, дата, куда, когда зачем и тд как в тексте. #Штаб #Коммендант Дата ФИО Тел номер Причины выхода из дома Время выхода Время (ориентировочное) возвращения домой Адрес проживания Место направления/назначения- куда идем
Загрузка...
604  
23.10.2019
Кыргызстанда ар бир жараныбыз мамлекет жактан каржыланган, акысыз юридикалык жардамга укуктуу экенин билдиңиз беле? Төмөндөгү ар бир облустагы юридикалык офистердин телефондорун жазып алып, тааныгандарга таратып коюңуз. В рамках повышения правовой культуры населения был принят Закон КР "О гарантированной государством юридической помощи", вступивший в силу в 2016 году, согласно которому каждый гражданин Кыргызстана имеет право на бесплатное получение услуг юристов и консультантов в центрах по оказанию бесплатной консультационно-правовой помощи населению. Своей целью они ставят повышение юридической грамотности в обществе, когда граждане настроены решать свои проблемы в правовом поле и законными методами. Достаточно обратиться к юристам по следующим номерам и проконсультироваться, причем совершенно бесплатно: Бишкек: 0556 14 11 45 Чуйская область: 0552 68 28 45 Иссык-Кульская область: 0553 04 04 86 Нарынская область: 0703 02 62 00 Таласская область: 0557 29 10 06 Джалал-Абадская область: 0550 38 32 52 Ошская область: 0557 92 92 57 Баткенская область: 0550 46 15 36