Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3974   107
26.03.2020
"Мысли - материальны" деп көп угам. Эмнени көп ойлосок, бизден көзгө көрүнбөгөн энергия бөлүнүп чыгат экен дагы, кайра ошол реальность болуп кайтып келет экен. Ишенесизби? Мен ишенем. Ошого, азыр бир гана жакшы ойлорду ойлоп, жакшы ниеттерди кылып, Жараткандан "Бул илдет тезирээк жок болсо экен. Чалдыккандар эртерээк жакшы болуп кетсин..." деп суранып, дуба кылып туралы. Биздин колдон бүгүнкү күндө ошол гана келип турат. Эң башкысы үйдөн чыкпай, бул нерсеге олуттуу карап, эрежелерди так сактап туралы ☝️🙏 Буюрса, жакынкы күндөрү жакшы кабарларды угуп калууну насип этсин 🙏 ________________________________________ Мен жактырган фильмдердин тизмеси менен бөлүшүп өтөйүн : 1. "Секрет" документалдуу фильм (кино эмес☝️). Дүйнөдөгү окумуштуулар биздин оюбуз өзүбүздүн жашообузга кандай түз таасир бере алышын тастыктап, чагылдырышкан. 2. Эгер мелодраманы жакшы Көрсөңүз, анан көптөп бери ыйлагыңыз келип бирок ыйлай албай жүрсөңүз анда "P.S. Я люблю тебя" деген кинону сунуштайм. Айрыкча күйөөсү бар айымдар, сиздер көрүшүңүздөр керек деп ойлойм 😉 3. Эгер сиз 14-24 жаштагы кыз болсоңуз, анан өзүңүздү "мен эч качан сулуу, назик кыз боло албасам керек 😁"деп ойлонсоңуз, анда "Как стать принцессой" деген кинону Көрсөңүз өлө жакса керек деп ойлойм. 😁 Мен ушул кинону окуучу кезимде көргөн элем. "Значит чоңойгондо сулуу эле болуп калат окшойм " деген үмүт пайда болгон эле да 😁🤪 Ошоо, азырынча ошол эле жаңылык. Дагы сүйлөшөбүз да анда ээ☺️ (Жаман эшикти, элдер менен аралашып бака-шака болуп жүргөндү сагындым бирок ☺️) Сиздерде эмне жаңылык анан?😊
4528   106
25.12.2019
Кыздар, бүгүн менин чын дилимден бөлүшүп өткүм келип калыптыр.☺️😊Бир жакка бараарда сонун кийинип, сонун жасанып алсаң кечке өзүңдү сонун сезип кудуңдап сүйүнүп жүрө бересиң го☺️ Сиздерде да ошондойбу? "Жакында жакшылык же корпоратив кимге барып макияж жасатсам экен, кимге чач жасатсам" деп баш катып жатса, мени угуңуздар : Эгер Бишкекте жашасаңыз анда @meerim.nurdinova ушул кызга макияжга барыңыздар. Кичине көздөрдү чоңойтуп, алыстарды жакындатып, өтө чоң көздөрдү нормалдаштырып, иши кылса соонун кылып боёнтуп коёт. 😇🤗 Андан чыгып @erlan_mamajanov га барасыздар. Макияж бар кызга чач жасаганды жакшы көрөт Эрлан, илхому жакшы келет да😊 Анан ал сизден "кандай көйнөк киесиз?" деп сурайт. Тартынбай эле айта бериңиздер. Анткени ошого карап, фантазиясын ойготуп, "мага ишенип коё бериңиз" деп туруп сонун кылып жасап коёт. Ошентип өзүңүздү сооонун сезип жакшылыкка барып "довольная" келип, Бетти жуугунуз келбей, чачты жазгыңыз келбей атып зорго бузуп анан уктап каласыз 😃😝🤗 Төкпөй чачпай айтып бердим ээ😄🤗Жакшы көрөм да сиздерди 🤗 Ииий унутуп калыпмын, ошентип жасагандан кийин сөзсүз @ph.turkmenov сүрөткө түшүп коюңуздар, эстеликке калат да 🤗 Рахмат @ph.turkmenov сүрөттөр үчүн 🤗
3550   106
26.03.2020
Апам айтат бир күнү : "Ушул Шергазы журналисттикке жакшы киришпей жүрөт да. Теле-жылдыз боло турган жөнү бар. Чыгынып Бишкекке көчүп барып, КТРге ишке кирип, номер 1 диктор болуш керек эле" деп кыжаалат 😁😇🤗(Сүрөттөрдү оңго жылдырсаңыздар диктор болуп сүйлөп жаткан видеосун жүктөп койдум. Апамдын сар-санаасы канчалык экенин байкап көрсөңүздөр...) Анан менден улуу эжем бар Гульбарчын деген, Жалал-Абадда. Ал дагы Шергазынын күйөрманы "Канча тойго барам Шергазы алып барган. Баары сонун өтөт. Еще элпек, жөнөкөй бала. Элдин көңүлүнө карап алып барат." деп мактай берет. Ошентип биздин үйдө @shergazy_turdukulov дун 3 күйөрманы бар. Үчүнчүсү өзүм 😁🤗 Мамилеси, жөнөкөйлүгү, жумушуна берилип аткаргандыгы жагат. Анан адамдын аурасы болот го, Шергазы ошол аурасы менен эле маанайды көтөрүп коёт да 🤗 Мен биринчи YouTube дан "Кофе-Тайм" деген программанын алып баруучусу деп тааныгам. Кыскасы, мыкты иним бар деп эстеп, кубанып коюп эле жүрөм.☺️😊 @shergazy_turdukulov Шера, туулган күн кут болсун🤝 Өнүгүп өсө бер✊ Өзүңдөй жайдары келиндүү кыл бизди, кудай буйруп🤗🙏 Кенен келечек, Чооң ийгиликтерди каалайм сага 🤗 _________________________________________ Ушул куттуктоону окугандардын арасынан Шергазыны жакшы тааныгандар же сырттан тааныгандар болсо, сиздер да куттуктап өтсөңүздөр болот. Тааныш эместер деле жылуу сөз арнап жазып койсоңуздар деле болот.🤗 Анткени, жылуу сөздөргө татыктуу бала, отвечаю😉☺️
Загрузка...
5476   103
04.12.2019
Кичинемде жаңы жыл жакындаган сайын башкача кубанчу элем...🎄🎄🎄 Азыр деле ошол кубануу бар. Бирок, жыл өткөн сайын бир аз "тревога" коштогон кубануу болуп кете берет окшойт...🤔 "Жашоомдун дагы бир жылы өтүп баратат...Бул жылы эмне кылганга жетиштим... Кайсы пландар калып кетти?..." деген сыяктуу ойлор... Кантсе да жылдан жылга Аманчылыкта, жакындарыбыз менен жеткирсин 🙏 _________________________________________ @ktrkmuzyka добуш берүүнүн бүгүн акыркы күнү😑 Биз эки номинациядан тең үчүнчү орунга түшүп кеттик 😔 Катыша электер менин сторисимден көрүп добушовать этип койсоңуздар жакшы болмок.(Албетте татыктуу деп эсептесеңиздер). Подписчиги көптөр ашып баратышат болбосо 😌☺️ Ал эми добуш берип скриншотту личкама жөнөтүп колдоп жаткан достор, көрүп окуп жатам, бирок жооп бергенге жетишпей жатам. Ар бириңиздерге чоң рахмат 🙏😘 Жакшы көрөм Баарыңыздарды 🙏