Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
15960   269
30.12.2019 Gul'Cha, Osh, Kyrgyzstan
Ушундай ачык асман алдында, тоо койнунда ырдаган башкача жагат да 😇💃 Өзүм айылда төрөлүп, өскөн үчүнбү, билбейм, өзүмдү аябай эркин сезип, жыргап ырдайм 😇☺️ Бүгүн Алай жергесинде тургундарды ЖК нын депутаты Улан Примовдун чакыруусу боюнча барып, куттуктап, ырдап, бийлеп кайтып келатабыз. Карапайым калктан айланып эле кетем🤗🙏 Жыыыргап кошо бийлешип, ырдап, кыскасы сонун болду 😇🤗 Бар болуңуздар! Кирип келе жаткан Жаңы жылыныздар менен!!! ______________________________________ Таң атпай туруп келип мени сулуулаган @zerkalo_kuzgu.kg Кумара эжеме, жана чачымды укладка кылып берген @rasul.hairstylistt рахмееет🤗😘 Кайра кечки "Браво 2019" жыл жыйынтыгына алып баруучулукка образ жаратуу үчүн кайра @zerkalo_kuzgu.kg барам азыр. Алай - Ош жолунда баратып жазып жатам 😇 Бүгүн дагы кызыктар болот, буюрса. Лента, сториске көз салып турунуздар🤗 (Ушинтип шашылыш кезде да Пост жазып жатып "сиздер үчүн эле жашап бараткандай эмесминби" деп ойлоп кетем 😅😝) Жакшы көрөм просто, ошол эле 😇🤗😘
13540  
01.02.2020
Баарыбыз узак өмүр сүргүбүз келет...😥 Келиңиздер, жардам колун суналы 🙏🙏🙏 Алыста болсоңуз элсомго акча которсонуз болот. Бишкекте болсоңуз 28-февраль Спорт Ордосунда көрүшөбүз🙏🙏🙏 --------------------------------- @ai_janybekovva Буюрса, баары жакшы болот! Ишен! Келечегиң алдыда 🙏 Жараткандан шыпаа тилейбиз!____________________________________ Урматтуу кайрымдуу кыргыз элим соопчулук учун колубуздан келген жардамыныздарды бериниздер,Теле алып баруучу Айдана Жаныбекованын эки бойрогу иштебей калгандыктан,бөйрөгүн алмаштыруу үчүн чоң суммадагы каражатка муктаж. Кайрымдуу элибизди .... 28-февраль спорт ордосунда, Айдана Жаныбекованын өмүрүн сактап калуу үчүн кыргыз эстрада жылдыздары катышкан кайрымдуулук чоң программадагы концертке чакырабыз. Билет баасы 300сом Болгону билет алып соопчулук кылып Кайрымдуу болуп кетиниздер конул ачып биз сиздерди кутобуз, Умутубуз сиздерде🙏🏻😘 Билеттерди 0705566096 номерден алсанар болот @ai_janybekovva
Загрузка...
11259   1071
08.05.2020
500 000 болушубуз менееен 💃💃💃 Неме да, эми беш жүз миң деген миллион эмес деңизчи, катуу майрамдайлы десемчи 🙈 Бирок , мен үчүн чоң кубаныч, чоң жоопкерчилик жана ийгилик 😇 Анткени мен аттанган жолдо мени жылуу сөздөр менен кубаттап, алдыга сүрөп, адашсам кемчилигимди айтып турган, жарым миллион угармандарым бар🤗 Мен үчүн кубана турган жагдай!😇🤗😘 Ар бириңиздерге рахмат! Буюрса, сиздер менен бирге жакшы күндөр алдыда күтүп турган болсун🤗🙏 Элибиз , жерибиз тынч болсун! Баарыбызды жаркын келечек күтүп турган болсун!🙏🙏🙏 ................................................................... Эми чакан сурамжылоого уруксат берсеңиздер: 1. Мага катталганыңызга канча убакыт болду? 2. Жана себеби : ● постторумду окуу жагып катталсаңыз ушул смайликти 📖📖📖 ● сүрөт , видеолор жаккан үчүн болсо 📽📽📽📸📸📸 ушул смайликтерди ● мен аткарган ырлар , чыгармачылыгыма көз салып туруу үчүн катталган болсоңуз 🎤🎤🎤🎵🎵🎵 ушул смайликтерди калтырып койсоңуздар сонун болмок 🤗 Ошого саресеп салып , инстаграм баракчамды ошол талаптарга ылайыктуу алып барганга аракет көрөм 🤗😇🤗 Баарыңыздардан жооп күтөм 🤗 А эгер жөн эле сөз менен жооп жазгыңыз келсе андан жакшы 😇 Ар бир пикирди окуп жооп калтырганга очень аракет кылам 😇📝 °°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°° Фото : @photographer.osh Макияж: @zerkalo_kuzgu.kg Прическа: @rasull_abdurashitov Платье: @ai.shabdanova
10968  
23.11.2019
Бир топ жыл мурун Москвага поезд менен жолго чыкмай болуп калдым. Ал кезде Аку абжем (сүрөттөгү) Магнитогорскто иштеп жүрчү. Телефондон чалып "Жылуу кийимдериңди ал. Жолдо жеп келгенге жумуртка, картошка сууга бышырып, анан колбаса алып ал. Анан таблеточный сахар болот, көп орун ээлебейт, бир эле таблетка салсаң чайың ширин болуп калат ошондой ал. Поезддин ичине кийгенге тапочка ал..." деп бир кыйла нерселерди айтып жатты... Азыр болсо Ошко келдим десем эле тынчтык жок.😅 "Гульназ, ойгондуңбу? Эмне кылып жатасың, курсагын ач жатасың э? Биздикине кел, тамактанып кет... Гульназ, каяктасын, эмне тамак жегиң келип жатат, жасап турайын... Үшүбөй элесинби? Формаларыңды алып кел, тазалап, утуктоп берейин ..." Айтор күндө ушундай чалуулар 😅🤗 Мага кандай повезло... Ушундай ар дайым кам көргөн абжем бар деп сүйүнөм 😇😇😇 Ушундай инсанды биздин бир туугандык көчтүн башы кылып насип кылган Жаратканга анан атам менен апама чоооң рахмат 😇😇😇🙏🙏🙏 Рахмат абжооу, бар экениңизге 😇🤗 Жездем менен биргеликте Салман, Сумая, Салих, Саиданын урмат сыйын көрүүнү насип этсин! Туулган күнүңүз менен!!!😘😘😘 _________________________________________ Бүгүн Кадамжайга жакшылыкка барабыз. Кайткыча кеч болуп кетет деп @tort_aruuke_osh_ баракчасына буюртма берип ушундай кооз торт менен куттуктап өттүм. @tort_aruuke_osh_ чоң рахмат. Кооз жана атайын жасалган торт үчүн. @tort_aruuke_osh_ 🙏🤗