Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
8805   1600
30.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Суйунчу!!!😇😥🥰 Жашоомдогу суйунучтуу кабарым менен болушо турган кун келгенине толкунданып турам!😇🥰 Бул кунго канча убакыт, аракет, мээнет, эмгек жумшадым, канча тиленип, канча куттум...😥 Бишкектен батирлуу болдуууум😇😇😇😥😥😥🥰🥰🥰 Кимдир бироо учун болгону бир квартира болушу мумкун... Бирок, мен учун асман тиреген особняк болбосо да ак мээнетим менен жылдап чогултуп, жеткен жашоомдогу чон жетишкендигим 😇🙏🏻 Мындан бир топ жыл мурун бироо мага: «Бишкектен квартира сатып аласын» десе ишенбесем керек эле🤭 Андан бери канча суулар акты, жашоо канча ийледи, калчады, канча бурулуштарга бурду... Журналист болуп иштедим... Чет жакта официант да болдум... Сатуучу , кийинчерээк соодагер да болуп кордум... Кудайым ушул учурга жазып , насип кылган экен... Кубанычымда чек жок, толкунданып дагы, кубанып дагы, ыйлагым келип дагы турам...😌😌😌 Ушул кубанычымды сиздер менен болушпогондо ким менен болушом😇🤗🥰 Баарыбыздын тилегибизди берсин!🤲 Жакындарыбыздын жанында , корголой турган баш паанегибизде , амандыктын доорун суруп журо берууну насип кылган болсун!!!🙏🏻🙏🏻🙏🏻
11259   1071
08.05.2020
500 000 болушубуз менееен 💃💃💃 Неме да, эми беш жүз миң деген миллион эмес деңизчи, катуу майрамдайлы десемчи 🙈 Бирок , мен үчүн чоң кубаныч, чоң жоопкерчилик жана ийгилик 😇 Анткени мен аттанган жолдо мени жылуу сөздөр менен кубаттап, алдыга сүрөп, адашсам кемчилигимди айтып турган, жарым миллион угармандарым бар🤗 Мен үчүн кубана турган жагдай!😇🤗😘 Ар бириңиздерге рахмат! Буюрса, сиздер менен бирге жакшы күндөр алдыда күтүп турган болсун🤗🙏 Элибиз , жерибиз тынч болсун! Баарыбызды жаркын келечек күтүп турган болсун!🙏🙏🙏 ................................................................... Эми чакан сурамжылоого уруксат берсеңиздер: 1. Мага катталганыңызга канча убакыт болду? 2. Жана себеби : ● постторумду окуу жагып катталсаңыз ушул смайликти 📖📖📖 ● сүрөт , видеолор жаккан үчүн болсо 📽📽📽📸📸📸 ушул смайликтерди ● мен аткарган ырлар , чыгармачылыгыма көз салып туруу үчүн катталган болсоңуз 🎤🎤🎤🎵🎵🎵 ушул смайликтерди калтырып койсоңуздар сонун болмок 🤗 Ошого саресеп салып , инстаграм баракчамды ошол талаптарга ылайыктуу алып барганга аракет көрөм 🤗😇🤗 Баарыңыздардан жооп күтөм 🤗 А эгер жөн эле сөз менен жооп жазгыңыз келсе андан жакшы 😇 Ар бир пикирди окуп жооп калтырганга очень аракет кылам 😇📝 °°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°° Фото : @photographer.osh Макияж: @zerkalo_kuzgu.kg Прическа: @rasull_abdurashitov Платье: @ai.shabdanova
Загрузка...
10614   532
26.02.2020
Жакында эле бир аты чыккан ырчы менен инстаграм жөнүндө баарлашып калдык... Сурайт: "Катталуучулардын санын кантип көбөйтүп жатасың? Гивдерге катышыппы?" дейт 🤔 "Жоок, катыша элекмин. Атайлап деле чара колдонгон жокмун. Болгону чын дилимден жан дүйнөмдөгү сөздөр, окуялар менен айтып, жазып бөлүшүп турам. Баарлашам. Кимге кызык болсо катталып жатышса керек..." - деп жооп бердим. Анда ал: "Андай болсо лайктарыңдын саны ар бир сүрөттө жок эле дегенде 10 миңден ашып туруш керек болчу" дейт 🤔 Мен: "Ааа биздикилер лайкка деле анча көңүл бурбайт окшойбуз. Эң башкысы кеңеш сураганда айтып, жакшы саамалык менен бөлүшкөндө жакшы сөздөр менен алкашып турабыз. Ошондон дем, күч алып турам." дедим. "Мммм😌" деп эле калды. Анын сыңарындай, мен го сиздердин бар экениңиздер жана мени менен экениңиздерге эле ыраазымын😇🤗 Бирок, лайктарыман, комментарийлеримден бери карап, көз салып тургандар бар экен, ошого тиги бурчтагы жүрөкчөнү деле баса жүргөнгө бара-бара көнүп деле калсак керекпи дееееп ойлоп койдум эле, өзүмчөөө отурупчу...🤔☺️😊 (эл көзүнө дейм да) 😌☺️ Баарыңыздарды лав ю го, а так 😇🤗💐 Бейпил түн каалайм 🧚‍♂️🧚‍♂️🧚‍♂️
7008   467
25.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Йэээээ достоооор😱😱😱 Мен жумуштар менен алек болуп журуп «Сагынарсын Дагы»нын Ютубга жазылган комменттерин бугун эээми окуп чыктым🤭🤭🤭 Тимеле «Третья Мировая Война» болуп кетиптир гооо🙊🙊🙊 ⠀ Бул эмне деген шумдук??? ⠀ Клиптин режиссеру эмне десе баарын кылганга аракет кылдым. Техника, образдар, кийим, актерлор, бийчи кыздар даже аксессуарларга чейин детально иштеп чыктык. ⠀ Чынын айтайын, чыгармачылыгымдагы эн коп каражат кеткен клибим болду. Бардык чыгымды болжолдуу эсептегенде💵💵💵 $5000 га чамалап барды. Буга чейинки клиптеримден айырмалансын, алдыга карай осойун деп болгон кучту жумшадык. ⠀ Анан бугун карасам элееее ызы-чуу го🙊🙊🙊 Эки тарап болуп уруш го Ютубдагы комменттерде🤭 Бир тарап «Дуйнону багындырып жаткан бир ырчы топтун клипине 1-2 кадр окшош экен» деп ызы чуу салышыптыр🤭 Экинчи тарап «Каяктагы тааныбаган эле чет олколук топ учун фанат болбой, озгоруу жасаганга аракет кылган озубуздун ырчыларды колдобойсунарбы» деп мага болушуп жазышыптыр. ⠀ Наркы тарап ото агрессивдуу экен. Дизлайктарды коюшуп, тигилер учун жанын бергенге даяр сыяктуу го🙊 ⠀ Ал группаны мен да тааныйм, жана чыгармачылыгын сыйлайм! Ошондой Дуйнолук Шоу Бизнести багындырып жаткан Миллиарддаган акчага💵 тартылган клипке менин 5000 долларлык клипимди салыштырып жаткандарына бир чети сыймыктандым жана кубандым !!!🥰🥰🥰 ⠀ Бир чети «биз андай озгорууго даяр эмес окшойбуз. кыргызча эле образдарда даяр эле жерлерге барып клип тартып журо берсем окшойт» деп дагы капаланып кеттим😥 ⠀ Бул клип менден озгочо образдарды, озгочо стилди куткон корормандар жана угармандарым учун тартылды. Андыктан ооооткондо суйлошкондой колдоонуздарды сезгим келип жатат. Сториске ссылка коюп койдум. Youtube дан клипти коруп, лайк коюп👍, жакшы комментериниздерди жазып коюнуздарчы😌 Тигилер билишсин мени деле колдоочулар коп экенин🙈 Болбосо окуп алып бир сыйра депрессия болуп кетейин дебедимби 😟. ⠀ Ал эми ушунча мээнет кеткенин байкап, мен менен кошо кубанып, колдоп коштоп пикир жазып, видеолорду тартып, отметка кылып жаткандарга оооооло чооон рахмат айтам😘😘😘 Сиздер бар — Гульназ Чыныбек кызынын чыгармачылыгы бар жана осо берет, буюрса ✊🏻✊🏻✊🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻
7942   454
27.02.2020
Бул Пост болсо үйдө отурган айымдарга арналат ☝️ Анда кеп башынан болсун... Бир жума мурун үйгө келдим, айылга. Апам эс алганча лечение алып алсын деп Жалал-Абаддын курортуна жайгаштырдык. Апамын үйдөгү ролун мен аткарып турмай болдум. Учурда үйдө атам, апам, анан эки небереси болуп турушат да. Башында ойлодум : "Үйдө эмне кыйраткан деле жумуш жок го, жөн эле справлюсь" депчи. Эки күн катар кечинде той Ошто. Атаман неудобно болуп сурап, кайткыча шашам. Уктагыча барып калайын(төшөк салып берейин) деп. Жетишпей калам, келгиче уктап калышат. Андан кийин эки күн катар сьемка Ошто, дагы неудобно болуп сурап, айткан саатыма келе албай калып, үйгө жеткиче кыжаалатмын "Курсактары кантти экен. Атама дагы уят болдум, Үйдө деле болбойт экен деп жатса керек..." депчи. Анан эртеден кечке үйдө. Вроде бы иш деле жок. Бирок эрте менен бирөөсүн бала бакчага жөнөтүп, бирөөсүн мектепке жөнөтүп, үй жыйнамыш болуп, кир-пир жууп, обед кылып, идиш жууп, биртике мал карамыш болуп, кайра эле кечки тамакка урунуп, берип кайра идиш жууп....... Ой кыскасы, кыйратып кылган иштен деле дайын жок чарчап калгандай болом 🙊 Тообо... Ошого жөн эле айтып коёюн дедим эле : Үйдө отурган апакелер, бар болгула!!! Силерге ДАҢК!!! Көп жашагыла! Келе жаткан майрамыңар менен!!! Ал эми аялы үйдө отурган мырзалар: "Кечке үйдө отурасын, эмне кылдың?" дебей жүргүлө🙏 Үйгө келгенде "Канттиң, алтыным, жакшы отурдуңбу?" деп жылмайып кирип жүрүңүздөр ☺️😊 Ошооо, Апама жана жалпы үй кожойкелерине сүрөттөгүдөй башымды ийип коёюн дэээп келип калдым эле...☺️😊 Сүрөт үчүн @kudaiberdi_moidunov рахмат айтам 😘 Макияж : @zerkalo_kuzgu.kg Прическа: @rasull_abdurashitov