Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4978     88673
06.02.2020 Bishkek
Шеринеден чыгып тойго келдим. Эми элдин маанайы укмуш. "Бишкек- Чүйдө жок-жок" дегенге жетип жетпей эле баары бийге чыга башташты. Бул үчүн кубанып ырдап жаттым. Экинчи ырга келгенде орто толуп калган эле. "Келиңиздер, баарыбыз биргеликте Ламбада бийин бийлейли" деп ырдап баштадым. Коноктордун баары биримдик менен узуууууун, тегерек "паравозик" болуп бийлеп киришти. Менин да маанайым эл менен бирге жакынымдын тоюнда жүргөндөй жыргап ырдап да, бийлеп да жаттым... (Тилекке каршы ошол жерлери видеого тартылбай калыптыр. Ошол тойдогулардан окуп калсаңыздар, жөнөтүп койсоңуздар сонун болмок 😇) "Кандай керемет көрүнүш... Элибизди ушул жыргалчылык жашоосунан айырбасын... Асманыбыз ачык, жерибиз тынч --- ошол үчүн да элибиз ушинтип бийлеп жатат... Тынч заманды түбөлүк насип этсин элибизге... Калганын карапайым калк өздөрүн өздөрү эптеп, турмуш арабасын судуроп кете берет..." деген сыяктуу ойлор менен жуурулушуп ырдап жаттым... Негизи, мындай ойлор көп эле аралап турат. Кээде ойлоп коём "Өтө эле көп, терең ойлор менен өзүмдү каптап, жүдөтүп койбоймунбу?🤔" дейм... Бирок, дал ошол ойлор мага күч, энергия, маанай берип тураары өзүмө гана белгилүү... Түнүңүздөргө бейпилдик тилейм, жаркын замандаштарым...🌙🌙🌙 ___________________________________________ Көйнөк: @prokat_contento.kg
Загрузка...
13540  
01.02.2020
Баарыбыз узак өмүр сүргүбүз келет...😥 Келиңиздер, жардам колун суналы 🙏🙏🙏 Алыста болсоңуз элсомго акча которсонуз болот. Бишкекте болсоңуз 28-февраль Спорт Ордосунда көрүшөбүз🙏🙏🙏 --------------------------------- @ai_janybekovva Буюрса, баары жакшы болот! Ишен! Келечегиң алдыда 🙏 Жараткандан шыпаа тилейбиз!____________________________________ Урматтуу кайрымдуу кыргыз элим соопчулук учун колубуздан келген жардамыныздарды бериниздер,Теле алып баруучу Айдана Жаныбекованын эки бойрогу иштебей калгандыктан,бөйрөгүн алмаштыруу үчүн чоң суммадагы каражатка муктаж. Кайрымдуу элибизди .... 28-февраль спорт ордосунда, Айдана Жаныбекованын өмүрүн сактап калуу үчүн кыргыз эстрада жылдыздары катышкан кайрымдуулук чоң программадагы концертке чакырабыз. Билет баасы 300сом Болгону билет алып соопчулук кылып Кайрымдуу болуп кетиниздер конул ачып биз сиздерди кутобуз, Умутубуз сиздерде🙏🏻😘 Билеттерди 0705566096 номерден алсанар болот @ai_janybekovva