3974 107
26.03.2020
"Мысли - материальны" деп көп угам. Эмнени көп ойлосок, бизден көзгө көрүнбөгөн энергия бөлүнүп чыгат экен дагы, кайра ошол реальность болуп кайтып келет экен.
Ишенесизби?
Мен ишенем.
Ошого, азыр бир гана жакшы ойлорду ойлоп, жакшы ниеттерди кылып, Жараткандан "Бул илдет тезирээк жок болсо экен. Чалдыккандар эртерээк жакшы болуп кетсин..." деп суранып, дуба кылып туралы.
Биздин колдон бүгүнкү күндө ошол гана келип турат. Эң башкысы үйдөн чыкпай, бул нерсеге олуттуу карап, эрежелерди так сактап туралы ☝️🙏
Буюрса, жакынкы күндөрү жакшы кабарларды угуп калууну насип этсин 🙏
________________________________________
Мен жактырган фильмдердин тизмеси менен бөлүшүп өтөйүн :
1. "Секрет" документалдуу фильм (кино эмес☝️). Дүйнөдөгү окумуштуулар биздин оюбуз өзүбүздүн жашообузга кандай түз таасир бере алышын тастыктап, чагылдырышкан.
2. Эгер мелодраманы жакшы Көрсөңүз, анан көптөп бери ыйлагыңыз келип бирок ыйлай албай жүрсөңүз анда "P.S. Я люблю тебя" деген кинону сунуштайм. Айрыкча күйөөсү бар айымдар, сиздер көрүшүңүздөр керек деп ойлойм 😉
3. Эгер сиз 14-24 жаштагы кыз болсоңуз, анан өзүңүздү "мен эч качан сулуу, назик кыз боло албасам керек 😁"деп ойлонсоңуз, анда "Как стать принцессой" деген кинону Көрсөңүз өлө жакса керек деп ойлойм. 😁 Мен ушул кинону окуучу кезимде көргөн элем. "Значит чоңойгондо сулуу эле болуп калат окшойм " деген үмүт пайда болгон эле да 😁🤪 Ошоо, азырынча ошол эле жаңылык. Дагы сүйлөшөбүз да анда ээ☺️ (Жаман эшикти, элдер менен аралашып бака-шака болуп жүргөндү сагындым бирок ☺️)
Сиздерде эмне жаңылык анан?😊