Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2493   164   30371
03.04.2020
Бүгүн пиар кылуучу учур эмес!!! Жалпы адамзаттын башына түшкөн оор күндөн биргеликте чыгуу, ушул сыноону чогуу жеңүү күнү! Ооба, "оң колуңдун бергенин сол колуң билбесин" - деген кеп бар. Бирок, кырдаалга байланыштуу бул видеону мактануу эмес, мүмкүнчүлүгү бар боорукер замандаштарыбызды бизге кошулуп жардам берүүгө чакыруу үчүн чыгардык. Муну туура түшүнөсүздөр деп ойлойбуз. 🙏🙏🙏🙏 Билсеңиздер өнөр адамдары жалтырак көйнөк кийип, күлүп жүргөнү менен көпчүлүгүнүн капчыгында маңдай жылытарлык миллиондору деле жок. Ошентсе да, алыбыздын жетишинче уюштуруу жолу менен ырчы, тамада, журналист, блогер, айтор... маданият чөйрөсүндө жүргөн бир топ өнөр адамдары топ-топко бөлүнүп аракет кылып жатабыз. Кезинде биздин ата-бабаларыбыз да мындан оор, мындан кыйын күндөрдө акыркы жарты токочун, бир кокуч талканын тең бөлүшүп жеп, ынтымак, биримдик менен далай сыноолорду жеңген. Аны улап бүгүн да муктаждарга каралашып аткан шарты, мүмкүнчүлүгү бар баардык кыргызстандык замандаштарга таазим жана ырахмат. 🙏🏼🙏🏼🙏🏼 Кудай буюрса бул күндөр да өтөт. Ынтымак, биримдик, тартип жана тазалык менен аты жаман ооруну сөзсүз жеңебиз.✊✊✊ Пейилибиз тазарып, жүрөгүбүз агарсын. Бири-бирибизден жардам, жакшы сөз аябайлы. Жараткан ар бир пендесинин күнөөсүн кечирип, оору-сыркоосуз бейпил, бактылуу күндөрүбүздү кайрып берсин.🤲🤲🤲🤲🤲 Соңунда СИЗден суранарыбыз ☝️эгер шартыңыз бар болсо, биздин катарга кошулуңуз.🗣🗣🗣 Али дагы биздин колубуз жетпеген 2,3 күндөн бери оозуна наар албаган, бир чымчым уну, бир кесим наны жок жарандарыбыз арбын экен. Чалуулар өтө көп болуп жатат. Эгерде өз бала-чакаңызга жетээрлик оокат-ашыңыз болсо, анда СИЗдин андан да чоң жардамыңыз #ҮЙДӨН_ЧЫКПОО, #ҮЙДӨ_БОЛУУ, #ҮЙДӨ_ОЛТУРУУ, #ТАРТИПТИ_САКТОО, #ТАЗА_БОЛУУ!!! Баарыңыздарды терең урматтап, ӨЗГӨН ӨНӨРПОЗДОРУ! @ozgon_onorpozdoru_official
2393   80   28512
31.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Достооор😇😥😇 Дагы бир сүйүнүч менен бөлүшөйүнчү😇🙏 Азззыр эле, биринчи жолу өлкөбүздүн борбордук аянтында, башкы сахнада элибизди куттуктап @dayir_ismadiarov менен "Алма сунсам колуңа"(сөзү, обону Жаныбек Алыкулов) дуэтти ырдадык 😇😇😇 Менин дагы бир чоң кыялым бүгүн ишке ашты 🎄🙏 Мындан эки жыл мурун Эгемендүүлүк күнүндө көрүүчү катары келип "Кудайым буюрса, ушул чоң сахнада, ушунча көрүүчүнүн алдында, чоң майрамда куттуктап ырдоону насип этсин" деп ниет кылган элем. Бүгүн тилегим орундалды😇🙏 Бул жаңы жыл түндү унутпайм 😇🤗 Кирип келе жаткан 2020-жыл АР БИРИҢИЗДЕР үчүн алдыга койгон ниет, тилек, кыялдарыбыздын баары ишке ашкан СЫЙКЫРДУУ Жаңы Жылдардан болсун🙏🙏🙏 Баарыңыздарды чын ыкласым менен, жүрөгүм менен куттуктайм🎄🎄🎄 Жаңы жылыныздар менееееен🎄🎄🎄 _________________________________ Макияжым: @meri_tenizbek 😘 Прическам: @rrasulov_hairstylist 😘
Загрузка...
1585   49   25088
03.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Кумара эже 😇🤗 Сиздин кандай сонун адам экениңизди менчелик эч ким билбесе керек деп ойлой берем Өзүмчө 😄🤗 Экөөбүз азыркы кесиптерибизде эмес башка кесиптерди аркалап жүрүп таанышып калсак деле азыркыдай жакшы мамиледе болмокпуз, мен буга толук ишенем 😇🙏 Жакшы көрөм, сыйлайм, урматтайм... Кээде туруп күч-дем алам, кээде туруп эркелейм... Кээде учурлар болот, аябай кыжаалат болуп барам, ойлонуп, сиз болсо 5минутада көңүлдү жайгарып коёсуз😇🤗 Кандай эле жансыз өзү ыяаа???😅🤗😘 Туулган күнүңүз менен, Кумар эжем 😘 Жездем менен, балдарыныз менен бакубат, узак өмүр сүрүүнү насип этсин! 🙏 Жакшы эле көрөм, жакшы эле көрөм...🤗 (Неме 12ден бери архивди казып, видео тандап, музыка ыраа көрбөй аны да кайра кайра тандап атып жасаган экөөбүз жөнүндө чакан видео-баянды кабыл алып коюнуз 🤗😘) @zerkalo_kuzgu.kg @kumarasatarova_