Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6316   307   90555
16.12.2019
деп жүрбөңүздөр анан😄 Мен эле,өзүмдү Лопес сезип ырдап жаткандагы кербезим 😅😜🤗 Бирок, ушул Выступлением, образым өзүмө өтө жагып жүрдүм😋🥰🤪 Эми ушул сиздер көрүп турган видеодогу көрүнүш үчүн иштеген чоң командага ыраазычылык айтып өтөйүн, уруксат этсеңиздер 😇 🙏 🙏 🙏 Өтө эле сонун макияж үчүн, мени бирииинчи клиптеги, бирииинчи макияждан бери кызматташып келаткан @meerim.nurdinova деген мүнөзү четкий сулууга рахмат айтам. Мээрим, макияж өчүп калбасын деп түнү менен уктабай чыктым 😄 Түшүндүң да ээ, канчалык жакканын😀😇😘 🙏🙏🙏 Кийинки терең ыраазычылык @erlan_mamajanov красавчик иниме. Кандай маанилүү Выступление болбосун ар дайым жанымда. Эрлан, сен красавчиксин, сени жакшы көрөм, билесиң да. Сен жөнүндө жаңылыктарыңды кошуп өзүнчө Пост жазам го 🤗😘 🙏🙏🙏Ал эми кийип турган өзгөчө образдагы кийим болсо айтпасам деле билип калдыңыздар окшойт уже ээ? Ооба, ал албетте @arzubek_vonama Бул жигит мени эле эмес, кечээ сахнага чыккан ырчы айым, мырзалардын дээрлик 90%ын кийинтти. Арзуш, сенин фантазияң, идеяңдын такыр түгөнбөшүнө там берем🙊 Ващщще ле красавчиксин өзү 😎 🙏🙏🙏"Ушунча даярданып алыптыр эми кыймыл менен коштош керек, бий коюш керек" деген күчтүү, профессионал командасы менен мощный бийлеп коштогон @ermek_kerimbaev жана анын @ng_dance_community командасына да Чоооң рахмат айтам. Ребята, вы самые самые крутые 😎✊Спасибо, за постоянную поддержку. Ценю, уважаю✊🔥 Апей, орусча сүйлөп кирипмин го🙊 Просто балдар көбүнчө орусча сүйлөп калышат да, ошого түшүнбөй калышпасын дегеним да 😊😇🤗 Эхххх, Пост өтө узарып кетти ээ... Калган ыраазычылыктарды кийинки постто айтайын эми... Аягына чейин окуганыңызга рахмат 😇🤗
4978     88673
06.02.2020 Bishkek
Шеринеден чыгып тойго келдим. Эми элдин маанайы укмуш. "Бишкек- Чүйдө жок-жок" дегенге жетип жетпей эле баары бийге чыга башташты. Бул үчүн кубанып ырдап жаттым. Экинчи ырга келгенде орто толуп калган эле. "Келиңиздер, баарыбыз биргеликте Ламбада бийин бийлейли" деп ырдап баштадым. Коноктордун баары биримдик менен узуууууун, тегерек "паравозик" болуп бийлеп киришти. Менин да маанайым эл менен бирге жакынымдын тоюнда жүргөндөй жыргап ырдап да, бийлеп да жаттым... (Тилекке каршы ошол жерлери видеого тартылбай калыптыр. Ошол тойдогулардан окуп калсаңыздар, жөнөтүп койсоңуздар сонун болмок 😇) "Кандай керемет көрүнүш... Элибизди ушул жыргалчылык жашоосунан айырбасын... Асманыбыз ачык, жерибиз тынч --- ошол үчүн да элибиз ушинтип бийлеп жатат... Тынч заманды түбөлүк насип этсин элибизге... Калганын карапайым калк өздөрүн өздөрү эптеп, турмуш арабасын судуроп кете берет..." деген сыяктуу ойлор менен жуурулушуп ырдап жаттым... Негизи, мындай ойлор көп эле аралап турат. Кээде ойлоп коём "Өтө эле көп, терең ойлор менен өзүмдү каптап, жүдөтүп койбоймунбу?🤔" дейм... Бирок, дал ошол ойлор мага күч, энергия, маанай берип тураары өзүмө гана белгилүү... Түнүңүздөргө бейпилдик тилейм, жаркын замандаштарым...🌙🌙🌙 ___________________________________________ Көйнөк: @prokat_contento.kg
4863     88608
08.10.2019
Эмии мен дагы жооп кайтарбасам болбой калды.🤨 @dayir_ismadiarov деген ырчы кечээ мени аралаштырып пост жазыптыр: «Костюмум озумку, прическам озумку, короче баары озумку. Гульназдыкына жооп бере албайм» деп коюптур 😅😅😅 Эми биз ошентип бир жакшылыкка барыш учун ошончо убарагерчилик тартабыз да. Мисалы кечээ уйдон саат 2де чыккам. Салонго барып @studio__aidanstyle макияж жасап берди бир саат, анан чачымды @myskal_hair жасаттым , ага да бир саат кетти. Анан @altyn_showroom дан белимдеги кыргыз-курду алдым. Койнокту да ичиндегисин @ai.shabdanova дан, сыртындагысын @prokat_platyev_dimash алдым. Койнокту тез-тез алмаштырып турбасам дагы жазышат экен да: «Кечке окшош кийине бересизби» деп. Анан рахмат айтып отметка кылам да. Эмне кыл дейсиз эми ?🥺☹️ Корот элем @dayir_ismadiarov сиз дагы кыз болгонунузда, менден дагы коп кийим киймексиз, бир ырга бир койнок кийип , экинчи ырга кайра алмаштырсаныз керек эле ?!😅😜 Ошону эле айтып коеюн дедим эле 😊☺️
4749   261   88434
19.04.2020
Ушундай видео келиптир... ☺️😊 Мен кээде комплимент катары уксам, кээде сын-пикир катары угуп калам: "Өтө эле жөнөкөйсүн. Ырчы деген өзүн бир аз токтоо, олуттуу алып жүрүш керек" деп🤔 Негизи өзүмдүн турушум ушул. Тез эле тил табышып кетем. Жөнөкөй эле болгон жагат. Анткени Кудайдын алдында баарыбыз эле жөнөкөй пендебиз да, туурабы? 🤔 Сиздер кандай ойлойсуздар? Жөнөкөй болуп жүрө берсең алдыга өсүү болбойт деп бир жакын эле адам бүгүн "тракторист" болгон сүрөтүмөн кийин сын пикирин айтты...🤔 Сиздерден да пикир уккум келип жатат. Баарын туура кабыл алам. Сиздер менен бирге өскум келет.😌😌😌 ___________________________________________ Видео күздө тойдун башталаар алдында тартылган экен.🤗 Сонун уй бүлө экен. Жакын адамы келгендей эле тосуп алышты эле... Кубанып кызмат кылып, кетким келбей жатып кеткен элем бул тойдон 😁🤗
Загрузка...