Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
3508     55095
10.02.2020 Bishkek
Каткырып койгонубуз менен бул маселе көпчүлүгүбүздө эле болсо керек, ээ достор?😁😁😁 Квартиралап жүрүп чарчагандар барбы арабызда? Өзүңүн баш паанегиң болсо кандай сонун ээ чынында 😇☺️ Ток этер жерин сүйлөшөлү анда 😌 Эгер насип кылып койгон болсо, быйылкыга койгон ниет-максаттарымдын бири --- Бишкектен батир алуу болуп турат. 🏢Анан мындай идея болуп жатат: Акча чогултуп мага үй албайлыбы, достор, ар бириңиздер жүз эле сомдон салсаңыздар мага кв келет экен, дээээвеле 😂😂😂 Тамашалайм, тамашалайм😅😜 Просто сурайын дедим эле. Кайсыл курулуш компаниянын үйлөрүн сунуштайт элеңиздер? Жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн алып, шашпай бөлүп процентсиз төлөп үйлүү болуп калса болот имиш дейт го? Ошенткендер барбы? Арабызда жакынкы жылдары кв алып, кирип жашап жаткандар бар болсо керек? Ойлоп койсоң - ишке ашат деп калышат го. Ойломок турсун сүйлөшүп таштайлычы, анан тез эле үйлүү болуп калаарбыз балким? 🤷‍♀️ Чет жакта үй алабыз деп иштеп жүргөн мекендештерибиз дагы көп болсо керек? Биииир баарлашалычы анда ушул темада...🤗
3999     54879
20.02.2020
Эң башкысы түбөлүк бактылуу өмүр насип этсин 🙏 Бүгүн Алай жергесинде кызматтабыз. 🤵👰 Бүгүн эрте менен Кыргызстандагы атактуу айымыбыз мындан ары жоолукка (хиджап) киргендигин интернеттен көрүп, жагымдуу сезимде кабыл алдым эле... Түш ооп, салонго тойго даярдык көрүү үчүн келсем, чач жасаган мастер кызды жоолукчан көрүп, ошол темада баарлаштык. "Оронгондон кийин, жан дүйнөм тынч алып башкача болуп калдым. Жумуштарым да баары оң жакка чечилип бараткандай болуп жатат" дейт... Андан чыгып тойго келсем, өзүңүздөр көрүп тургандай келинчек да, курбу кызы да жоолукчан кыздар экен. Көрүп көзүм кубанды... _____________________________________ Биздин арабызда жоолукчан кыздарыбыз же жоолукчан жакын таанышы бар кыздар барбы? Оронгонго чейинки жана кийинки кезди салыштырганда моралдык айырмачылык, же болсо кандай өзгөрүүлөр болду эле? Ошол жөнүндө кеп козгосок кандай дейсиздер? Балким сиздин окуяңыз кимдир бирөөнүн өзгөрүүсүнө себепкер болуп калаар...🤔🤔🤔 ______________________________________ Макияж : @azema_make_up Прическа : @rasul.hairstylistt
3557     54117
01.10.2019
Музыка🔮🎼 - мага ачылган мумкунчулук каалгалар учун чон рахмат айтам. 😇🙏🏻 Мен эле эмес, копчулук ырчылар менен элибиздин ортосундагы музыка дарыясындагы копуронуздор туболуктуу болсун! Олкобуздогу ооооо такыр мобилдик байланыш тартпаган айылдарда да Музыка канал тартат экенин угуп, ыраазы болгон элем. Бул деген сиздер элди да ойлогон беделдуу теле канал экениниздерден кабар берет деп тушуном! @ktrkmuzyka Туулган кунунор куттуу болсун! 7 жаш 7 кылымга айлансын! @ktrkmuzyka @kanatkultaev @aizada_jamgyrchieva @sydygaliev11 Урматтуу Канат Култаев баш болгон жалпы жамаат! Музыка канал жеткен бийиктиктерде ар бириниздердин салымыныздар, эмгегиниздер, мээнетиниздер чон деп билем! Жамааттагы мен тааныган мырза, айымдар, ар бириниздерди жогорку Адамгерчилигиниздер менен сыйлайм жана урматтайм! Майрамыныздар куттуу болсун!!! 💝💝💝 Терен Урматым менен Гульназ Чыныбек кызы!🔮💝🛍