1677 66
17.04.2020
Жусуп Абдрахманов тууралуу. Эгемендик, улут жана келечек.
Көпчүлүк жаштар Кыргызстанды көктөн өзү эле түшүп калган эгемен мамлекет элестетип, өлкөнү түптөө үчүн азапка баткан элибиздин басып өткөнүн, бул үчүн башын канжыгага байлап койгон улуттук лидерлерибиз тууралуу көп деле биле бербегенибиз чындык. Жусуп Абдрахманов тууралуу китепти окуп, анан күндөлүгүн барактап чыккандан кийин, азыркы абалыбыз менен салыштырып, чынында биз тарыхтан дагы деле олуттуу сабак албаганыбызды дагы бир ирет түшүнгөндөй болдум. Абдрахманов 1901-жылы төрөлсө, 19 жашында партиялык иштерге жигердүү катышып, Ленин менен бирге президиумда отурган. 30дан өтүп эң жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалап, болгону 37 жашында атылган. Эгерде ал репрессия курмандыгы болбогондо, ошончо тажрыйба менен баралына келгенде, аттиң, элине дагы далай эмгеги сиңмек экен. Бизде азыр жашы 45теги депутаттарың да "биз жаш саясатчылар" деп сүйлөп жүрүшкөнүн арга жок эстейсиң. Мен Абдрахмановдун күндөлүгүнөн эки гана учурду бөлүшө кетейин, бул азыр да актуалдуу.
1) 1931-жылы 2-майда жазган күндөлүгүндө, ал партиянын мансапкорлору менен иштөөдөн тажап, ар кандай интригалардан көңүлү калганда Төрөкул Айтматовго кызматтан кетээрин, мындай адамдар менен иштөөдөн көңүлү көк таштай калганын айтат. Анда Айтматов: -Тилекке каршы азырынча Кыргызстанды башкарып жаткан мансапкорлорду жек көрүүгө болот, жек көрүшүбүз керек, бирок Кыргызстанды жек көрүүгө болбойт жана ал мүмкүн эмес",-деп айтат.
Эмне деген улуу, терең сөздөр!
2) 1931-жылы ачарчылык апаатынан качып Казакстандан Кыргызстанга келген көчмөндөргө Абдрахмановдун кийлигишүүсү менен азыктар берилип (ал үчүн кандай жаза күтүп турарын билсе да), таруу, жүгөрүнү да аябай, балдарына лагер уюштуруп, кыргындан сактоодогу орду опол тоодой болгону жазылат. Боордошторго мындай мамилеси үчүн да жетиштүү жазасын алат.
Азыр жакынкы тарыхты унуткандайбыз, бир тууган деп айтылып жүргөн эки элдин чек арасы улам жабылып, кыйын кезеңде керектүү азыктарды өткөрүүнү чектеп койгон учурлар тынымсыз болуп келатканы өкүндүрөт.
Жусуп Абдрахмановду окугусу келгендер интернеттен издесеңер да, белгилүү тарыхчы агайыбыз Тынчтыкбек Чоротегин, Алмаз Кулматовдор жазган макалалар бар.