Жанар Акаев
@janarakaev
Жанар Акаев

Подписчики: 421926
Посты: 1040
Подписки: 108
twi: JanarAkaev fb: Janar Akaev akaevj@gmail com

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1744   283
23.03.2020
Азыркы учурда Кыргызстан боюнча кафелер, ишкана, соода сатык, базарлар жабылып, коомдук транспорт токтоп, айлык алып иштеген мекендештерибизди “үйгө отургула” деп, жугуштуу илдет жоюлгуча, экономикабызды токтотуп койдук. Ушул тапта өкмөт аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдү колдоо жана бизнести колдоо боюнча программаларды даярдап жатат. Айтып коюшубуз керек, бул чаралар абдан кечеңдеп жатат. Мен сунуштаган атайын мыйзам менен кабыл алынчу төрт иш-чаранын пакети жеке менчик сектордо иштеп, бирок жумушу токтотулуп калган мекендештерди колдоого багытталат. Бул демилгелерди ушул аптадан калтырбай мыйзам катары кабыл алышыбыз керек. 1) Өкмөт чукул арада бери дегенде 500 миң жараныбызга айына 5 миң сомдон болсо да жөлөк пул берүү каралсын. Тейлөө тармагында, дегеле айлык алып жалданып иштеген миңдеген жарандарыбыз азыр жумушсуз калды, киреше дээрлик токтоду. Өкмөт өз жарандарынын алгачкы муктаждыктарын чечүү үчүн каражатты аябашы керек. 2) Ипотекалык кредиттерди төлөө 3 айга токтотулсун. Ошол эле мугалимдер, врачтардын көпчүлүгү, айлыкка жашаган кирешеси аз жарандарыбыз ипотекага үй алышкан. Азыр аларда аны төлөө мүмкүнчүлүгү жок. 3) Керектөөчү кредиттердин жана микро кредиттин үстөк пайызын, кошумча айып акчалардын баарын токтотуу. 4) Шаарларда квартиранттарды ушундай учурда мажбурлап чыгарууга тыюу салуу. Акча табылат. 1) Бизде валюталык резервдер бар. 2) Кээ бир мамлекеттик программаларды кайра карап чыгуу. 3) Чет өлкөгө төлөнчү карыз боюнча, Кытай ж.б мамлекеттер менен мөөнөттөрүн жылдыруу боюнча сүйлөшүү. 4) МВФтен 500 млн доллар бюджетти колдоо каражатын алуу
2418   184
21.03.2020
КЛДП: Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, шайлоолорду жылдыруу зарыл! Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузгандар саны күн санап көбөйүп жатканы бүткүл элибиздин тынчын алууда. Биз мындай кооптуу шартта жарандарыбызды республикалык штабдын, расмий органдардын айтканын дыкаттык менен угуп, эрежелерди бекем сактоого чакырабыз. Ошондой эле өлкө жетекчилиги тез арада Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, жакында өтчү жергиликтүү кеңештин шайлоолорунун мөөнөтүн чукул арада жылдырууну сунуштайт. Элибиздин ден-соолугу, жарандарыбыздын өмүрүнөн кымбат нерсе жок! Элдин саламаттыгы саясат, шайлоолордон жогору турат. Учурда массалык адам чогулчу бардык иш-чаралардан баш тартып, саламаттыкты сактоо тармагындагы оор жүктү азайтпасак, олуттуу кесепеттерге алып келчүдөй абалга келдик. Коронавирус каптаган бардык өлкөлөрдө өзүн-өзү коргоо, башкача айтканда үйдөн чыкпай отуруу талабын аткаруу – илдетти жеңүүдөгү натыйжалуу ыкма болуп жатат. Азыр ар бир мүнөт маанилүү, КЛДП тез арада өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, шайлоолорду белгисиз мөөнөткө жылдырууну сунуштайт. @seitekkhaan @eldarbishkek @kldp2020
Загрузка...