Жанар Акаев
@janarakaev
Жанар Акаев

Подписчики: 421926
Посты: 1040
Подписки: 108
twi: JanarAkaev fb: Janar Akaev akaevj@gmail com

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4782   355
22.02.2020
Мыйзамсыз аракеттердин баарын жокко чыгарабыз, кудай буюрса! Башкы прокуратура кыймылдап баштады. ‼️Башкы прокуратура маалымдайт: Ош жана Каракол шаарларында каттоо кызматынын жооптуу адамдары тиешелүү документтерсиз, ал тургай турак ээсинин макулдугусуз эле жарандарды массалык түрдө каттоого койгон. Мисалы, Ошто бир эле дарекке 700, экинчисине 1000ден ашык киши катталган. Бирок ал даректерде эч ким жашабайт. Дагы бир үйгө 900 адам катталган, ☝️бирок муну үй ээси билген да эмес, уруксат да берген эмес. Караколдо болсо 100дөн ашык адамды окуу жайдын имаратына (үй эмес) каттоого коюшкан. Ош жана Караколдогу бул фактылар боюнча прокуратура органдары "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштады. Январь-февралда Ош шаарында дээрлик 36 миң, Караколдо 3 миңден ашык адам жаңыдан каттоого турган. https://www.prokuror.kg/news/4207-organami-prokuratury-prodolzhayutsya-proverki-po-faktam-massovoj-registratsii-grazhdan-v-predverii-vyborov-deputatov-gorodskogo-kenesha.html
Загрузка...
4372  
10.02.2020
Маалымат каражаттарынан ар кандай жолдор менен каралоо аракеттери-бул бизге көнүмүш эле көрүнүш. Биз системаны сындыра турган, мыкты кесипкөйлөрдү жергиликтүү кеңеш, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө алып келүү аракетибизди уланта беребиз, ушактарга маани бербей, убакыт да коротпой күжүлдөп иштей беребиз. Дагы бир жол бар эле, "массалык пропискага коюп жатат, шаарга паспорт ташып жатат, студенттерди мажбурлап жатат" деп интернетке кыйкырып, сын айтып жата берүү. Ага ашыкча акылдын же күчтүн деле кереги жок. Биз өзүбүзчө команда түзүп, ошол терс көрүнүштөргө иш жүзүндө каршы туруп, альтернативдүү жолун сунуштаганы турабыз. Чегирткеден корккон эгин экпейт,-дегендей, биз баштаган жолду жактырбай, нечендеген жугунду куюп турушаарын билип туруп өз алдыбызча чыкканбыз. Так что, ден-соолугуңар чың болуп, өмүрүңөр узун болсун деп, ишибизди уланта беребиз:).
1306  
07.02.2020
Эмне үчүн либерал демократиялык партия? Анткени биздин ураан «Экономикада либерализм, башкарууда – демократия!» Кыргызстан – жер планетасын мындай коелу СНГ, Борбор Азия аймагында эле аянты, калкынын саны, табигый байлыктары жагынан ортодон ылдыйыраак чакан мамлекеттердин бири. Килейген Евразия континентинин так ортосунда, транспорттук тупикте жайгашкан, деңизден алыс, эл аралык транспорттук түйүндөргө эшиги жок өлкөлөрдүн бири. Табигый кен байлыктарыбызды айталы, биздин жер казынабызда көптөгөн кен байлыктарыбыз болгону менен алардын көлөмү аз. Аларды казып алуунун оордугун, транспорттук жактан тупикте жайгашканыбызды эске алсак, буга биздеги саясий туруктуулуктун жоктугун, өнүккөн коррупцияны, потенциалы төмөн бюрократиялык аппаратты кошсок, биз ири, олуттуу инвесторлор кызыгып, көз арта турган мамлекет эмеспиз. Ошондуктан дүйнөдөгү эң чоң компаниялар бүгүнкү күндө түштүк Азияда, Африкада иш кылып атышат, себеби алардын деңизге эшиги бар, же болбосо Монголияга, же биздин жаныбыздагы кошуна мамлекеттерге кызыгышат, анткени аларда бизге караганда жок дегенде саясий туруктуулук бар. Демек, биздин мындан башка артыкчылыктуу жактарыбыз жокко эсе болгондуктан, биз үчүн бир гана жол бар деп эсептейбиз. Бул – экономикалык либерализм! Бизде аракетчил, жигердүү ишкерлер чындыгында көп, биз алар үчүн негизсиз текшерүүлөрдү жок кылып, бизнести коррупциядан, криминалдан сактап, саясий туруктуулукту жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздап, иш жүргүзүү үчүн ыңгайлүү, жеңил шарттарды түзүп берсек гана экономикабызды, жашоо деңгээлибизди көтөрө алабыз деген ишеничтебиз. Мына ушуну либералдык экономика деп коет. Экономика менен саясат бири биринен түздөн түз көз каранды экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Саясий туруктуулук болмоюн экономика өнүкпөйт. А эмне үчүн саясатта стабилдүүлүк жок, анткени бизде адилеттүү башкарүү, элдик демократиянын өзү жок болуп атат. Ошондуктан биз бийликти түзүүдө демократияны, башкарууда адилеттүүлүктү алып келебиз деген принципти карманып атабыз. Кадр тандоодо «бул менин адамым эле, мен ушуга гана ишенем, себеби ушу менен кошо жеп жүргөм» деген критерий эмес кесипкөйлүк, тазалык, чынчылдык, идеялык пикирлеш деген сапаттарды алдыга коюп жатабыз. Азы