Жанар Акаев
@janarakaev
Жанар Акаев

Подписчики: 421926
Посты: 1040
Подписки: 108
twi: JanarAkaev fb: Janar Akaev akaevj@gmail com

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2643  
30.01.2020
30-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев Юстиция министрлигинин кыргыз жарандыгын алуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүчү долбоорду чакыртып алууга үндөдү. Депутаттын айтымында, ал мыйзам долбооруна «башка өлкөнүн паспортун алган учурда Кыргызстандын жарандыгынан дароо чыгарылат» деген жобо киргизилүүдө. Акаев бул Орусиядагы кыргыз мигранттарынын мекенине кайтышында кыйынчылык жаратарын айтты: - Орусиянын расмий органдарынын маалыматы боюнча 2017-жылдын жыйынтыгы менен орус жарандыгын алган 553 198 кыргызстандык бар. Алардын көпчүлүгүндө кыргыз паспорту да сакталып калган. Алар келип айылдан жер, шаардан батир алышат. Ирденип алайын деп убактылуу кеткен. Алар кайтып келет. Азыр бул мыйзам менен «башка жарандыкты алсаңар кыргыз паспортун тапшыргыла» деп жатабыз. Азыр орус жарандыгын алганы менен кыргыз паспортун колдонуу мыйзамдуу. @azattyk.kg
Загрузка...
3994  
19.01.2020
Баткендеги чек аралаш Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевди вице-премьер министр зекип, кызматтык иликтөө жүргүзүп, керек болсо иштен алууну тапшырыптыр. Ошол иликтөөгө мени да чакырып, угуп койсоңор. Сапарали акени Бишкекте эмне иш кылып жүрөсүң деп доомат коюп жатат, аны мына борборго келгенде Акүйгө мен чакырганмын! Өткөндө Максат айылына барып, бир нече социалдык проблемаларды тизмектеп алганбыз, айрымдарын кыска убакытта чечтик. Эми дагы мектепке интерактивный доска керек, жана башка маселелерди катка тизмектеп жазып келди. Жолуктук, каттарды берди, чек араны бир жаңсыл кылып чечип салуу ушул учурда колубуздан келбей турса да, инфраструктура, социалдык көйгөйлөр менен колубуздан келгенче аракет кылып иштей берели деп сүйлөштүк. Бул факт. Ал эми митингде сүйлөгөнүн да көрдүм, кабатыр болуп чогулган элге реалдуу абалды түшүндүрүп бериптир, анын эмнеси кылмыш? Эмгек өргүүсү убагында болуп жатат мунун баары, баласынан кабар алганы келип борборго, мынтип эл көйгөйүн кошо көтөрүп жүрөт жанына. Митингге чыккандар бийликти талашкан жок, ызы-чуу салган жок, талаптарын айтышты. Жарандар чогулуп пикирин айткан окуядан чочубаш керек, аларды угуш керек. Өмүрүн тобокелге салып, жерин коргоп ошол жерде иштеп жаткандарды куугунтуктагандын ордуна, маселени алар менен акылдашып, сунуштарын угуп, бирге чечкенибиз туура болот. Чек арадагы элдин духун ого бетер түшүрбөй, эл менен камыр-жумур иштеп жаткан айыл башчыдан колуңарды тарткыла! #janarakaev