845 0
01.04.2020
💐Жүрөк туш келгенин тандабайт. Ал өзүнө тиешелүүсүн гана сезет.
⠀
💐Атасынын өз балдарына жасаган эң чоң жакшылыгы - алардын апасын сүйүү.
⠀
💐Сизди түбөлүк сүйүү үчүн, жашооңуздан биротоло кеткендер бар.
⠀
💐Келечегиң жөнүндө билгиң келсе, ал бүгүнкү жасаган иштериңе байланыштуу.
⠀
💐”Сен мага керексиң..."
Бул сөз канчалаган көңүлдөргө дары.
⠀
💐Эң оор жакырчылык-билимсиздик.
⠀
💐 Атактуу адамдардын көпчүлүгүнүн энелери мыкты болгондугу таң калаарлык далил; алар атасына караганда энелеринен көп тарбия алышкан.
⠀
💐 Мен аялдын эки гана түрү билем: Бири мени азапка салса, экинчиси менин азабыбымды тартат. Азабымды тартканы
ал - менин энем.
⠀
💐Ким өзүн канчалык бактысызмын десе,
ал ошончолук бактысыз.
⠀
💐Чыныгы гений жаралганын бир эле нерседен баамдасаң болот: Мээси жоктордун баары биригип, генийге каршы күрөш жүргүзө баштайт.
⠀
💐Аялдар бизге шедеврлерди жаратууга илхам берет, бирок кайра ошол илхамдын өркүндөшүнө жолтоо болот.
⠀
💐Чындап максатыма жетем десең, пайдасыз жүктөрдү алып сал да, алдыга кадамда.
⠀
💐Сүйүү- футбол тобу сыяктуу. Адегенде тебесиң, анан артынан чуркайсың.
⠀
💐Күндү алып берем деп мактанба, күйүп өлөсүң.
⠀
💐Бир нерсени чала түшүнүп үйрөнүү - билбегендиктен да коркунучтуу.
⠀
💐Алысты ойлонбогон адам, кайгыга жакын болот.
⠀
💐Ар бир өрттөлгөн китеп дүйнөнү жарык кылат.
⠀
💐Бир келесоо оюн жазса, миң келесоо коштоп турат.
⠀
💐Уксун десең - кыйкырып айт, тыңшасын десең - шыбырап айт.
⠀
Топтогон Жеңишбек Жумакадыр