Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3621   150
08.12.2019
Атам менен сүйлөшкөндөгү сөздөрүмдү эстесем жыйырма сөзгө жетпесе керек. Ар дайым урматтадым. Чогуу бара жатканда алдына өтпөй бир аз арткараак басып алчумун. Көлөкөсү оң тарапка түшсө сол тарабына өтүп, сол тарабына түшсө оң тарабына өтүп , көлөкөсүн баскандан да уялчумун. Атам каардуу эле. Бирок каарданганынан да мээримдүүлүгү байкалып турчу. Мага көп окуя айтып түшүндүрөр эле. Ар бир окуясы жүрөгүмө уюп түбөлүк сакталып кала берди. Бир жолу чакырды да, балам кайракты алып келчи деди. Чөнтөгүндөгү кичинекей бүктөлмө бычагын курчутат го деген ой менен алып келип бердим. Кайракты бир аз колуна алып карап туруп, кайра алпарып коюшумду суранды. Мен кайра алпарып койдум. Атам кайра алып келүүмдү айтты. Алып келдим. Кайра алып бар деди. Бул ондон ашык жолу кайталанды. Акыркы жолу кайракты алпарып келсем кучактады да башым сылап , сенин балдарың сенден дагы артык болсун деп дуба кылды. Атама жакканым өзүмдөн эмес, өзүнүн берген тарбиясынын жемиши экенин сезди болду бекен. Атамдын көзү өттү. Абдан сагындым. Жытын сагындым. Кучактап мага кылган дуба- тилектерин сагындым. Кана эми азыр атам келип миң жолу кайракты алып келүүмдү суранса да макул элем . Сагындым...
1401   104
07.03.2020
💐Аялдар көп сүйлөй турганчалык убакытын унчукпай өткөрсө, анда эркектер баардык бакытын колдон кетириптир дегендик. 💐Аялзатын менчелик түшүнгөн жан болбосо керек. Себеби мен да алар жөнүндө эч нерсе түшүнбөйм. 💐 Эң сүйүктүү аял-күйөөсүн багымдатка ойготкон аял. 💐Эң жаман эркек- аялын чапкан эркек. 💐Бир аялдын пикирин оңдойм десең, анын пикирин колдошуң керек. 💐Бейиште кезинде эле Обо энебиз, Адам атабыздын кабыргасын күндө санайт. Себебин сураса, Кудайым мага окшош дагы бирөөнү жаратып койбоду бекен деп кызганчу экен. 💐Аялдар бир нерсе болсо дароо ыйлап киришет. Кызыгы эч нерсе болбосо деле ыйлашат. 💐Аялды тепкенге бир гана курсагындагы наристенин акысы бар. 💐Аял баарысын кечирет. Бирок эч качан унутпайт. 💐Алла Таала даанышмандыкты, аялдын жүрөгүнө койгон. Анткени аялдын даанышмандыгынан чыккан жемиштери, мээрим менен сүйүүгө жуурулушкан. 💐Дүйнөнүн эң сулуу аялзаты турмушка чыккандан кийин катардагы эле жөнөкөй аялдардын ордун толуктайт. 💐Адаттагыдай эле, кызыксыз эркектин артында керемет бир аялзаты бар. 💐- Аялдар болбосо эркектер эмне болмок эле? -Кудай сактасын дефицит болмок, дефицит. 💐Асмандын жарымын аялдар көтөрүп жүрүшөт. 💐Аял сырдуу китеп сыяктуу. Эми окуп бүттүм десең жаңы барагы башталат. 💐Аялдар эркекке айта тургандарын көз менен айтышат. 💐Жеңилбес хандардын, баатырлардын аянычтуу жеңилүү ызаасынын автору аялдар болушкан. 💐Аялзаты энеге айланганда, андан күчтүү эч ким болбос. 💐Бир өлкөнү бир падыша башкарат. Падышаны болсо бир аял. 💐Эгер аялдар болбогондо, дүйнөдө акчанын эч бир баркы калбайт эле. 💐Аялга: 24 саат бою сени ойлодум десең, калган убакытта кимди ойлодуң дейт. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр
1686   87
03.05.2020
Эй, замандаш! Эскертмекке угасыңбы, сыр айтайын. Өтүп кетер кур өмүрдө, Өзөгүмдөн өнүп чыккан ыр айтайын. Түшүнгөндөр туура десе, Түнөргөн көңүлүмдү кубантайын. Баш чайкаган мерез чыкса, Бактысыз бу башымды муңайтайын. Оопасыз ушул дүйнө, Оту өчсө дене - бойдун, Оюк жай, жатар жериң кабыр кылчу. Оюнунду анан улант, Он мүнөт сабыр кылчы, Орозодон кебимди улантайын. ⠀ Орозо не? Оо, Улуу Аллахтан корккон жандын, Жасаган ибадаттын аныгыдыр. Ыйга айланган жүрөккө үмүт жанып, Ыйманына күч берген салымыдыр. Ыймандын жарымы сабыр болсо, Орозо ал сабырдын жарымыдыр. Өлбөгөн ким бар дейсиң? Өлгөндө караңгы, тар мүрзөңөрдүн, Орозо нурун чачкан жарыгыдыр. ⠀ Орозо не? Ой айтсам, орозодон терендеген, Ой жетпес керемети терең белем?! Оо, пенде рамазан ыйык айды, Опол тоо зор бактыдан кур калууда, Орозосуз өткөрөм деген менен! Акыл жетпес, көз жетпес, сөз да жетпес, Акыретте жакшылык бар беленделген! Антты бар орозого Жараткандын, Сооп жазар периште да билбей турган, «Сыйлыгын Өзүм гана берем!» деген! ⠀ Орозо не? Жөн гана ачкалык деп ойлогондор, Жандүйнөнүн гүл багын кордогондор, Улуу зат Кудай бар, же балким жок деп, Үмүтсүз Акыретин болжогондор, Оор кайгы жан чыдагыс азап тилеп, Орозого моюнун толгогондор, Ойлонбойбу?! Аккан сууну, учкан кууну, нурлуу күндү, Айлуу түндү, ак- карасы аралашкан турмуштарды, Жан-жаныбар бүт куштарды, Аралыгын бузбай турган, Асмандагы жылдыздарды, Ойлонбойбу, ойлонбойбу?! «Ким кылды?» -деп жок десе, Кандай момун, ден соолугу бар туруп, Курсак сылап орозодо, Кардым менин ток десе! Орозого күлгөн жандар, Билбейт өзү, баратканын от кече. Орозого данк алгандар, Орозосун ой-тоого жар салгандар, Мактангандар, Ойлон, пенде! Андайлардын орозосу жокко эсе!
Загрузка...