Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7764   0
21.04.2020
Түшүмө чындап кирдиңби досум, Түгөнөр кезди билдиңби досум. Түйшөлтүп сени ызгаардуу дүйнө, Түбөлүк жайды сүйдүңбү досум. Кучактап жыттап албайт бир белем, Кууратар күндү ким билди досум. ⠀ Катылган сырлар бир эле досум, Казына ырлар миң эле досум. Өнөрдүн анык тулпары элең, Өзүңө жетчү ким эле досум. Өкүрүп турам өзүмө келбей, Өкүнтүп кеттиң чын эле досум. ⠀ Табылбайт кымбат сага кеп досум, Тагдырым экен санаа көп досум. Суйкайган кыздар, балдарың кантем, Сурашса атам кана деп досум. Өзгөлөр билбес кадырдын баркын, Өзүмдү кошо ала кет досум. ⠀ Жан дүйнө калды термелбей досум, Жашайбыз эми сен келбей досум. Эш тутуп залкар билчү эле калкың, Эшмамбетти көргөндөй досум. Токтобойт көз жаш кабырга сыздап, Токтогул кайра өлгөндөй досум. ⠀ Ойлоруң тунук накта эле досум, Обонуң муңдуу башка эле досум. Көөнөрбөс өнөр сендеги бүткөн, Көрүнүп турган кашка эле досум. Кылымды көрөр алтындай башың, Кырк эки гана жашта эле досум. ⠀ Замандын айткан чындыгын досум, Санатың жашайт миң кылым досум. Жылт эткен өмүр биз да бүтөр, Жылмайып күтүп тургунуң досум. Коштогон арман кургурум досум, Кош эми Элмир булбулум досум...
3621   150
08.12.2019
Атам менен сүйлөшкөндөгү сөздөрүмдү эстесем жыйырма сөзгө жетпесе керек. Ар дайым урматтадым. Чогуу бара жатканда алдына өтпөй бир аз арткараак басып алчумун. Көлөкөсү оң тарапка түшсө сол тарабына өтүп, сол тарабына түшсө оң тарабына өтүп , көлөкөсүн баскандан да уялчумун. Атам каардуу эле. Бирок каарданганынан да мээримдүүлүгү байкалып турчу. Мага көп окуя айтып түшүндүрөр эле. Ар бир окуясы жүрөгүмө уюп түбөлүк сакталып кала берди. Бир жолу чакырды да, балам кайракты алып келчи деди. Чөнтөгүндөгү кичинекей бүктөлмө бычагын курчутат го деген ой менен алып келип бердим. Кайракты бир аз колуна алып карап туруп, кайра алпарып коюшумду суранды. Мен кайра алпарып койдум. Атам кайра алып келүүмдү айтты. Алып келдим. Кайра алып бар деди. Бул ондон ашык жолу кайталанды. Акыркы жолу кайракты алпарып келсем кучактады да башым сылап , сенин балдарың сенден дагы артык болсун деп дуба кылды. Атама жакканым өзүмдөн эмес, өзүнүн берген тарбиясынын жемиши экенин сезди болду бекен. Атамдын көзү өттү. Абдан сагындым. Жытын сагындым. Кучактап мага кылган дуба- тилектерин сагындым. Кана эми азыр атам келип миң жолу кайракты алып келүүмдү суранса да макул элем . Сагындым...
Загрузка...
2694   7
21.11.2019
Келгиле окуйлучу. Үч сөздү ушак кылбай, Үмүткө тузак курбай. Шал баскан денебизди, Шайтанга учак кылбай. Уйкудан качалычы, Ууз сөз таталычы. Эселек мээбиздин, Эшигин ачалычы. Бал китеп тандайлычы, Барактап жандайлычы. Караңгы көңүл менен, Кабырда калбайлычы. Сотканы таштайлычы, Сонундан баштайлычы. Жан чыкса сынактар бар, Жанбаштап жатпайлычы. Көр намыс ороңдойбуз, Көп билсек жоголбойбуз. Эч китеп тааныбасак, Эч качан оңолбойбуз. Тоокчо чокуп алып, Төө десең өзүнө алып. Аалымчик болуп бүттүк, Алты сөз окуп алып. Көөнүндө жаштык кулап, Көбүндө карттык турат. Бир күнгө бир адамга, Бир китеп аздык кылат. Китеп бул деңиз экен, Китепсиз кейиш экен. Ошончо китеп билсең, Ошончо жеңиш экен. Кыргызды айайлычы. Кыйнабай тайайлычы. Эч десе окуганга, Экөөбүз жарайлычы. Китепти өбөлүчү, Китепке чөгөлүчү. Билигин сурап жүрбөй, Билимдүү өлөлүчү. Сөз берсек туралычы, Сөз баалап угалычы. Келгиле китеп менен, Келечек куралычы. Жеңишбек Жумакадыр.