Кылыч Саркарбаев Асилбекович
@k_sarkarbaev
Кылыч Саркарбаев Асилбекович

Подписчики: 61166
Посты: 413
Подписки: 474
Osh, Kyrgyzstan🇰🇬
http://list.ru/


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4584   281
17.02.2020 Osh, Kyrgyzstan
Урматтуу мекендештерим! Бүгүн, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалык кызматынан өз каалоом менен убактылуу кетүүнү туура көрдүм. Акыркы кездеги мага карата коомчулукта жүрүп жаткан каралоого байланыштуу, бул иштер тийиштүү органдар тарабынан териштирилип аягына чыккыча кызмат ордумду тапшырып берүү үчүн мэрге арыз жаздым. Таалайбек Насирбекович сунушумду колдоду. Комитетте 2015-жылдан тартып төрагалык кылып баштагам. Ушул жылдар аралыгында төрага катары, спортчу катары, спортту жакшы түшүнгөн адам катары ар бир спортчуга, ар бир машыктыруучуга жакындан көмөк көрсөтүп, колумдан келишинче жардамымды аябадым. Биздин спортчулар Кыргызстанда гана эмес, Азияда, дүйнөлүк беттештерде ийгиликтерди багындырып, өлкөбүздүн анын ичинде Ош шаарынын атын даңазалай алышты. Көрсөткүчүбүз жыл сайын өстү. Бүгүнкү күнгө чейин өз өлкөм жана шаарым үчүн кылган кызматым мен үчүн чек эмес. Менин кызматыма, спортчулар менен биргеликте жараткан ийгиликтериме, максаттарыма тоскоол болгондор чыкты. Бирок бул кадамдары алыска барбайт жана чындык далилденет деп ишенем. Мага колдоо көрсөткөн коомчулукка, комитеттин жалпы жамаатына, спорт адамдарына, тааныш ага-ини, эжелерге, баарыңыздарга терең ыраазычылыгымы билдирем. Кызмат, кресло бизге чейин болгон, бизден кийин да болот. Эң негизгиси адамдык сапатыбызды, жигиттик абийирибизди жоготпойлу. Жараткан сиздер менен жалаң гана жакшы жолдордон жолугуштурсун! Урматым менен Кылыч Саркарбаев @k_sarkarbaev
4179   162
28.12.2019
Урматтуу агалар, инилер, эжелер, карындаштар жана достор! Баарыныздардын колдоонуздар учун чон рахмат! Сиздердин сунушунуздар менен кечээ куну «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» наамына ээ болдум. Ош шаарыбызда менден башка коптогон жаш жетекчилер эмгектенет. Алардын ар бири «Жылдын мыкты жетекчиси» наамына татыктуу. Биздин баарыбыздын максатыбыз бир. Ош шаарыбыздын, мамлекетибиздин онугушун каалайбыз. Мындан ары да Кыргызстандын тынчтыгы, элдин биримдиги учун, олкобуздун онуккон мамлекеттердин катарына кошулуусу учун баарыбыз чогуу аракет кылабыз жана эмгектенебиз. Дагы бир жолу шаардык мэрия жургузгон "Жылдын мыкты жаш жетекчиси" наамына сунуш беруудо мага колдоо корсоткон баардык жакындарыма, туугандарга, досторго, спортчуларга, машыктыруучуларга, ошондой эле, алыскы чет олкорлордогу досторго, тааныштарга, Москва, Питер шаарларындагы спортчуларга терен ыраазычылык билдирем. Ар бир уйдо береке, ынтымак болуп, мамлекетибизде тынчтык болсун! _______________________________________ Уважаемые братья, сестры и друзья! Спасибо всем за поддержку! По вашему предложению стал обладателем звания «Лучший молодой руководитель года». В Оше кроме меня также много молодых руководителей. Каждый из них достоин звания «Лучший молодой руководитель года». У нас у всех одна цель - развитие и процветание города Ош и всего Кыргызстана. Все мы и в дальнейшем будем трудиться для единства и благополучия нашего народа, а также для того, чтобы страна стала самым развивающимся государством не только в Центральной Азии но и на всем континенте. Еще раз выражаю искреннюю благодарность всем родным и близким, друзьям и коллегам, тренерам и спортсменам, друзьям в других государствах, а также спортсменам из городов Москва и Санкт-Петербург за то, что рекомендовали мою кандидатуру на звание «Лучший молодой руководитель года» в Оше. Желаю каждому дому мира и благополучия, единства и процветания нашему государству!
Загрузка...