Кундуз Казыбек кызы
@kunduz_kazybekkyzy
Кундуз Казыбек кызы

Подписчики: 73319
Посты: 666
Подписки: 605
✒Основ. YOUTUBE- @solomedia.kg ✒Музыкальный редактор🎼 ✒Радиоведущая 🎧 ✒Телеведущая 💻
http://www.youtube.com/solomediakg
Загрузка...
Азыркы учурда кайрымдуулук боюнча ар кандай кептер айтылууда... Бири элге жарыялабаш керек десе экинчиси эл улгу алыш керек дейт. Чынында жардамдын кандай туру болсо да ал соопчулук учун! Менин жеке оюм отчет катары да башкалар улгу алыш учун да айтып коюш аша чапкандык болбойт. Ал эми учурдагы чектоолорго карабай «Айымзаттын» кыздары чогулган акчадан бир нече уй-булого азык-тулук жеткирип беришти. Буга чейин айтылгандай жеке баракчаларыбызга жардам сурап кайрылгандар ото коп болгон. Бирок чектоолордон улам алыскы аймактагыларга бара албай дагы, жетише да албай калат экенбиз. Оор абалдагы жарандарыбызга мамлекет тарабынан да жардам берилээри айтылууда. Андыктан бир аз чыдап, сабырдуу бололу🙏 Комок корсотом дегендер учун элсом: 0709 889 870 Кооптуу учурда баарына кайыл болуп жургон @jibek_azizova ыраазычылык😘🙏

Загрузка...
650   21
18.06.2020
#менденмаалымат Япондор балдарын кантип тарбиялайт? Бир дагы бала гений же келесоо болуп төрөлбөйт. Бардыгы тарбиядан жана курчап турган чөйрөдөн көз каранды. Келечекте балаңыз кандай болоорун сиз 3 жашка чейинки берген тарбияныздан көз каранды. Бул тууралуу Масару Ибуканын "3 жаштан кийин кеч" китебинде айтылат. Балдарга скрипканы жакшы музыкант болуш үчүн же англис тилин мыкты лингвист болуш үчүн үйрөтпөйт. Эң негизги бала эмнеге жөндөмдүү экенин билүү же потенциалын ачуу болуп саналат. Ошондуктан бир нече кеңештерди билип алыңыз: ⭕️ Ымыркай кезинде баланы көбүрөөк колго алып эркелетиниз. "Колго көнүп калат" деген болбогон кеп! ⭕️ Балага түстүү карандаш, кагаздарды эртерээк белек кылыңыз. Бул фантазиясын өстүрүүгө жардам берет. Чыгармачылык изденүүсү артып, интеллекти жогору болот. ( Мен эки баламда тең чоңойгондо үйрөнөт деп, 3 жашынан кийин кагаз, карандашты карматкам. Азыр өкүнүп калам. Себеби кол жазмалары начар болуп калды😌 Азыр анын үстүнөн иштеп жатабыз. ⭕️ Сөзсүз эле балага кымбат оюнчук алып берип, түрдүү курстарга катыштыруу зарыл эмес. Балага ата-эненин көңүл буруусу керек. Өзүңүз үлгү болуңуз. ⭕️ Жомокторду, ырларды көп окуп берип, аларды жаттатыш керек. Бала 100-200 кыска ырды оңой эле жаттап алат экен. Мына ушундай кызыктуу маалыматтар камтылган, бала тарбиялоо тууралуу китеп алгыңыз келеби? Анда лентаны акмалап туруңуз. Бир нече күндөн кийин "бала тарбиясы" жөнүндөгү китептерди ойнотом📚📚📚
616   20
16.06.2020
Апасы кошуна аялдан туз сурап жатканын уккан баласы: “Апаке! Кечээ базардан бир баштык туз алып келдим эле, эмне үчүн кошунадан дагы туз сурап жатасыз?”- деп сурайт. Апасы: “Уулум! Кошунабыз колунда жок кедей адамдар. Алар дайыма бизден муктаж болгон нерсесин сурап турат. Мен андан бир аз гана туз сурадым, чоңураак нерсе сурап ыңгайсыз абалда калтыргым келген жок. Негизи мага туз керек эмес болчу, бирок туз сураганымдын сыры башкада. Алар менден бир нерселерди сураганда уялып, кысталып калбастыгы үчүн, мен дагы кээде аларга муктаж болуп тураарымды сездиргим келди”- деп жооп берет. Бул - алтын тамгалар менен жазыла турган адеп-ахлактын туу чокусу... Эгерде аял жакшы болсо, анда ал уул-кыздарына үлгү боло алат. Ал эле эмес, жалпы элди туура багытка баштай турган жакшы урпакты, келечек муунду тарбиялап өстүргөн мектеп болот... Кошуналардан кабар алып, ал-жайын сурап туруңуз.