Кундуз Казыбек кызы
@kunduz_kazybekkyzy
Кундуз Казыбек кызы

Подписчики: 73319
Посты: 666
Подписки: 605
✒Основ. YOUTUBE- @solomedia.kg ✒Музыкальный редактор🎼 ✒Радиоведущая 🎧 ✒Телеведущая 💻
http://www.youtube.com/solomediakg


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
388   4
18.03.2020
Коронавирус аныкталган 3 кыргыз жараны 12-мартта учуп келишкен, бирок обсервацияга алынган эмес. Алар менен бирге кичи ажылыка барган канчалаган адам бир самелетто келишкен. Бул дегендик алакандай жерибиздин ар бир бурчунда аталган вирусту жуктуруп алгандар катталышы мумкун дегендик. Учурунда алар карантинге алынганда азыркыдай элде кооптонуу болбойт эле. Бири шалаакылык кылды деп Окмотту куноолосо бири жуктуруп алгандарды куноолоп жатышат. Болоору болду... Эми Италия, Франция олколорунун каталарын кайталабай мекенибизге ЧС киргизсе... Себеби кыргызбыз да той топурлар отуп жатат, чайханалар иштеп жатат. Жарандык, моралдык жоопкерчиликти ар бирибиз сезишибиз керек! Востаптан канчалаган маалымат келип жатат. Ар бирине ишене берсен жашагын келбей калат экен😁 Андыктан такталган официалдуу маалыматка конул буралы. Баарыбызга денсоолук🙏 Сак бололу! Жеке гигиенаны сактайлы! #covid_19
387   11
04.04.2020
Азыркы учурда кайрымдуулук боюнча ар кандай кептер айтылууда... Бири элге жарыялабаш керек десе экинчиси эл улгу алыш керек дейт. Чынында жардамдын кандай туру болсо да ал соопчулук учун! Менин жеке оюм отчет катары да башкалар улгу алыш учун да айтып коюш аша чапкандык болбойт. Ал эми учурдагы чектоолорго карабай «Айымзаттын» кыздары чогулган акчадан бир нече уй-булого азык-тулук жеткирип беришти. Буга чейин айтылгандай жеке баракчаларыбызга жардам сурап кайрылгандар ото коп болгон. Бирок чектоолордон улам алыскы аймактагыларга бара албай дагы, жетише да албай калат экенбиз. Оор абалдагы жарандарыбызга мамлекет тарабынан да жардам берилээри айтылууда. Андыктан бир аз чыдап, сабырдуу бололу🙏 Комок корсотом дегендер учун элсом: 0709 889 870 Кооптуу учурда баарына кайыл болуп жургон @jibek_azizova ыраазычылык😘🙏
371  
05.02.2020
Катталуучуларымдын саны 50К болгондо озум тууралуу бир нече факт жазып, алардын учоо туура эмес экенин белгилеп, ким биринчи тапса ошого белек дедим эле. Копчулуктун жообу боюнча «таэквондо менен машыккан эмессиз»- машыкканда да кандай машыккам😄 Учурунда бул спорттун туру мода болуп классыбыздын кыздары, баарыбыз озунчо эле таэквонистка болуп калганбыз😅 Баса азыркыга чейин бутум жакшы чоюлат если че😅 “Парашюттан секирген эмессиз»- Негизи экстремалды жактырам, Колго барганда бир нече жолу парашюттан секиргем, очуруп эле салбасам, лентадан видео, суротторду тапсаныз болот. «Физика сабагынан олимпиадага барган эмессиз»- Ооба, мен да тан калам кантип бул сабактан олимпиадага барганыма😄 Учурунда физика аябай жакчу, азыр эч нерсе тушунбойм, эрежелерин, формулаларды унутуп калдым💁‍♀️ «Карагат терип жоголгон эмессиз»- Бул тууралуу кийин озунчо пост жазам, чындыгында жайлоодон жоголуп кетип аран табылгам🙈🙈🙈 Эми туура жооптор: 🔴 «сут ичем» 🔴 «кызыл аттестат менен бутсом дагы кызыл дипломго жетпей калгам» 🔴 «азыркы учурда 10дон ашык окуучуларым медиа тармагында эмгектенишет» а негизи 30дан ашык деп жазгам😊 Тилекке каршы бир да туура жооп болгон жок, ошондуктан 200 бирдикти башка оюнга калтырайын♥️
Загрузка...
365   8
17.04.2020
Бир жолу жол чырагы жок чон жолдон отуп бара жатсам алдыман бойтондогон кичинекей бобок чуркап чыкты. Журогум шуу деп, алдынан тосойун десем артка качты эле машине сузуп кетейин деп аран токтоп калды. Артынан бир топ машинелер топтоло тушту. Кээ бир айдоочулар унаасынан тушуп баланы кармашты. Кичинекей да кадимкидей эле качат. «Сиздин баланызбы?» деп мени жек коро карашты. Мен апасын таппай кайсаландайм. Корсо апасы жолдун боюндагы дуконго кирип кетип баласын унутуп калганбы айтор бейкапар журуптур. Биз ызы-чуу болгуча ал келди да баягы баланы опкодон ары бир урду. «Жолдо эмне кылып журосун!» деп кыйкырып эле тим болбостон ургулап да жатат. Бала байкуш эмне кылсын... ыйлады... Баланы куноолоштон мурун апа катары баласын байкап турбай жол бойлотуп жибергенин, жоопкерчиликсиз мамилесинен улам аз жерден чон кырсыктан аман калганын, куноо озундо экенини сезгиси да келген жок. Эмне жакшы, эмне жаман, кайсы кооптуу же пайдалуу бул тууралуу ата-эне уйротпонондо кенедей бала кайдан билсин🤷‍♀️ Ата-энелер балага акыл уйротуп жатканда алардын денгээлинде суйлошолучу! Талап кылганда алына, жондомуно жараша жыйынтык чыгаралычы! Жинибизди баладан эмес талаадан чыгаралычы! Эмоцияны козомолдогонго аракет кылалычы! Жок дегенде козубузду жумуп, ичибизден 10го чейин санайлычы🙏 Бала ургандан пайда жок,зыянынан башка😔