2517
24.02.2020
Bishkek, Kyrgyzstan
Бүгүнкү түз эфирди көрүп коюңуздар, азыркы күндөгү көйгөйлүү маселе боюнча сабак өтүлдү. Соңунда мугалимибиз айткан пайдалуу маалымат менен бөлүшөйүн.
@taalim__
Буйруса, баарыңыздарды Ражаб айыңыздар менен куттуктайм.
Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: " 4 түн бар, ал түндөрдө Аллахтын мээрими, ырайымы жаайт.
Алар:
Курбан айт майрамынын түнү,
Рамазан айт майрамынын түнү,
Шабан айынын он бешинчи түнү жана
Ражаб айынын алгачкы түнү"- деп айткан.
Мына ошол түндүн бирөөсү Ражаб айынын биринчи түнү бүгүн буйруса...
Ражаб айы-"Үрөөн себе турган ай,
Шаабан айы-"Суугара турган ай". Ал эми Рамазан айы- түшүм ала турган ай болуп эсептелинет.
Ошондуктан эртенден баштап үрөөн себе баштайлы.
Аны кантип кылабыз?
Албетте орозого ниет кылып.
Бул айда күнүгө Ихлас сүрөөсүн окуу керек.
Буйруса, баарыңыздардын кылган дуба тилектериңиздер кабыл болсун!
Бизди да дубааңыздарда унутпаңыздар!
Бишкек убактысы боюнча бүгүн, 25 не караган түнү таң эрте саат 6 00 чейин ооз бекитип, орозо кармап, көп көп дуа кылалы. 🙏🌹