ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ
@nelya_nurkulova
ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ

Подписчики: 1649492
Посты: 2947
Подписки: 64
0555157675 0706157675 По вопросам сотрудничества пишите в DIRECT Подписывайтесь на наш You tube канал 👇👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCuANqkBOC2p_AZcdKMhEX-g


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
22189  
29.01.2020 K\u0131rg\u0131zistan Bi\u015fkek
АЯЛЫҢЫЗДЫН КӨҢҮЛҮНӨ ЖОЛ ТАБУУ. . –Аялыңызды чырайлуу өзүнө жаккан ысымдар менен чакырыңыз. –Бош убактыңызды аялыңыз менен сүйлөшүп олтурууга сарптаңыз. –Ага жакшы жаңылыктарды жеткизип туруңуз. –Эң жакшы эсте калган мүнөттөр аялыңыз менен болушун ар дайым эсте сактап жүрүңүз. –Аялыңыз менен чектен чыкпагандай тамашалап туруңуз. –Спoрт же башка нерсе менен жарышып туруңуз. –Аялыңыздын сизге көз караштары туурасында пикириңизди билдириңиз. –Анын пикирлерин көңүл койуп үйрөнүп чыгыңыз. -Өз пикирлери менен сизге жардам бергени үчүн аялыңызга ыраазычылык айтыңыз. –Өз керектөөсүнө жете турган даражада акча берип туруңуз. –Кайсыл жерде болсоңузда аялыңыз менен кабарлашып түруңуз. –Мүмкүнчүлүк болушунча эртерээк үйгө кайтууга аракет кылыңыз. –Аялыңызга белек алууну унутпаңыз. –Дайым таза жүрүңүз. –Аялыңыз үчүн жасаныңыз. –Сүйлөшүп жатканда керектүү сөздөрдү иштетиңиз, керексиз бош сөздөрдөн сактаныңыз. –Ачык айкын сүйлөңүз, сөзүңүздү түшүнө алгыча кайталаңыз. -Ата-энесин зыярат кылууга алып барыңыз. –Aялыңызды келип көрүп кетүүгө аларды конокко чакырыңыз. –Артыкча кызгануудан сактаныңыз. –Сизге кылынган каталарын кечириңиз. –Эң биринчи бир нече жолу сөз арасында насаат кылып көрүңүз, анан жекече насаат кылыңыз. –Аялыңыздын бир гана чоң каталарын эсепке алып койуңуз. -Ката кылсада, анын жакшылыктарын да эсте сактаңыз. –Аялыңыз жакшы тамак кылбаганы үчүн урушпаңыз, себеби Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам тамак туралуу жаман айтпаган. –Катасын айтыштан алдын сөз арасында билдирүүгө аракет кылыңыз. Түз эле айтуудан ушул жакшы. -Аялыңызга катуу тийе турган сөздөрдү айтпаңыз. –Ачууңуздун таркашын күтүңүз. Себеби өкүндүрүүчү сөздөр айтылбай калат. Пайдалуу макала @taalim__ баракчасынан алынды. Айымдар кимге жиберишти билесиздер 😀🤗😉
20100   1724
27.06.2020
Дуба - момундун куралы дейт, ошондуктан жамаат менен Тафрижия салаватын баштадык. Бул салават 4444 жолу окула турган дуба, андыктан ар бириңиздер чын жүрөгүңүздөр менен окусаңыздар... буйруса Алланын мээрими, каалоосу менен өкүл кызым эсине келип, абалы жакшырат деген үмүттөмүн... Асель биздин эле эмес бүтүндөй кыргыз элинин кызы... Андыктан Жаратканымдан ырайым тилеп, дуба кылып коюңуздарды дагы да өтүнөм... Жалпы элимдин, жамааттын дубасы кабыл болсун 🤲🤲🤲 . . Узтаз @rahat_amanbaevaa эжекеме жана кыздар медресесине ыраазычылык билдирем. . Тафрижия салаватынын котормосу: Оо, Жараткан Аллахым! Пайгамбарыбыз Мухаммадга чексиз ырайымыңды төгөкөр... Анын урматы үчүн түйүндөр чечилип, кыйынчылыктар жөнгө салынат. Анын урматы үчүн муктаждыктар камсыз кылынат. Анын урматы үчүн көкүрөктөгү аруу тилектер орундалат. Анын урматы үчүн албан-албан ийгиликтер жүзөгө ашырылат. Анын урматы үчүн булуттардан жамгыр жаайт. Анын үй-бүлөсүнө, кутман сахабаларына да ар дайым жана Өзүңө маалым болгон жандуу-жансыздардын санынчалык ырайымыңды төгө көр... . Бул салават ар кандай ооруулар жана оор кырдаалдар үчүн окулат.