13796   985
              163265
                                              
            
            
            	
            	  
                
            
            
            
            
            
            29.06.2020
			
            
            
			Өкүл кызымдын кырсыктаганын угаары менен менин таалим сабагынан мугалимим @rahat_amanbaevaa эжекем өзү байланышып, Тафрижийа дубасын баштайлы деп жамаат менен окуп абдан кубантты. 
Өкүл кызымдын абалы дагы деле оор болгондугуна байланыштуу бүгүн дагы суранган болчум. 
Мына, эми @akbermet.2000 өз мойнуна алып 4444жолу эмес, элдин жардамы менен 17000ден ашыптыр. Көзүмө жаш алып, аябай сүйүндүм. 
Элден айланса болот 🤲🤲🤲 Таазим сиздерге...
Рахат эжекеме, таалим сабагындагы бирге окуп жүргөн 
эжекелериме, Акбермет сиңдиме, кыздар медресесине жана жалпы элиме ыраазычылыгымды билдирем. 
Асель азыр ар бириңиздердин дубаларыңыздарга муктаж. Буйруса, бардыгы жакшы болот деген үмүтүм чоң...