9173
19.10.2019
Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
Аялдар керемет зат.Аллах аял затын жаратууда 6 күн тынбай эмгектениптир.Аллахтын жанынан бир периште өтүп бара жатып,суроо узатат:
-Сиз бул пендени жаратууда,эмнеге көп убакытыңызды короттуңуз?
Аллах жооп берди:
-Көрдүңбү,мен буну жаратууда көптөгөн милдеттери менен кошо жаратып жатам.Бул аял заты ар түрдүү 200 кыймылга ээ болуп,ал кыймылы күн сайын алмашып турушу керек.Түркүн тамактарды жасаганга жетишип,бир эле учурда бир нече баласын кучагына алышы заарыл.Эң негизгиси бул нерселердин баарысын ал болгону эки колу менен жасай алат.
Периште таң калып
-Болгону эки колу мененби?мүмкүн эмес.Ушуга көп убакытыңызды коротосуңузбу.Балким эртең деле бүтүрөрсүз да.
-Жок деп жооп берди Аллах.Мен негедир бул эмгегимди бүтүрүүгө ушунчалык жакынмын дейсиң,жана бул менин чын дилимден сүйүп жасаган эмгегимдин бири болот.
Бул аял заты ооруп калса эч кимге айтпай өзү сакайып,жана чарчабастан 18 саат иштей алат.
Периште жакын келип аялды кармап көрдү да:
-Бирок Аллах,сиз аны ушунчалык назик кылдыңызбы?
-Ооба ал аябай назик-деп жооп берди Аллах.Аны менен кошо мен аны күчтүү да кылдым.Сен бул аял затынын аткара турган түгөнгүс түйшүгүн элестете да албайсың.-А бул аял заты ойлоно алабы?
-Бул ойлонгонду гана эмес,туура чечим чыгарганды да билет.
Периште капысынан аялдын көзүнөн тамчы жашын көрүп:
-Аллах ал эзилип жатат,сиз ага өтө эле көп оордук берип койгон жоксузбу?
-Жок,ал эзилген жок,бул анын көз жашы
Периште ойлонуп
-А бул көз жаш эмне үчүн керек-деп сурады
-Ал бул көз жашы менен өзүнүн кайгысын,жалгыздыгын,жан дүйнөсүнүн жараланганын,кубанычын жана сүйүүсүн билгизе алат
-Бул деген керемет-деп периште таң калды-Аллах сиз ушундай акылдуусуз,сиз баарын ойлоп табыпсыз.Аял заты бул чынында эле өзгөчө зат.Сиз айткандарыңыздын баарысы туура.Аял затында эркектерди өзүнө багындыруучу укмуштуудай күчү бар,жана бул күчтүн астында эч бир эркек туруштук бере албайт.Алар баардык азаптарга чыдап,бул дүйнөнүн оор жүгүн өздөрүнүн мойнунда көтөрө алат.Алар бизге бакыт жана сүйүү тартуулайт.Өздөрүнүн жан дүйнөсүн мээримин бүтүндөй өз үйбүлөсүнө арнашат.Алардын сүйүүсүн сөз менен айтып жеткизе албайсың.Алар жакындарынан айрылып,жүрөктөрү жараланса да,өздөрүнө күч топтоп бул жашоосун уланта берет..