ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ
@nelya_nurkulova
ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ

Подписчики: 1649492
Посты: 2947
Подписки: 64
0555157675 0706157675 По вопросам сотрудничества пишите в DIRECT Подписывайтесь на наш You tube канал 👇👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCuANqkBOC2p_AZcdKMhEX-g


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5013   80
31.01.2020
🌱 *Жакшылык кыл.*. . . Элге жакшылык кылган киши башкага гана эмес, өзүнө дагы пайда алып келет. Жакшы иштерди кылуу эки дүйнөдө тең жакшылыкка жеткирет. *«Албетте, Алла Taaлa жакшылык кылгандар менен бирге»* Бул дүйнөдө жакшы иштер кишиге кубаныч, рахат тартуулайт. Адамдын жан-дүйнөсүнө тынчтык алып келип, кайгы-капаларын унуттурат жана анын жашоосун жарык, бактылуу кылат. Башкаларга жакшылык кылуу менен киши өзү толук оңоло баштайт. Aнткени башкалардын батылуу болуусуна жардам берүү менен өзү да бактылуу болот. Акыретте жакшы иштери аны Жараткандын сыйлыктарына ээ кылып, бейишке киргенге жардам берет. Алла Таала мындай дейт: *«Бүл дүйнөдө жакшылык кылгандарга жакшылык бар. «Силер өзүңөр үчүн алдын-ала кандай гана жакшы нерсе даярдаган болсоңор, аны эң жакшы жана эң чоң сыйлык катары Алладан таба аласыңар». Эгер сен кайгырып жаткан болсоң, анда башкаларды кайгы-кападан арылтууга аракет кылып көр, муктаждарга жардам бер. Оорулуу жанды көргөнгө бар, садака бер, ачты тойгуз, балээ-кырсыкка дуушар болгон адамдарга жардам бер. Башкалар үчүн колунан келишинче жакшылык кыл. Ошондо бактылуулук менен кубаныч сенин жүрөгүңө кантип толуп жатканын сезесиң. Меймандос бол, башкаларга жылмаюу тартуула, жакшы сөздөрдү айт, колдо, соорот, үмүт бер, элдин жашоосун жеңилдет, ар дайым жардам берүүгө умтул... Ким чын жүректөн Жараткан Алланын ыраазычылыгы үчүн жана Анын сыйлыгына умтулуп жакшылык кылган болсо, ал сөзсүз өзүнүн мээнетинин түшүмүн көрөт: *«Жакшылык кылгыла, анткени Алла жакшылык кылгандарды сүйөт»*. Алла Тала биздин иштерибизди бүт көрүп турат жана Ал биз кылган нерселер үчүн, алар анча маанилүү болбосо дагы, сыйлыктарды берет: _*"Силер кандай жакшылык кылсаңар дагы Алла аны билет"*_. @taalim__ 🍀
Загрузка...