10734 196
17.01.2020
Жума кунунуздор менен... • Дүйнөдө телегейи тегиз үй – бүлө жок. Анткени телегейи тегиз болгон адам болбойт. Эгерде үлгүлүү үй – бүлө болсо, анда ал үйдө көп жылдар бою сабырдуулук, түшүнүү, акылмандык жана жубайлардын бири – бирине жол берип жашагандыгынын натыйжасы. • Көпчүлүк учурда жаштар бири – бири тууралуу эч нерсе билбей туруп баш кошуп алышат. Мүмкүн экөөнүн бирөөсү сараң, өзүмчүл, акылсыз болуп чыга келет. Жыйынтыгында, көңүл калуу, чыр – чатактар келип чыгат. Мындай учурда капа болуунун кажети жок. Эгерде жогорудагы сапаттар өтө эле зыянын тийгизбесе, анда маселени чечүүгө өзүңүз аракет кылыңыз. Анткени баардык адамда билинбей жаткан терс сыпаттар болот. Мухаммад пайгамбар (саллаЛлаху алейхи ва саллам) мындай деген: “Күйөөсү аялын жек көрбөш керек. Эгерде аялынын кандайдыр бир сыпаты жакпаса, анда ал башка сыпатына ыраазы болушу керек”. Бул хадис эркектерге тиешелүү. Бирок хадисте жубайлардын бири – бирине болгон идеалдуу мамилеге карата аябагандай зор маани жатат. Мисалы, күйөөсү аялынын катылып жаткан жөндөмдүүлүгүн байкап, ошол сыпаты үчүн кайрадан жакшы көрүп, сезимдерин жаңылоосу мүмкүн. Бир акылмандан сураган экен: “Сиз жубайыңыз менен көп жылдан бери өмүр сүрүп келе жатасыз. Үй – бүлөңүздүн сыры эмнеде?” – деп сураганда, акылман: “Биздин убакта бузулуп калган буюмду оңдоп – түзөп алчубуз. Ал эми азыр таштап салышат” – деп жооп берген экен. • “Сага кандай мамиле кылууну кааласаң, сен да адамдарга ошондой мамиле кыл”, бул эреже үй – бүлөнүн ичинде да сакталуусу керек. Жолдошуңуздун жакшы сыпаттарын таап, байкап, аларды мактап койсоңуз ашык болбойт. Бирок аша чаап мактасаңыз да аракетиңиз терс натыйжа берүүсү мүмкүн. Эгерде баары өз чеги менен болсо, анда жолдошуңуз да сиздин байкабай жүргөн сапаттарыңызга көңүл буруп, мактоого арзыйсыз. Эч убакта күйөөңүздү жаш балача урушуп, жемелебеңиз. Бир дагы эркек мындай мамилеге чыдабайт. Ал жоош болсо да, анын намысына тийбеңиз. Кыжырданып, ачуулукка алдыруунун ордуна сылык мамиле жана сүйүү гана сиз каалаган натыйжа берээрин унутпаңыз.
@taalim__ баракчасынан алынды, баракчага жазылыныздар
#таалим #🤲