ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ
@nelya_nurkulova
ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ

Подписчики: 1649492
Посты: 2947
Подписки: 64
0555157675 0706157675 По вопросам сотрудничества пишите в DIRECT Подписывайтесь на наш You tube канал 👇👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCuANqkBOC2p_AZcdKMhEX-g


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
2517  
24.02.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Бүгүнкү түз эфирди көрүп коюңуздар, азыркы күндөгү көйгөйлүү маселе боюнча сабак өтүлдү. Соңунда мугалимибиз айткан пайдалуу маалымат менен бөлүшөйүн. @taalim__ Буйруса, баарыңыздарды Ражаб айыңыздар менен куттуктайм. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: " 4 түн бар, ал түндөрдө Аллахтын мээрими, ырайымы жаайт. Алар: Курбан айт майрамынын түнү, Рамазан айт майрамынын түнү, Шабан айынын он бешинчи түнү жана Ражаб айынын алгачкы түнү"- деп айткан. Мына ошол түндүн бирөөсү Ражаб айынын биринчи түнү бүгүн буйруса... Ражаб айы-"Үрөөн себе турган ай, Шаабан айы-"Суугара турган ай". Ал эми Рамазан айы- түшүм ала турган ай болуп эсептелинет. Ошондуктан эртенден баштап үрөөн себе баштайлы. Аны кантип кылабыз? Албетте орозого ниет кылып. Бул айда күнүгө Ихлас сүрөөсүн окуу керек. Буйруса, баарыңыздардын кылган дуба тилектериңиздер кабыл болсун! Бизди да дубааңыздарда унутпаңыздар! Бишкек убактысы боюнча бүгүн, 25 не караган түнү таң эрте саат 6 00 чейин ооз бекитип, орозо кармап, көп көп дуа кылалы. 🙏🌹
2469   156
17.02.2020
Элсом 0555 71 78 83 Каримова Чолпон: «Уулума санаа тартып жүрүп өзүм оорукчан болуп калбасам экен...» ____________ Адам болуп бул жашоого келген соң ким болбосун оору-сыркоосуз, бактылуу турмушта, узак өмүр жашагысы келет эмеспи. Бирок, тилекке каршы, Жараткан ар бир адамга жакшы да, жаман да тагдыр берип сынайт экен. Ал сыноого сынгандар да, ага каршы туруп жеңип чыккандар да жок эмес. Рубрикабыздын бүгүнкү каарманы уулунун ден соолугун тилеп, сакайып кетишин күн санап күтүп жүргөн эне… ▶️«Бирөөнүн малын багып күн кечирип келебиз» Биз Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айылынан болобуз. Кадимки эле карапайым кыргыз үй-бүлөлөрүнүн бирибиз. Өз үйүбүз жок болгондугуна байланыштуу бирөөнүн малын карап, ошолордун үйүндө жашап күн кечиребиз. Жолдошум дагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жүрөгү ооруйт. Ошол себептүү кара жумуштарга жарабайт. Бир аз оор жумуш кылса эле дем алуусу оорлошуп эчтеке кылууга жарабай калат. Ал эми ошол үйдө жашап, мал баккан акыбыз 7 миң сом. Ага балдарыбыздын кем-карчын, тамак-ашын белен алып, эч кимдин жардамына муктаж болчу эмеспиз. Жашоо-шартыбыз начар экенине карабай Кудайга шүгүр кылып жашап келгенбиз. 2018-жылы кичүү уулум Али төрөлгөн күн эң кубанычтуу дагы, бир чети бизди кайгыга салган дагы күн болду. Ал көтөн чучугу тубаса жок болуп төрөлдү. Буга себеп болчудай кош бойлуу кезимде эч кандай деле олуттуу оору менен ооруп көргөн жокмун. Улуу балдарымды кандай көтөрсөм, муну деле так ошолордой эле жакшынакай көтөргөм. Тамак-аштан деле кем болбой жашылча-жемиш, эт жеп жүрүп төрөдүм. Врачтардын жазып берген дары-витаминдерин үзбөй алып ичип жаттым. Анан кандайча ушундай абалда жарыкка келгенине таң калам. Организминде мындай мүчүлүштүгү бар адам кадимки адамдардай заңдай албайт. Көтөн чучугунда ийненин көзүндөй кичинекей бир жылчык бар, андан дайыма ириң агып турат. Негизи, балам төрөлгөндөн эки күндөн соң оорусу аныкталып, ошол замат операция жасалган. Мындай операцияда табигый жол менен заңдай албагандыктан, ичегинин бүткөн жерин курсак көңдөйү менен туташтырып, атайын тешикче чыгарылат экен. Ошол тешикче аркылуу гана заң чыгара алат. Бул медицинада колостома деп аталат. Мындай операцияны баштан өткөргөн бала д