ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ
@nelya_nurkulova
ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ

Подписчики: 1649492
Посты: 2947
Подписки: 64
0555157675 0706157675 По вопросам сотрудничества пишите в DIRECT Подписывайтесь на наш You tube канал 👇👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCuANqkBOC2p_AZcdKMhEX-g


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
9856   90
06.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Зикирдин пайдасы. 1) Аллахты сүйүүнү, Ага жакындыкты, Андан коркууну, Ага тооба кылууну, кайтууну жаратат. Анын ыраазы болушуна, дайым сага назар салып туруусуна себеп болот. 2) Жүрөктөн кам-кайгыны айдап, ордуна шаттык-кубанычты тартуулайт, жүрөктө тазалыкты күч-кубатты жана сергектикти жаратат. 3) Жүрөктө бир боштук бар, аны Аллахтын зикиринен башка эч нерсе толтура албайт. Бир катуулук бар, аны да Аллахтын зикиринен бөлөк эч нерсе жумшарталбайт. 4) Жүрөктүн шыпаасы, дарысы, – зикир! 5) Коп зикир кылуу ыймандын күчтүүлүгүн, Аллахка болгон сүйүүнүн чындыгын билдирет. Анткени, ар бир жүрөк сүйгөнүн көп эскерет. 6) Эгер пенде кененчилик, жеңилчилик убактысында зикири менен Аллах Тааланы тааныса, Аллах Таала аны башына оор иш түшкөндө тааныйт (жардам берет). . 7) Зикир Аллахтын азабынан кутулууга, асмандан тынчтык- бейпилдик түшүшүнө, Аллахтын ырайымы ороп алуусуна себеп болот. Зикир кылуучуга периштелер истигфар айтышат. (Күнөөсүн кечиришин Аллахтан сурашат) 8) Зикир себептүү тил бейпайда сөздөрдөн, кыйбаттан, ушактан, жалгандан жана башка жаман, арам сөздөрдөн машгул болот. 9) Зикир эң жеңил ибадат болушуна карабастан, эң улук, эң абзел ибудаттардан. Ал – бейиштин көчөтү. 10) Зикир адамдын салабатуу, ырахаттуу, жаркын жүздүү болушуна себеп болот. Себеби ал – нур! Дүйнөдө да, мүрзөдө да, акыретте да жарыгы тиет. 11) Зикир өз ээсине Аллах Тааланын жана периштелеринин ырайымын алып келет Аллах Таала Өзүн зикир кылган пендеси менен периштелерге сыймыктанат. 12) Жакшы амал кылгандардын арасындагы эң абзелдери дагы, орозо кармагандардын арасында эң абзелдери дагы зикир кылуучулар. 13) Зикир ооруңду жеңил, кыйынчылыгыңда оңой кылат. Ырыскылуу болушуңа жана денеңдин кубаттуу болушуна шарт түзөт. 14) Шайтанды айдайт, кордойт жана жер менен жексен кылат.
Загрузка...
2469   156
17.02.2020
Элсом 0555 71 78 83 Каримова Чолпон: «Уулума санаа тартып жүрүп өзүм оорукчан болуп калбасам экен...» ____________ Адам болуп бул жашоого келген соң ким болбосун оору-сыркоосуз, бактылуу турмушта, узак өмүр жашагысы келет эмеспи. Бирок, тилекке каршы, Жараткан ар бир адамга жакшы да, жаман да тагдыр берип сынайт экен. Ал сыноого сынгандар да, ага каршы туруп жеңип чыккандар да жок эмес. Рубрикабыздын бүгүнкү каарманы уулунун ден соолугун тилеп, сакайып кетишин күн санап күтүп жүргөн эне… ▶️«Бирөөнүн малын багып күн кечирип келебиз» Биз Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айылынан болобуз. Кадимки эле карапайым кыргыз үй-бүлөлөрүнүн бирибиз. Өз үйүбүз жок болгондугуна байланыштуу бирөөнүн малын карап, ошолордун үйүндө жашап күн кечиребиз. Жолдошум дагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жүрөгү ооруйт. Ошол себептүү кара жумуштарга жарабайт. Бир аз оор жумуш кылса эле дем алуусу оорлошуп эчтеке кылууга жарабай калат. Ал эми ошол үйдө жашап, мал баккан акыбыз 7 миң сом. Ага балдарыбыздын кем-карчын, тамак-ашын белен алып, эч кимдин жардамына муктаж болчу эмеспиз. Жашоо-шартыбыз начар экенине карабай Кудайга шүгүр кылып жашап келгенбиз. 2018-жылы кичүү уулум Али төрөлгөн күн эң кубанычтуу дагы, бир чети бизди кайгыга салган дагы күн болду. Ал көтөн чучугу тубаса жок болуп төрөлдү. Буга себеп болчудай кош бойлуу кезимде эч кандай деле олуттуу оору менен ооруп көргөн жокмун. Улуу балдарымды кандай көтөрсөм, муну деле так ошолордой эле жакшынакай көтөргөм. Тамак-аштан деле кем болбой жашылча-жемиш, эт жеп жүрүп төрөдүм. Врачтардын жазып берген дары-витаминдерин үзбөй алып ичип жаттым. Анан кандайча ушундай абалда жарыкка келгенине таң калам. Организминде мындай мүчүлүштүгү бар адам кадимки адамдардай заңдай албайт. Көтөн чучугунда ийненин көзүндөй кичинекей бир жылчык бар, андан дайыма ириң агып турат. Негизи, балам төрөлгөндөн эки күндөн соң оорусу аныкталып, ошол замат операция жасалган. Мындай операцияда табигый жол менен заңдай албагандыктан, ичегинин бүткөн жерин курсак көңдөйү менен туташтырып, атайын тешикче чыгарылат экен. Ошол тешикче аркылуу гана заң чыгара алат. Бул медицинада колостома деп аталат. Мындай операцияны баштан өткөргөн бала д
9173  
19.10.2019 Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
Аялдар керемет зат.Аллах аял затын жаратууда 6 күн тынбай эмгектениптир.Аллахтын жанынан бир периште өтүп бара жатып,суроо узатат: -Сиз бул пендени жаратууда,эмнеге көп убакытыңызды короттуңуз? Аллах жооп берди: -Көрдүңбү,мен буну жаратууда көптөгөн милдеттери менен кошо жаратып жатам.Бул аял заты ар түрдүү 200 кыймылга ээ болуп,ал кыймылы күн сайын алмашып турушу керек.Түркүн тамактарды жасаганга жетишип,бир эле учурда бир нече баласын кучагына алышы заарыл.Эң негизгиси бул нерселердин баарысын ал болгону эки колу менен жасай алат. Периште таң калып -Болгону эки колу мененби?мүмкүн эмес.Ушуга көп убакытыңызды коротосуңузбу.Балким эртең деле бүтүрөрсүз да. -Жок деп жооп берди Аллах.Мен негедир бул эмгегимди бүтүрүүгө ушунчалык жакынмын дейсиң,жана бул менин чын дилимден сүйүп жасаган эмгегимдин бири болот. Бул аял заты ооруп калса эч кимге айтпай өзү сакайып,жана чарчабастан 18 саат иштей алат. Периште жакын келип аялды кармап көрдү да: -Бирок Аллах,сиз аны ушунчалык назик кылдыңызбы? -Ооба ал аябай назик-деп жооп берди Аллах.Аны менен кошо мен аны күчтүү да кылдым.Сен бул аял затынын аткара турган түгөнгүс түйшүгүн элестете да албайсың.-А бул аял заты ойлоно алабы? -Бул ойлонгонду гана эмес,туура чечим чыгарганды да билет. Периште капысынан аялдын көзүнөн тамчы жашын көрүп: -Аллах ал эзилип жатат,сиз ага өтө эле көп оордук берип койгон жоксузбу? -Жок,ал эзилген жок,бул анын көз жашы Периште ойлонуп -А бул көз жаш эмне үчүн керек-деп сурады -Ал бул көз жашы менен өзүнүн кайгысын,жалгыздыгын,жан дүйнөсүнүн жараланганын,кубанычын жана сүйүүсүн билгизе алат -Бул деген керемет-деп периште таң калды-Аллах сиз ушундай акылдуусуз,сиз баарын ойлоп табыпсыз.Аял заты бул чынында эле өзгөчө зат.Сиз айткандарыңыздын баарысы туура.Аял затында эркектерди өзүнө багындыруучу укмуштуудай күчү бар,жана бул күчтүн астында эч бир эркек туруштук бере албайт.Алар баардык азаптарга чыдап,бул дүйнөнүн оор жүгүн өздөрүнүн мойнунда көтөрө алат.Алар бизге бакыт жана сүйүү тартуулайт.Өздөрүнүн жан дүйнөсүн мээримин бүтүндөй өз үйбүлөсүнө арнашат.Алардын сүйүүсүн сөз менен айтып жеткизе албайсың.Алар жакындарынан айрылып,жүрөктөрү жараланса да,өздөрүнө күч топтоп бул жашоосун уланта берет..