ЖАРАТКАНДЫН ЖАРДАМЫ ЖАНА ДЕЗИНФЕКЦИЯ
Дагы ЖАКШЫ КАБАР айтайын. Кудайга чексиз шүгүр – бүгүн “дагы чыкты”, “жугузгандар катталды” деген кабар болгон жок. Бул да болсо дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларыбыздын, атка минерлерибиздин, кайрымдуу уул-кыздарыбыздын, дегеле мыйзамды сыйлаган, эреже-тартипке баш ийген кош көңүл эмес жарандарыбыздын ак дилдүү, ынтымактуу аракетине Жараткандын берген берекети.
Кечээ нөшөрлөп жамгыр жааган. Биринчиден, жамгыр бул – Жараткандын ыракматы. Жамгыр учурунда айтылган тилек, берилген бата кабыл болот дейт. Азыр канча адамдар аты жаман вирустун зыянынан сактоону күн-түн дебей сурап жаткан учур. Экинчиден, “таза болсоң суудай бол – баарын жууп кетирген” дегендей, жамгыр аркылуу бүтүн өлкөбүз: шаарлар, базарлар, мазарлар, айылдар, тоолор, талаалар, аң-жарлар, айтор, кең айдыңдардан тартып кычык-бучуктарга чейин дезинфекция болду. Эгерде ошондой дезинфекцияны өзүбүз кылчу болсок, мамлекеттин казынасынан миллиарддаган сом акча кетмек. Бүткүл жарандык жана аскерий авиациябыздын баарын асманга миң жолудан көтөрүп миллиондого тонна антисептик чачтырсак да, бир саамга төгүп өткөн жамгыр тийгизген пайданын миңден биринче иш бүтмөк эмес.
Бүгүн болсо күн жаркырап тийип, жылуу болду. Вирус жылуулуктан, күндөн коркот дешет дарыгерлер. Айтор, биз кадырына жетпей, бүлгүн салып, кыйратып, кордоп жаткан табигат аркылуу Жараткан Өзү жардам берип жатат бизге. Кандай жолдуу, бактылуу элбиз.
Баса, карантин себептүү аба тазалана түшкөнүн байкабаган адам болбосо керек. Көчөдө быкшытып түтүн бүрккөн транспорт азайганда, ушинтип, аба арууланат экен. Ден соолуктун чыныгы булагы – бул таза аба. Тамаксыз ондогон, суусуз үч-төрт күн жашашың мүмкүн, бирок, аба жок болсо ашып барса саналуу мүнөттөн соң жалган өмүр жайрайт.
Көрдүңүзбү, кыжалат кылчу бир сыноонун артында, биз аңдай бербеген купуя жана ачык миңдеген жакшылыктар бар. Орустар “Не болсо да жакшылыкка” (Все к лучшему) деп бекер айтышпайт өзү.
Карантин да, өзгөчө кырдаал дагы уланат. Кут-берекенин ордосу болгон үйүбүздө отуруу мүмкүнчүлүгү дайым эле боло бербейт. Убактым болгондо кыйратат элем деген иштерди эми жасайлы: ⬇⬇⬇