ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖЫШААНЫ
#Жакшы_кабар - бүгүн асман чайыттай ачык. Мунун кандай жакшылыгы бар дейсизби? Биринчиден, вирустун эң сонун дарысы, акесин таанытар дезинфекциясы болгон күн сонун тийди, буюрса. Экинчиден, күн менен булут - азыркы акыбалдын символикалык каармандары. Эстесеңиз, мурдагы күндөрү кара булут, кечээ ала булут каптаган. Бүгүн болсо булут такыр көрүнбөйт. Муну жакшылыктын белгиси деп билелик. Кудайдан болуп, булут бир ордунда узак калбай каалгып өтүп кеткендей эле, тигил вирус да элибизден, жерибизден, дегеле адамзаттын башынан батыраак өтүп, алыс кетип, көздөн, ойдон биротоло кайым болот экен деп жоруйлук. Буюрса, башыбызга кара булут айланган кыйын учур артта калууда деп ишенелик. Кыргыздын бардык жакшылыктарды камтыган “Асманың ачык болсун” деген мааниси терең жана кенен ак батасы бар. Асманыбыз ачыла берсин! Булут менен кошо көкүрөктөн муң, кыжалатчылык таркап, күн менен бирге кабак-кашыбыз, маанайыбыз жадырасын. Чайыттай асман сыяктуу жолубуз, көңүлүбүз ачылсын. Ошондой эле, ушул сыноону өз башыбызга чакырган пенделик айып-күнөөлөрүбүздү айра таанып, тообо келтирүүгө, кадырын билбей колдон чыгара жаздаган Жараткандын чексиз берекеттери үчүн шүгүр айтууга көзүбүз жана көкүрөгүбүз ачылсын. Соода, бизнес, алакалар азайып, өлкөбүздүн жону жукарып турганда, муктаждарга, оорулууларга жардам берүүгө байлардын колу ачылсын. Бири-бирибизге жакшылык тилеп, оору-сыркоодон, кырсык-балакеттен калкыбызды калкала деп Жаратканга жалбаруу үчүн алаканыбыз ачылсын.
***
Кудайга шүгүр, кечээ да “жаңысы табылды” деген кабар болгон жок. Кара булут таркап баратат. Жараткан, өмүрүн тобокелге салып, күн-түн дебей кызматыбызды өтөп жаткан дарыгерлерибизге дарман бер! Күч түзүмдөрүбүзгө күч-кубат ырооло! Азыркы замандын элдин эсендиги, адамзаттын амандыгы үчүн көкүрөгүн дзотко тоскону чуркаган Чолпонбайдай баатырлары ошолор. Жаратканым, элибиздин ынтымагын бекемдеп, мыйзамга карата сый-урматын арттыр. Мыйзамды сыйлоо – бул мамлекетти, демек, өзүбүздүн эбегейсиз эгемендик бактыбызды сыйлоо. Биз оңолсок – абал оңолот, аалам жана заман оңолот! Буюрса, бул күндөр да өтөт... Жумабыз маарек болсун.
27.03. 2020