Казань... Жүрөгүмдө куш канатынын алдындай жылуулукка айланып уюп калды. Татар бир боорлор абдан сонун тосуп алышты. Музейлерин, эс алуу борборлорун, тарыхый жайларын, заманбап маданий мекемелерин көрсөтүштү. Жаштар министри Фаттахов Дамирь Ильдусович болсо убагында азыркы Украин лидери Зеленский менен бирге кадимки Масляковдун КВН таймашына чыгып жүргөн атактуу жигит экен. Тааныштык, баарлаштык, пикир алыштык. Айдоочусу менен жардамчысын мен Казандан кайткыча карамагыма табыштап берди. “Мы своих гостей без внимания не можем оставить” дейт жылмая. Меймандоспуз деп мактанабыз, бирок, татарлар бул жагынан бизге да өрнөк болчудай. Дүйнөлүк универсиаданы, футбол чемпионатынын беттештерин ж.б. биринчиликтерди өткөзө берип конок күтүп, кадырлаганды ушунчалык үйрөнүшүптүр. Кыргыз мигранттарына жолугуп, “Мекендештерим кечки тамакка чакырып жатат. Анан өздөрү таштап коюшат экен” деп араң кетирдим министрдин жардамчысы Раиль менен айдоочуну. Болбосо, мейманканага жеткирмейин канча саат болсо да кызматыңды кылып жүрө берчүдөй. Бут менен кошо кут кирип, Казань таанылгыстай өсүптүр, өзгөрүптүр. 2005-жылы барганымда укмуш көрүнгөн, азыр андан да ачылыптыр, чырайына чыгыптыр. Тазалыгын, жашылдыгын, бейпилдигин жана сулуулугун айт. Кыйырсыз түзөңдө этек-жеңи жайыла кериле кеңирсийт тим эле. Азырынча, Орусияда Казанга теңдеш кооз, жанга жагымдуу шаарды көрө элекмин. Тамактары да биздикине окшош: адал, даамдуу, берекелүү. Жылкынын этин жакшы көрүп жешет экен... Кыргыз диаспорасы менен жолуктук. Ала-Тоонун эпкинин аябай сагынышкан белем, Instagram аркылуу келгенимди жаза койсом, топтоло калып чакырышты. Сагынычтарды жазыштык. Ошол жерде кыргыз бөбөктөрүн эне тилибизге акысыз үйрөткөн бир мугалим бар экен. Алыста ата салтын, эне наркын, улут тилин сактоо далалатын кылган ысык ыкласыңардан айланса болот, кандаштарым...
Айтор, тили, теги, тамыры бир алыстагы татар туугандар менен жүздөшүп, дидарлашып, боор батырышып кайттык. Таасирлер Казанды бойлой аккан Волга дайрасындай учу-кыйырсыз, мол. Көп нерсени үйрөндүк, ийгиликтерге шыктандык... Бар бол, Казань. Бар болгула, татар бир туугандар...
#Рахмат_Татарстан #Дамир_Ильдусович #Прекрасный_Казань #Спасибо_Раиль