ЭҢ КОРКУНУЧТУУ ТӨРТ КУРАЛ ЖЕ ООР ЖҮКТҮ АРТЫНГАН КААРМАНДАР
Бул замандын эң кубаттуу төрт “согуштук куралы” бар: калем, фотоаппарат, микрофон жана камера. Булар менен досту каршылаш, жакынды алыс, шериктешти атаандаш кылып, сүйүүнү душмандыкка, биримдикти ыдыроого айлантып, чыкпас жерден өрт, көчпөс жерден көчкү, атылбас жерден жанар чыгарсаң болот. Антейин десең, араздашууну токтотуп, урушкандарды жараштырып, ажырымды аштоого, чөккөн көңүлдү көтөрүп, түшкөн духту бийиктетүүгө, карайган дилди аруулап, тарыган пейилди кеңейтүүгө, мокогон акылды курчутуп, жабыккан сезимди ачууга дары болор негизги жабдыктар да ушул төртөө деп билем: калем, фотоапарат, микрофон жана камера. Булардын акты кара, чынды төгүн, акыйкатты жалган, же тескерисинче жокту бар, чөлдү шаар, кумду кар көрсөтөр шумдук өзгөчөлүктөрү бар. Же жаңылышып жатамбы? Балким... Анткени, калем да, фотоаппарат да, микрофон да, камера да, болгону - буюмдар. Пайдаланбасак көчөдө жаткан темир-тезектен, же желим пакет, бөтөлкөлөрдөн айырмасы канча. Демек, кеп аларды колдонгон адамда! Кандай ниетте кармаса, иштетсе, ал макулуктар ошол максатка кызмат кылып берет. Ошондуктан, ушул төртөө аркылуу ырыскысын таап, эл-журтка эмгегин арнап жаткан басма сөз, интернет басма, радио жана теле кызматкерлерине ир алды менен чың ден соолук тилейм. Анан, албетте, кесипкөйлүк жоопкерчилик каалайм. Антпесе, жөнөкөй кишиден айырмаланып аларды уккандар, көргөндөр жана окугандар огеле көп. Ошол көпчүлүктүн адашуусуна эмес чындыкты көрүүсүнө жана билүүсүнө, баштарынын айлануусуна эмес, түпөйүл суроолоруна туура жооп табуусуна себеп болуу - мүмкүн, бул кесиптин башкы миссиясыдыр. Сиздер болгонду гана чагылтпастан, көбүнесе, саясаттын агымын бурууга, нугун өзгөртүүгө, өтө олуттуу чечимдердин кабыл алынышына себепкерсиздер. Артынган жүгүңүздөр аябай оор. Ошол жүктүн эсеп-кысабын алчу абийириңиздер ар дайым айрандай ак, булактай тунук болсун. Калемгерлер жана теле, радио жане интернет оболорунун каармандары, менин #ЖУРНАЛИСТ ДОСТОРУМ, кайсыл бир деңгээлде кесиптештерим! Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайм. Ар бириңиздерге ийгилик, оомат, береке жана үй-бүлөлүк бакыт тилейм!
Урматтоо менен,
Нуржигит