Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw
Загрузка...
Bishkek, Kyrgyzstan
Буюрса, 12синде Маданият министрлигине караштуу бир канча китепканаларда жана окуу жайларда сынак өтмөкчү. Миңден ашуун адам катталды. Китепкөй өлкө өнүгүүдө. _ Өткөнгө мылтык кезесек, келечек замбирек менен тосуп алаар 🔥 “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алкагында КРнын Маданият жана маалымат туризм министрлигинин колдоосу менен " Бир адамдан- бир китеп" долбоору, "Данек" китеп дүкөнү жана "Инсан" коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп жаткан республикалык #КитепTime китеп олимпиадасынын жаңы сезонунун алгачкы оюну 🔥 Алгачкы таймаш Көчкөн Сактановдун "Маркумдар үнү" чыгармасынын негизинде өтөт жана байке фонду 100 000 сомду түзмөкчү 🔥 Таймашка катышуу акысыз жана каттоо 10-февраль саат 18:00гө уланат 🔥 Тандап алуу оюндары бир катар окуу жай жана китепканаларда өтөт. Катталгандар ватсап группаларына жараша бөлүштүрүлөт. Катышуучулар оюн болоор күнү айтылган жерге жараша 09:00гө келип, кошумча каттоодон өтүүсү зарыл 🔥 ТАЙМАШТЫН ӨТҮҮ ШАРТЫ: Таймаш Бишкек шаарында өтөт жана 2 турдан турат. _ 1-тур . Тандап алуу оюндары. 12-февраль күнү өтөт. Форматы: тест түрүндө Тестте 100 суроо берилет. Жалпы катышуучулардан алдыңкы орунду ээлеген 75 окурман финалдык таймашка жолдомо алышат _ 2-тур. Финалдык оюндар. 14-февраль күнү өтөт Форматы: суроо жооп түрүндө Алдыңкы орунду ээлеген 75 окурман чүчү кулак таштоо аркылуу 15 командага бөлүнөт жана жарыш командалар арасында өтмөкчү. Таймаш суроо жооп түрүндө өтүп, жеңүүчүлөр топтогон упайларына жараша аныкталат 🔥 Жеңүүчүлөрдү сыйлоо “КитепТой” иш-чарасында өтөт. Байгелер 1-орун 30 миң сом 2-орун 25 миң сом 3-орун 20 миң сом 4-орун 15 миң сом 5 -орун 10 миң сом Мындан сырткары китеп сүйүүчүлөр упайларына жараша баалуу жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышат. 🔥 P.S. Белгилүү жагдайларды эске алуу менен оюндун форматы ушундай түзүлдү. Бул формат эксперименталдык жана алдыдагы китеп жарыштарда өзгөрүүсү мүмкүн экенин баса белгилеп кетебиз. 🔥 Экстра P.S. Аталган олимпиадага демөөрчү боло алам дегендер үчүн эшигибиз ачык.

Загрузка...
4584   32
25.07.2020
“Бир адамды куткарган, бүткүл адам баласын куткарганга барабар” 🔅 “Бир адамдан - бир китеп” элдик долбоорунун уюштуруучулары жалпы журттун башына түшкөн кыйын кырдаалдан чыгууга салым кошуу максатында «Элибиздин саламаттыгы үчүн» акциясын баштап жатабыз. Сизди дагы салым кошууга чакырабыз!!! #БиргеЖеңебиз 🔅 Чогулган акча каражаты кайда жумшалат: 🔹COVID-19 илдетинен жабыркагандарга керектүү дары-дармектерди алууга; 🔹Дарыгерлерге коргоо каражаттарын, зарыл жабдыктарын алып берүүгө; 🔹Абалга байланыштуу кыйналып жаткан муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө; 🔹Зарылчылыкка жараша шаар, регион, айылдарга тиешелүү жардамдар бөлүнүп берилет. 🔅 Долбоорго чогулган акча каражаттар боюнча ачык-айкын фото-видео отчёту Фейсбук, Инстаграм баракчабызга байма-бай жарыяланып турат. Сыркоонун сыноосун бирге жеңебиз! Ден-соолукта болуңуз!!! #БиргеЖеңебиз✊🏼
12540   190
21.07.2020
Бул ыр жыйырма жыл мурда жазылган. Ушул апаат күндөрү кайра кайталап окуп, омиин деп алакан жайып турам... Буюрса, баары сонун болот! ТАҢДАГЫ ТИЛЕК Тилеймин амандыгын адамдардын, Тилеймин кенендигин кадамдардын. Тилеймин иши илгери болсо экен деп, Мээнети, кылгандары адалдардын. Тилеймин бейпилдигин замандардын, Түзөлүп-оңолушун жамандардын, Тилеймин аткарылып ишке ашуусун, Түбү түз, адилеттүү таламдардын. Тилеймин эркиндигин жарандардын, Бактысын, ырыскысын аман жандын. Башкысы, адамдыгы сакталса экен, Бай-кедей, падышанын, чабандардын. Тилеймин кыргызымдын өнүгүшүн, Таалайдын шооласына көмүлүшүн. Көп улут, көп өлкөнүн арасында, Түндүгү бийик болуп көрүнүшүн. Тилеймин ар бир жанга көңүл куунак, Карыга – ыйман, жашка – өмүр-кубат. Ынтымак, ырыс күткөн ата журттун, Ыргыткан ташы турсун өйдө кулап. 23.10.2000
5850   260   28202
15.07.2020
Караңгыдан кийин күтүп таң турат, Капалыктан кийин күтүп шаң турат. Туман таркайт, кара булут жазылат, Аркасынан Ай, Күн тиет жаркырап. Аары чагат, чаккан менен бал сунат, Нанга айлантыш үчүн буудай жанчылат. Эртең бышып, шилекейди агызчу, Мөмө бүгүн көкмөк, ачуу – кам турат. Кар кеткен соң байчечекей баш багат, Каптабаса жалын бышпайт аш-тамак. Суктандарган сулуу сарай тургузуу – Чалчык кечип, жер көөлөөдөн башталат. Сынактардан мээнети жок өтпөйсүң, Ашыгыңа азап тартпай жетпейсиң. Ашуу ашып, кезермейин чөл кезип, Көксөп жүргөн көркөм жайга көчпөйсүң. Жазда келген чабалекей кушундай, Жакшы күндөр келет бизди утурлай. Жакут, алтын жатат ылай астында, Жашообуздун мыйзамы дал ушундай! Курсагы ток баркын билбейт машактын, Сабырсыздык башаты бүт чатактын. Түшүндүргөн көп нерсенин кадырын, Сабагы мол, балким, келген апааттын. Көрүп жатып бешенеге жазганды, Унутпайлы чилдеден соң жаз барды, Ыйман сактап, сабыр кылсак, буюрса, Жакшы күндөр келерине аз калды! Нуржигит Кадырбеков 14.07.20, 14.29 .