Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw
Загрузка...
Кечээ эле кыш болчу. Тиричилик тизгинин жазга оңойлук менен бербечүдөй буркан-шаркан түшүп аткан. Зампарлаган кар жер бүткөндүн баарын басып, ошол бойдон түбөлүк орун-очок алып калчудай күпүлдөп жааган. Балким, өмүрдүн кырк экинчи кышы менен коштошкум келдиби, же тек гана буюккан буурул кыштын керемет сулуулугуна суктандымбы, айтор, жумушумдан Баялинов китепканасына чейин жөө басып барып, табияттын татынакай көз ирмемдерин фотого түшүргөн элем. Бүгүн – жаздын биринчи күнү. Ошол кыш ызгаарынын кыпын белгиси жок. Заматта теребел жайдарыланып, кардан бошонгон кара жерди жашыл тукаба жаап калды. Өмүр ушундай тез өтчү, тез өзгөрчү жалган сүрөт белем. Иши кылып, жашоонун дагы бир кышы артта калды. Эриген кар менен кошо өткөн өкүт-армандар, кайгы-капалыктар, таарынычтар көңүлдөн жуулуп кетсин, ылайым. Жашыл жазды жакшы маанайда, жаркын тилектер менен жүрөктү, дилди тазалап тосолу. Күн менен кошо дил жылысын, сөздөр, ортодогу мамилелер жаркылдасын. Байчечек менен кошо эргүүлөр, асыл жана аруу сезимдер бажырайсын. Аманчылык болсо жаз да заматта өтөт. Бүрдүн да, байчечектин да доору бүтөт. Бирок, жазда жасалган амал, кылынган эмгек калат аркада. Убакыт бошко кетпесин. Эртең артыбызга кылчайганда өз колубуздан, адал мээнетибизден жана алп аракетибизден калган ийги издерди көрүп кыбабыз канып, көңүлүбүз кубансын. Ар бир кыргыз жараны, жок дегенде #жетиден_бак_отургузалы. Бак менен кошо, балким, элибиз, жерибиз, өзүбүз, келечегибиз үчүн бакыт үрөнүн себебиз. Кыялда жашап келген арзуу-тилектердин аткарылышы үчүн алгачкы кадамдар жасалган, башталып бирок ара жолдо арасат калган мыкты жумуштар ийгилик коштоп аягына чыккан, урушкандар жарашып, бузулгандар оңолгон берекелүү убак болсун – ушул жаз. НК, 1-март, 2020-жыл

Загрузка...
4584   32
25.07.2020
“Бир адамды куткарган, бүткүл адам баласын куткарганга барабар” 🔅 “Бир адамдан - бир китеп” элдик долбоорунун уюштуруучулары жалпы журттун башына түшкөн кыйын кырдаалдан чыгууга салым кошуу максатында «Элибиздин саламаттыгы үчүн» акциясын баштап жатабыз. Сизди дагы салым кошууга чакырабыз!!! #БиргеЖеңебиз 🔅 Чогулган акча каражаты кайда жумшалат: 🔹COVID-19 илдетинен жабыркагандарга керектүү дары-дармектерди алууга; 🔹Дарыгерлерге коргоо каражаттарын, зарыл жабдыктарын алып берүүгө; 🔹Абалга байланыштуу кыйналып жаткан муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө; 🔹Зарылчылыкка жараша шаар, регион, айылдарга тиешелүү жардамдар бөлүнүп берилет. 🔅 Долбоорго чогулган акча каражаттар боюнча ачык-айкын фото-видео отчёту Фейсбук, Инстаграм баракчабызга байма-бай жарыяланып турат. Сыркоонун сыноосун бирге жеңебиз! Ден-соолукта болуңуз!!! #БиргеЖеңебиз✊🏼
12540   190
21.07.2020
Бул ыр жыйырма жыл мурда жазылган. Ушул апаат күндөрү кайра кайталап окуп, омиин деп алакан жайып турам... Буюрса, баары сонун болот! ТАҢДАГЫ ТИЛЕК Тилеймин амандыгын адамдардын, Тилеймин кенендигин кадамдардын. Тилеймин иши илгери болсо экен деп, Мээнети, кылгандары адалдардын. Тилеймин бейпилдигин замандардын, Түзөлүп-оңолушун жамандардын, Тилеймин аткарылып ишке ашуусун, Түбү түз, адилеттүү таламдардын. Тилеймин эркиндигин жарандардын, Бактысын, ырыскысын аман жандын. Башкысы, адамдыгы сакталса экен, Бай-кедей, падышанын, чабандардын. Тилеймин кыргызымдын өнүгүшүн, Таалайдын шооласына көмүлүшүн. Көп улут, көп өлкөнүн арасында, Түндүгү бийик болуп көрүнүшүн. Тилеймин ар бир жанга көңүл куунак, Карыга – ыйман, жашка – өмүр-кубат. Ынтымак, ырыс күткөн ата журттун, Ыргыткан ташы турсун өйдө кулап. 23.10.2000
5850   260   28202
15.07.2020
Караңгыдан кийин күтүп таң турат, Капалыктан кийин күтүп шаң турат. Туман таркайт, кара булут жазылат, Аркасынан Ай, Күн тиет жаркырап. Аары чагат, чаккан менен бал сунат, Нанга айлантыш үчүн буудай жанчылат. Эртең бышып, шилекейди агызчу, Мөмө бүгүн көкмөк, ачуу – кам турат. Кар кеткен соң байчечекей баш багат, Каптабаса жалын бышпайт аш-тамак. Суктандарган сулуу сарай тургузуу – Чалчык кечип, жер көөлөөдөн башталат. Сынактардан мээнети жок өтпөйсүң, Ашыгыңа азап тартпай жетпейсиң. Ашуу ашып, кезермейин чөл кезип, Көксөп жүргөн көркөм жайга көчпөйсүң. Жазда келген чабалекей кушундай, Жакшы күндөр келет бизди утурлай. Жакут, алтын жатат ылай астында, Жашообуздун мыйзамы дал ушундай! Курсагы ток баркын билбейт машактын, Сабырсыздык башаты бүт чатактын. Түшүндүргөн көп нерсенин кадырын, Сабагы мол, балким, келген апааттын. Көрүп жатып бешенеге жазганды, Унутпайлы чилдеден соң жаз барды, Ыйман сактап, сабыр кылсак, буюрса, Жакшы күндөр келерине аз калды! Нуржигит Кадырбеков 14.07.20, 14.29 .