Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw
Загрузка...
Коронавирус – бул адамзаттын башына келген апаат. Анын кара тумандай жайылып баратышы ар бир инсандын көңүл көйгөйүнө, жүрөк санаасына айланды. Деген менен, эпидемиядан коркуп, ызы-чуу салып, кымкуут түшүүнүн зыяны мол, бирок, ныпым пайдасы жок. Сыноо бир же бир нече адамга эмес, бүтүндөй коомдун башына түшүп турган соң, кырдаалдан бир муштумдай түйүлгөн ынтымак менен чыгуубуз мүмкүн. Ооба, ынтымак жана биримдик менен гана! Анткени, ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот. Ырыскы деген жакшылыктын келиши эле эмес, жамандыктын тосулушу. Ир алдыда ааламды заматта айланган вирус тууралуу суук кабарлар көңүлдү кыраа кылып турганда бири-бирибизге дем берели, маанайларды көтөрөлү. Кыйын күндөрдө бирибизге бирибиз эш болуп, колдоо көрсөтөлү. Ким кандай жагдайга тушукса да жалгыз калбасын, кандаштар, мекендештер жардам колун сунууга даяр экенин сезип, духу бийиктегендей болсун. Эгер, карантинге алынгандарды кармоого жайлар жетишпей баратса, ден-соолукту чыңдачу мекемелерде тек гана пофилактика үчүн дарыланып жаткандар кабагым-кашым дебей орундарын бошотуп бергенге даяр болсо. Бирөөнүн бир муктаждыгын чечсең, Жараткан сенин көп муктаждыктарыңды бүтүрүп берет! Кайрымдуулуктун, боорукерликтин мыйзамы ушундай. Анан жаман айтпай жакшы жок, эгер бирөө-жарым вирустан шекшинип жардам сураса, дарыгерлерибиз демейде боло жүргөндөй “катталган жериңе кайрыл!” деп сөөмөйү менен көчөнү көрсөтүп койбосо. Гиппократтын анты – документине, тек-жайына же дарегине эмес, муктаждыгына карап ар бир сыркоого чын ыкластан жардам берүүгө милдеттендирет. Капылет, “түкүнчөгө оору жугуптур” деген сөз таркаса, жийиркенбейли, жерибейли. Жийиркенүү – илдетти өзүнө чакырат дешет аалымдар. Жок дегенде ага ичибизден ак батабызды арнап, ак халатчандардын кароосуна тапшыралы. Дарыгерлерибизге ишенели. Эң оор милдет ошолордуку: илдетти алдын алуу жана бир балакет болсо өмүрүн тобокелге, көңүлүн санаага салып, дарылоо озуйпасы мойнунда. Бул Чолпонбай баатыр көкүрөгү менен окту тосуп, миңдеген омүрлөрдүн сакаталышына жана душмандын сазайын берүүгө огожо болгондой улуу эрдик. Дарыгерлерибизди аяп, колдоп, айткандарын аткаралы. ⤵ ⬇⬇⬇

Загрузка...
4584   32
25.07.2020
“Бир адамды куткарган, бүткүл адам баласын куткарганга барабар” 🔅 “Бир адамдан - бир китеп” элдик долбоорунун уюштуруучулары жалпы журттун башына түшкөн кыйын кырдаалдан чыгууга салым кошуу максатында «Элибиздин саламаттыгы үчүн» акциясын баштап жатабыз. Сизди дагы салым кошууга чакырабыз!!! #БиргеЖеңебиз 🔅 Чогулган акча каражаты кайда жумшалат: 🔹COVID-19 илдетинен жабыркагандарга керектүү дары-дармектерди алууга; 🔹Дарыгерлерге коргоо каражаттарын, зарыл жабдыктарын алып берүүгө; 🔹Абалга байланыштуу кыйналып жаткан муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө; 🔹Зарылчылыкка жараша шаар, регион, айылдарга тиешелүү жардамдар бөлүнүп берилет. 🔅 Долбоорго чогулган акча каражаттар боюнча ачык-айкын фото-видео отчёту Фейсбук, Инстаграм баракчабызга байма-бай жарыяланып турат. Сыркоонун сыноосун бирге жеңебиз! Ден-соолукта болуңуз!!! #БиргеЖеңебиз✊🏼
12540   190
21.07.2020
Бул ыр жыйырма жыл мурда жазылган. Ушул апаат күндөрү кайра кайталап окуп, омиин деп алакан жайып турам... Буюрса, баары сонун болот! ТАҢДАГЫ ТИЛЕК Тилеймин амандыгын адамдардын, Тилеймин кенендигин кадамдардын. Тилеймин иши илгери болсо экен деп, Мээнети, кылгандары адалдардын. Тилеймин бейпилдигин замандардын, Түзөлүп-оңолушун жамандардын, Тилеймин аткарылып ишке ашуусун, Түбү түз, адилеттүү таламдардын. Тилеймин эркиндигин жарандардын, Бактысын, ырыскысын аман жандын. Башкысы, адамдыгы сакталса экен, Бай-кедей, падышанын, чабандардын. Тилеймин кыргызымдын өнүгүшүн, Таалайдын шооласына көмүлүшүн. Көп улут, көп өлкөнүн арасында, Түндүгү бийик болуп көрүнүшүн. Тилеймин ар бир жанга көңүл куунак, Карыга – ыйман, жашка – өмүр-кубат. Ынтымак, ырыс күткөн ата журттун, Ыргыткан ташы турсун өйдө кулап. 23.10.2000
5850   260   28202
15.07.2020
Караңгыдан кийин күтүп таң турат, Капалыктан кийин күтүп шаң турат. Туман таркайт, кара булут жазылат, Аркасынан Ай, Күн тиет жаркырап. Аары чагат, чаккан менен бал сунат, Нанга айлантыш үчүн буудай жанчылат. Эртең бышып, шилекейди агызчу, Мөмө бүгүн көкмөк, ачуу – кам турат. Кар кеткен соң байчечекей баш багат, Каптабаса жалын бышпайт аш-тамак. Суктандарган сулуу сарай тургузуу – Чалчык кечип, жер көөлөөдөн башталат. Сынактардан мээнети жок өтпөйсүң, Ашыгыңа азап тартпай жетпейсиң. Ашуу ашып, кезермейин чөл кезип, Көксөп жүргөн көркөм жайга көчпөйсүң. Жазда келген чабалекей кушундай, Жакшы күндөр келет бизди утурлай. Жакут, алтын жатат ылай астында, Жашообуздун мыйзамы дал ушундай! Курсагы ток баркын билбейт машактын, Сабырсыздык башаты бүт чатактын. Түшүндүргөн көп нерсенин кадырын, Сабагы мол, балким, келген апааттын. Көрүп жатып бешенеге жазганды, Унутпайлы чилдеден соң жаз барды, Ыйман сактап, сабыр кылсак, буюрса, Жакшы күндөр келерине аз калды! Нуржигит Кадырбеков 14.07.20, 14.29 .