Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
3282  
01.02.2020
КОРОНАВИРУС – азыркы күндөгү АДАМЗАТТЫН апааты. Бул бир гана Кытайга же башка өлкөгө тиешелүү эмес, бүтүн дүйнөнүн башына түшкөн сыноо. Глобалдык деңгээлде карым-катнаш, алака болуп көрбөгөндөй күчөгөн маалда бул илдет эртең ааламдын кайсыл капшабын капсалаңга салат, эч ким билбейт. Мындай балакеттин эпкини мага тийбей, кыйгап өтөт деп кепилдик алган да пенде жок. Ошондуктан, таба эмес, тообо кылалы! “Чала болду”, “ушуну көрмөк” деген сыяктуу пенделик пикирлер, ылайым, баарыбыздан алыс болсун! Бирөөнүн башындагы кайгыга, көңүлүндөгү көйгөйгө кубануу – адамдыкка сыйбайт. Өзгөчө, айкөл Манастын тукумуна мындай сыпат дегеле жарашпайт. Ошондуктан, адамзатка, анын ичинде Брюс Ли менен Джекки Чяндын мекени болгон кошуна Кытайга саламаттык тилейли. Ылайым, ушул сыноону ийгилик менен жеңип өтөлү. Жараткан бизге жар болсун!
10133   86
05.03.2020
ЧЕТ ЭЛДИКТЕР НЕГЕ МАГА КАРАШТЫ 2001-жылдын марты. Москвага биринчи жолу бардым. Кыргыз элчилигинин мейманканасына жайгашып, андан соң Третьяков галереясына, Кызыл Аянтка зыярат кылдым. Бул жайлар бири-биринен анча алыс болбогондуктан жөө жүрдүм. Жолдо баратсам маңдайымдан чыккандын дээрлик баары эле мени таанышындай карап жатышты. Айрымдарынын көздөрүнөн таңыркоону көрсөм, башкаларыныкынан суктанууну, сый-урматты туюнткан жылуулукту сезем. Кээ бирлери машиненин ичинде баратып жылмая тиктеп, баш ийкеп, кол сермешет. Ушундай окуя кийин АКШнын Бостон шаарында да кайталанды. Топтолуп отурган афроамерикалык улан-кыздардын бири мени көрсөтүп бирдеме деп кыйкырды эле, калгандары жапырт бурулушуп, мага жылмайышып, колдорун булгалап, сонун маанайда ызы-чуу түшкөн бойдон калышты. Эки учурда тең адегенде эмне болуп кеткенин түшүнө алган эмесмин. Неге баары эле мага назар салышат? Болгондо да мээрим менен, көңүлдү көтөргөн күлкү коштогон карек менен тиктешет? Баш териси башка эл тааныгыдай Голливуд кино жылдызы же Марадона, Зидан, Месси, Роналдо менен атак талашкан футболчу, Тайсон менен таймашкан боксчу болбосом. Анан гана кептин кайда жатканын түшүндүм. Башымда #АК_КАЛПАК бар болчу. Орустар да, америкалыктар да өзүмө эмес, башымды шөкөттөгөн, шаңкайган АК КАЛПАГЫМДЫ карашыптыр. Мага эмес кыргызымдын кооз-көркөм улуттук баш кийимине суктаныптыр. Алардын жүзүндөгү жылуу ырай, достук маанай – балким, калпак аркылуу биздин кайталангыс маданиятыбызга, чыгармачылык дареметибизге бийик баа берип, таазим эткенидир. Ак калпак – Ала-Тообузду элестеткен элибиздин ак жолтой символу. Ак калпакта аруулуктун, бийиктиктин жана нарктуулуктун сыры жана сүрү бар. Ак калпак – Манас атабыз, Бакай, Кошой бабаларыбыз баштаган, кыргызды ийгиликтин бийик чокуларына сүрөгөн элибиздин сыймыктуу, залкар уулдарынын асыл баштарын кооздогон керемет баш кийим. Ак калпакты даңазалаган – кыргыз жигитинин алтын башы эле эмес, ары, намысы, абиири жана ыйманы. Ошондуктан, “Ак калпагың башыңдан түшпөсүн!” деген ак батанын мааниси - ооматтуу, намыстуу, айкөл жана эл туусун желбиреткен эр жүрөк бол дегенди туюндурат. Жараткан Ак калпактуу элибизге ынтымак, күч-кубат жана кетпес оомат берсин! 05.03.2020