Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7838   41
03.03.2020
#ЖАКШЫГА_ЖАНАШ Айтылуу актер, элибизге эмгек сиңирген артист Темирлан Сманбеков менен бир топко маектешип отурдум. Темирлан агайдын өңүндөгү сүр, көзүндөгү сыр, сөзүндөгү салмак, амалындагы көркөм адеп-ахлак адамды өзүнө тартып турат экен. “Түсү ийгиден түңүлбө” дегендей тектүүлүгү, нарктуулугу өңүнөн дароо байкалат. Эл арасындагы бийик баркынын бир сыры ушунда экендигин түшүндүм. - Нарындын кышы ден-соолугума оор келип жатат. Башка жакка которулсамбы дедим эле, - деди ал маселенин ток этерин айтып, - Ошого кеңеш салганы келгем. - Анткениңиз менен жамаатыңыз бизден сизди кетирбешти сурап жатат. Кетирсеңер митинг кылабыз деп мына менин көзүмө айтышты, - дедим жылмая, - Бизде “Кетсин!” деп талап кылуу кадыресе көрүнүш, бирок, бирөөнү “Кетпесин!” деп митингге чыгуу демилгесин биринчи жолу билишим. Темирлан агай кеп төркүнүн аңдап, алкыш айткансып чын ыкыласынан жылмайды. - Айтыңызчы, - деп ага учурдан пайдаланып насаат уккум келип кайрылдым, - Бирге иштеген эмгек жамаатынын ичинде ушундай бийик аброй күтүү үчүн эмне кылуу керек? Сманбеков бир аз ойлоно калды да мындай деди: - Биринчиден, жетекчи катары бардыгына бирдей мамиле кылуу зарыл. Экинчиден, ар бирине аяр болуу керек. Үчүнчүдөн, бирин да калтырбай камкордукка алуу шарт. Көйгөйлөрүн ук, колдон келишинче жардам бер, жок дегенде жылуу сөзүңдү аяба. Искусство адамдарын башкара албайсың, болгону, аларды түшүнүү, аёо жана эмгегин баалоо керек. Уккан мааниге муюганымды баамдаган агай дагы бир орчундуу насаатын кулагыма күмүш сырга кылды: - Келишпестиктер, тирешүүлөр, көрпенделик терс сыпаттар жамаатты ичтен ириткен жерлерде да иштедик. Жетекчини жетим улакчалык көрбөй, эшикти тээп кирип, кекете кекээр сүйлөгөндөргө да эч качан теңелбедим. Оюн, муңун, арманын, ачуу сөзүн аягына чейин угуп, “Ишке баары сиздей күйсө кана эле!” деп кеп нугун жакшылыкка буруп, кас болуп кирген кишини дос кылып узатып койчумун. “Мен жетекчи!” деп үстөл муштагандан зыян болсо болот, бирок, пайда чыкпайт. Оройлукка салып, адамдардын жүрөгүн оорутуп иштетүү – бул жеткен канкордук. Канкор эмес, камкор бол! Жакшы жетекчи болуунун, менимче, бар сыры ушул. Темирлан агай менен көпкө баарлаштык. Көңүлүм өстү, жүрөгүм
10647   75
23.04.2020
Бүгүн 23-апрель ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП КҮНҮ. Жаратканга шүгүр, кыргыз жаштары арасында китеп окуу модага, трендге айланып барат. Жети дубаныбыздын алыскы айылдарына, керек болсо генералдар энесин ээрчитип кире алгыс жабык аскер бөлүктөрүнө чейин китепкөйлүк дух жайылды. Берлин паркында, Чикагодогу аянтта, Токиодогу аллеяда, Москвадагы скверде, Египеттеги Нил дайрасынын жээгинде кыргызча китеп окуп отурган кыргыз жаштарынын соцтармактардагы сүрөттөрү көргөн көздү кубантып турду. Китепке талап өскөн сайын китеп дүкөндөрү нөшөрдөн кийинки козу карындай көбөйдү. “Шанс”, “Жамгыр”, “Шам”, “Маңыз” ж.б.басмалары ачылып, эбактан басылбай эстен чыгып бараткан улуттук адабияттын классикаларын шакылдатып чыгара башташты. Орто мектептерде бир кезде рекеттик кылган тентектер авторитет болгон доор бир жылда 70-80 китеп окуган Батырдай балдар кадыр-барк сересин багынткан заманга ордун бошотту. Китеп кыймылынын жайылышы, китеп агымынын күчөшү ал тургай Жогорку Кеңешти бул темага бурулууга мажбурлады. Ошентип, биз быйылкы китеп күнүнө өзгөчө дем, ири ийгилик, өрнөктүү амалдар менен келдик. Биз бул жылы китеп сүйүү, китеп окуу жагынан КМШда алдыга суурулуп чыктык. Биз алдыдагы китеп майрамын ооз учунан гана даңазалабастан, эң сонун демилгелер, изги иштер менен тосуп жатабыз. Тагдыр экен, азыр ааламды каптаган апаат оорудан сактанып карантинде отурабыз. Болбосо, көпчүлүктүн күчүн, каражатын эле эмес, жүрөгүн, акылын жана мээримин бириктирген “Китепкөй өлкө” идеологиясынын күрдөөлү дагы далайларга угулуп калмак. “Мен үчүн майрам бул – күнөө жасабай өткөргөн күн” деген экен бир даанышман. Майрамдарды оюн-зоок уулап, ичимдик ичип, пайдасыз кеп сүйлөп өткөрбөй, айып-күнөөдөн аруу болууга маани берип, өзүбүз менен кошо өзгөлөргө пайда жеткирип, кубаныч тартуулап белгилейли. Башкага пайда жеткирип, кубандырган адам өзү сөзсүз кубанычка бөлөнөрү талашсыз акыйкат. “Алгандын колу, бергендин жүрөгү толот” деп бекер айтпайт акылман элибиз. Бул күнү китеп белекке бермей акциясын өткөрмөкпүз. Бирок, пандемия шартында мындай кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, окуган китептерибиз тууралуу социалдык тармактарда пикирлерди бөлүшүп, бири-бирибизди китепке тарталыып! Майрамың менен, #КИТЕКӨЙ_ӨЛКӨ!
11302   202
21.03.2020
ЖАКШЫ КАБАР Жакшы кабар айтайынбы? Өрүк гүлдөдү. Өрүк гүлү мен үчүн буга чейин чабалекей менен байчечек сыяктуу жаздын жарчысы эле. Роза сыяктуу сүйүүнүн, жапондор даңазалаган сакура сыяктуу татыктуу өмүрдүн символу болчу. Бүгүндөн тартып ал мага жаркын үмүттүн да эн белгисине айланды. Көзгө көрүнбөгөнү менен, дүйнөгө дүң болуп, көңүлдөргө кыжалатчылыктын кара туманын айдап келген аты жаман бир вирустун айынан кабактар бүркөлүп, маанайлар чөгүп турган учурда: “Силерге эмне болду? Вирус дейсиңерби? Ушул кыпындай макулуктун айынан санап бүткүс береке, ырыскы, жакшылыктар көзүңөргө көрүнбөй калдыбы? Карагылачы, асман дале ачык. Кар баскан тоолор сынын бузбай шаңкаят. Заманыбыз бейпил. Чымчыктар чурулдашып бактылуу. Жашоо дале керемет! Баары жакшы! Жакшы гана эмес, эң сонун! Болгону денеңди жана чөйрөңдү таза тут! Дене менен кошо ойду, пикирди, жүрөктү тазала! Таза чөйрөгө вирус, таза жүрөккө шайтан жолой албайт. Шайтан шаштырып, маскаралабаганда тээ илгери адамдар машак терип жеп, бир казан кайнак сууга бир чөйчөк сүт кошуп үй-бүлөсү менен чогуу ичип жан баккан заманда болбогон топуксуздукту көрсөтүп, ун, күрүч, тамак талашып уят болбойт элеңер! Кайгыдан каражат таап туйтунам деген ойдон өткөн коркунучтуу руханий вирус барбы? Пейилди кенен ташта! Жараткандын ырыскысы кең, баарына жетет! Вирус бул – сыноо. Сенин ыйманыңды, адебиңди, ынтымагыңды, нысабыңды текшерүүчү сыноо! Бул сыноодон ийгилик, жеңиш менен өтүү өзүңөрдөн гана! Ийгилик – ишенимден башталат! Ишенимдин булагы таттуу тил, таза жүрөк жана ысык ыклас. Жеңиш болсо жакшы маанайдан, жылмаюудан башат алат! Жылмай! Шаттан! Шүгүр айт! Өз дегенде өнтөлөп жан бергендерден болбой, өзгөлөрдү да ойло! Ынтымак ошентип куралат. Ырыс кенчинин ачкычы – ынтымагыңарда. Буюрса, бул күндөр да бат эле өтөт! Баары эң сонун!” дегенсип бажырая ачылып, адамзатка салам салып турушат. Өрүк гүлдөдү! Жаштыктын, сүйүүнүн, сулуулуктун, бактылуу жашоонун жана жаркын үмүттүн символу ГҮЛ АЧТЫ! НК, 21-март, 2020-жыл #жакшы_кабар #үмүт_гүлү
16496   433
21.04.2020
БҮТҮНДӨЙ ЗАМАН-ДООР КЕТТИ, АРМАН (Элмирбек Иманалиевге) Жакшынын саны суюлуп турат, Жабыгып көөнүм буюгуп турат. Чымындай жаны Аллага кайтып, Чынарың, кыргыз, кыйылып турат. Акынды жоктоп бозоруп-боздоп, Ай-аалам муңдуу туюлуп турат. Артыңдан эми чын баркың билип, Армандар ичте жыйылып турат. Жараткан, кечир! Бейишиң бер деп, Жалпы журт ыйлап, сыйынып турат. Элимден да бир бийик тоо кулап, Көзүмдөн жашым куюлуп турат. Тилиңден асел төгүлүп турчу, Жүзүңдөн жылдыз көрүнүп турчу. Жүрөккө толгон ак сүйүүң балкып, Өнөрүң менен өрүлүп турчу. Талантың айдай жылдыздуу түндө, Таптаасын болуп бөлүнүп турчу. Жарышка түшсөң тулпарың туйлап, Намысты бербей теминип турчу. Нарк-насаат айтсаң жандүйнө жаркып, Көңүлгө кубанч себилип турчу. Деңиздей терең мааниңе муюп, Аскалар дагы чөмүлүп турчу. Карарып асман түнөрдү минтип, Кайгыга салып бир элди минтип. Алкынып учкан ак шумкар кулап, Аманат өмүр түгөндү минтип. Миң сырдуу ажал тооруду минтип, Мүрөктүн суусу соолуду минтип. Маарага дайым алдыда келчү, Дулдулдун жону жооруду минтип. Таскактай сызып соңуна жетип, Түгөттүң даңгыр жолуңу минтип. Таппайбыз эми асылды сендей, Издеген менен ааламды тинтип. Арадан залкар зор кетти, арман, Агылган улуу кол кетти, арман. Колдо бар алтын бааланбай балким, Билинбей баркы шор кетти, арман. Бир акын жана бир инсан эмес, Бүтүндөй заман-доор кетти, арман. Келген соң кайра кетмейиң чындык, Бул дүйнө закым, бул дүйнө жалган. Намыска дайым турчусуң чамдап, Пейилиң болчу тоолордой калбаат. Өмүрдү бекер коротпой бошко, Рухтан кеттиң казына камдап. Мунара курдуң жандүйнө үчүн, Ой, сөздүн жалаң гүлдөрүн тандап. Уланат жашооң тарыхта эми, Жеңижок, Коргоол, Барпыны жандап. НК, 21-апрель, 2020-жыл
1379   23
11.06.2020
Карантин учурунда капыстан NUR SAYAKAT BILIM борбору менен байланышып калдым. Тил багытындагы курстарды уюштурат экен. Ошентип, өзүм дээрлик унутуп калган араб тилин кайрадан окуй баштадым. Мага жеке онлайн сабак өтүү үчүн Олжобай Ташполотов деген мыкты адисти дайындап беришти. Аралыктан болсо да сабакты аябай сонун түшүндүрүп, программаны бат-баттан өздөштүрө баштадык. Борбор кызматкерлеринин дилгирлиги, кичи пейил, ыкыластуу мамилеси жана ишине болгон жоопкерчиликтүүлүгү аябай купулума толду. Карантинге чейин кадыры артып, окуучулары батпай калгандыктан кенен кеңсе алып, жаңы жайга көчүшкөн экен. Анан карантин чыгып, окуучулар таркап, башкалар көргөн кыйынчылыкты бул борбор да баштан кечирип турган учуру. Ошого карабай кайрадан борборду ачып, окутууну башташып чоң эрдик жасашты. Башкасын билбейм, бирок АРАБ ТИЛИН үйрөнөм дегендерге ушул борборду сунуштайм. Жети жаштан баштап ким гана болбосун бул борборго кайрылып, окуп, АРАБ жана АНГЛИС тилдерин үйрөнүп, сертификат алып чыксаңыздар болот экен. Дареги: Юсуп Абдрахманов көчөсү 134, 1-кабат. Телефондору: +996 707‒17‒44‒72, +996 771‒15‒12‒54. https://www.instagram.com/nsb.kg/ # NUR_SAYAKAT_BILIM
6370   64
07.06.2020
Эки айыл… Аркысынан беркисине көчүп келүү ар бир адамдын башында бар. Тигил айылда үй-бүлөң, жакындарың, кошуна-колоң, элиң-журтуң менен алакада аралаш жашайсың. А бул айылдагы үйүндө ар ким тек башы менен жалгыз. Эшиги кулпуланган соң бир пенде кирип, бир пенде чыкпайт. Эки айылдагы жашоонун бир маанилүү байланышы бар: беркисин оңоп алсаң, аркысы өзүнөн-өзү оңолот. Оңоо деген - күмбөз салып, эстелик тургузуп, гүлчамбар коюу эмес, жакшы, сооптуу иштерди жасап, акылды өстүрүп, рухту байытып, башкаларды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарып, күнөөлөрдөн тыйылып, парз болгон ибадаттарды аткарып кабырга эң сонун амалдарды шерик кылып кирүү. Ичиңди оңосоң – сыртың, акыретиңди оңосоң – бул дүйнөң оңолот дегендин мааниси, балким, ушунда. Акыры келериң берки айыл экенин бир саамга да унута көрбө, тууганым. Бул сенин – ныксырабай иште, оку, ибадат кыл, тообо келтир, шүгүр айт деген мотивацияң! Бул сенин – чыныгы бакытка жетүүгө берилген экинчи кайталанбас шансыңдын эскерткичи! Бул сенин - жүрөгүңдүн тазарып жана жумшарып турушунун себеби! Кирдеген жана каткан жүрөк башкарган денеден жана өмүрдөн кантип жакшылык күтөсүң? Оо, Жараткан, ар бир ишибизден, сөзүбүздөн, аракетибизден, ниетибизден, кадамыбыздан жана амалыбыздан чексиз ыраазы болгойсуң. Убактыбызды укум кылбай, берекесин берип, туура пайдалануунун насип эт! Түз жолуңа сал жана андан эч качан адаштырба. Артыбыздагы акыркы эшик жабылгандагы жана ага чейинки абал-даражабызды бийик жана зыяпаттуу кыл! Эки айыл. Аркысы – убактылуу. Беркиси – түбөлүк. Түбөлүгүбүз түз болсун, ылайым... НК, 7-июнь, 2020-жыл #ЖУМГАЛ #ДООРОНДУН_АТАСЫН_УЗАТЫП
Загрузка...
9952   144
17.04.2020
Биздин министрликтин алдындагы бул көйкөлгөн сулуу гүлдөрдөн баарыңыздарга салам. Жумуштан чыгып келе жатсам таажыларын дилдиретип, жалбырактарын жаңсап өздөрүнө чакырып алышты. “Баары жакшы. Буюрса, мындан да жакшы болот. Жолугушуубузга аз калды. Силерден сабыр, бизден ак бата” деп ишаралагансып жаздын жагымдуу шамалына эркелей ыргалышат. “Балким, ушундай гүлдөрдүн суктанткан сулуулугу, жыпар жыты тигил вирустун эң чоң душманы, бузуп өтө алгыс чебидир!” деген ой көөдөнүмдө шам болуп жанып, көңүлүмдү көкөлөттү... Бүгүн күн да сонун ысыды.Адистер вирус ысыкка туруштук бере албайт дейт. Буга чейин кыйлага созулган жамгыр аркылуу Жараткан бүт кыргыз жерин дезинфекциялап берген эле. Төгүлгөн нөшөр, жаркырап тийген күн, жайнап ачылган гүлдөр, тазарган аба, бараалына келген көктөм... Мунун баарын жакшылыкка жоруйлу . Буюрса, бурулуш күндөр башталды. Келген "конокту" эч качан кайтып келбегендей кылып узатуу насип этсин элибизге. Аз калды. Чыдайлы! Анан, аманчылык болсо, түлөө кылабыз. НК, 17-апрель, 2020-жыл
6864   177
11.04.2020
ЖҮРӨК жана ТЕЛЕФОН Кээде чөнтөк телефонумдун бети шире же май болуп кирдеп калганын көрөм. Кичинекей кыздарым мындай кымбат буюмду момпосуй жеп шире, эт ууштап май жуккан колдорун жууп анан кармоо керек экенин кайдан билсин? Кир болгон телефонумду жакшылап тазаламай сайын көңүлүм жайына келбейт. Аны түзүктөп максаттуу колдоно да албай, ичтен жүдөй берем. Жакаң бир аз карарып, кийимиң болор-болбос булганып, минген унааңа ылай чачырап, компьютериңдин мониторун чаң басып, төшөгүң жыйылбай, дасторконуң жыйналбай, үйүң бытырап, корооң чачылып, керек болсо чокоюң майланбай турса деле ошол акыбал: башка ишти астейдил кылууга көңүлүң чаппай, көөдөнүңдү кандайдыр кыжалатчылыктын туманы басып, оюң онго, санааң санга чачырап, өзүңдү рахатсыз сезе бересиң. Бирок, бул маселе эмес: бир аз убакыт бөлүп, аракет кылсаң кир жуулат, чачылган жыйналат, ылай тазаланат, жакаң агарат. Чыныгы көйгөй – бул жүрөктүн, жан дүйнөнүн кирдеши. Кайдагы жоголчу, сынчу, чиричү, эскирчү, ары бассаң артыңда калчу, көздү жумсаң көрүнбөчү, жаңылоого, алмаштырууга, керексиз кезде ыргытып жиберүүгө боло турган буюм-теримдердин кири ошончо мазеңди алса, өмүр өткөнчө бир көз ирмем тынбай айланган каның менен кыбыраган жаныңдын кызматын кылган, ойлоруңдун, ниеттериңдин, пикирлериңдин, амалдарыңдын булагы жана уясы болгон, дене менен рухтун падышасы - жүрөктүн булганышы жашооңду кандай жабыркатып, заманаңды кантип заң-зуң кыларын элестетип көр. Аны буюм сыяктуу самын, айна жана суу менен тазалап жибере албайсың. Алмаштыра койгудай же машиненин дөңгөлөгү сыяктуу кошумча пайы жок. Килем, кийим, көлүк жууган техникалардай жан дүйнөнү жууй турган жабдыкты али эч ким ойлоп таба элек. Таба да албайт. Бирок, жүрөктү таза тутуунун жол-жобосу, шарттары бар. Ал үчүн тообо кыл. Шүгүр келтир. Өлүмдү эсте. Кечиргенди үйрөн. Аз тамак же. Дуба кыл. Түндө ибадат үчүн ойгон. Жакшыга жанаш, жамандан адаш. Адал тамактан. Пайдасыз сөздөн кач ж.б. дешет аалымдар...