Гулжигит Сатыбеков
@satybekov_guljigit
Гулжигит Сатыбеков

Подписчики: 179204
Посты: 325
Подписки: 180
🎼Композитор 🇰🇬🌍 🎙Ырчы🇰🇬🌎 Кызматташуу боюнча 0700636663 0551375353 Таалай

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
412  
31.01.2020
Урматтуу Аксылык жердештер! Жакынкы күндөрдөн бери Аксы районундагы Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу, Мукур айылынын тургуну Дүйшөн уулу Базарбайдын оор дартка чалдыгып элден жардам сураган кайрылуулар келүүдө. Биз да көмөк көрсөтүү үчүн элден жардам сурап жердештерибизге кайрылдык. Жаман эмес кудайга шүгүр , боорукер адамдарыбыз колдон келген жардамын которушуп жатышат. Ошону менен бирге эле биз да Аксы таланттары уюшуп кайрымдуулук концертин өткөрүп Базарбайга бир аз жардам кылсакбы дегенбиз! Андыктан урматтуу жердештер баарыбыз Базарбайдын өмүрүн сактап калуу үчүн баардык Аксылык жердештер биздин кайрымдуулук концертибизди колдоп берет деген үмүттөрүбүз чоң. Концертибиз кафеде өтмөкчү, билет баасы 500р ден. А сиздер келип кафеде чай ичип жеген тамак-ашыңыздарды төлөп кетесиздер! Бир аз да болсо Базарбайдын өмүрүн сактап калууга көмөктөшүүңүздөрдү суранабыз! Дареги м. Перово. Ул. Зелёный проспект 1а. Кафе Черкиз. 21-февраль. Башталышы:20:00 Байланыш тел: 89657739090 Элдияр 89646207595 Азатбек +7 925 735-96-80 Чыңгыз +7 926 547-77-99 Шамшар +7 999 868-74-54 Бекболсун
Загрузка...
4543  
23.01.2020
Таенем бала кезде китепти көп окутчу.Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" чыгармасын окуп,чычкан аке суу берчи дегендей тамагымдын кургаганы эсимде.Бир дем менен окуп чыктым эле. 2016-жылы насип буйруп Сахалинге жеке концертим менен Ванино портунан паромдо сапар алдык.Биринчи жолу суу үстүндө жүргөндүктөн бирде толкунданып бирде ыңгайсыз болуп он төрт сааттык жолду бастык.Кемебиз ары бери чайпалса,кылкылдап көңүл айланат.Кургак жер көрүнбөйт,айлана көкмөк мелтиреген деңиз.Паром менен куушуп бизге оюн көрсөткөн деңиз жаныбарлары өзгөчө элес калтырды.Ойкуп кайкып учкан чайкаларды көрүп,бала кезде окуган чыгарма эсиме түштү негедир.Себеби жээк жакын экенин билдим.Дөбөткө окшош чоң зоону көзүм чалды.Деңиз бойлогон ала дөбөткө окшош экен деп койдум.Балким ушул болуп жүрбөсүн?Таптым деп бир сүйүнүп алдым. Улуу жазуучубуз сегиз ай жүрүп Сахалинде жашаган элдер жөнүндө жазганын кийин уктум.Чынында өзгөчө сыр каткан керемет жер экен!! Ушуну жазгым келди.