Гулжигит Сатыбеков
@satybekov_guljigit
Гулжигит Сатыбеков

Подписчики: 179204
Посты: 325
Подписки: 180
🎼Композитор 🇰🇬🌍 🎙Ырчы🇰🇬🌎 Кызматташуу боюнча 0700636663 0551375353 Таалай

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2227   168   67560
06.05.2020
Айылдын дагы бир түйшүгү, бул ар жазда - эчки тароо. Аксыда "тыбыт" деп коёт. "Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт эки улак"- дегендей бу жаныбарың тоо таштын макулугу экен. Улактарын көрсөң мынча сулуу болбосоң коё кал дейсиң. Айрыкча тың, шок, чунак кези, мүйүзү баш баккан убагындагысы көзгө сүйкүмдүү. Корооңо кирип көчөттөрүңдү агала кылып кажып кеткенде көрүпсүң. Бала кезде көп эле кой эчки кайтардым, кезүү дегени да бар, кезектешип. Таенем экөөбүздүн бирде көбөйүп, бирде азайган кашка токолдорубуз болоор эле. Шыйрактан тартып таенем отурган жерге сүйрөп келем, саайт эле ыраматылык. Эчкинин сүтү да "мазза" болот. Уюган айраны өзгөчө. Эртең менен айдап, кечинде издеп балалыгымдын бир үзүмү өттү. Алыстан эле "ыргыта" тааныйт элем.Тапкан күнү оюнум канганча ойноп, таппай калганда жамгырларда, туманда, кара күүгүмдө шолоктоп ыйлап, издеген күндөрүмү айт. - Мал жоголгончо сен жоголбойсуңбу - деген сөздү уккандар болсо керек араңарда. Айылдын карапайым күнүн кечирген, тоо койнунда жашаган элден айлансаң болот. Бул кызды караңызчы. Эчки тараганын көрүп, кечээ өткөн "бир кокуч" балалыгымды, көп жакшы элестерди эске салды. Ата - энесине балли дедим. Бактылуу бол карындашым!!! @sezima_almazbekova .
Загрузка...