11928 498
06.05.2020
Biskek , Kyrgystan
Негизги атага кыз жакын болот экен. Уул бала апасына жан тартат. Келинчегим апамдай, болочок жолдошум атамдай болсо - деген сөздүн төркүнү ушундадыр. Кыз дегениң бирөөнүн аманаты тура. Ген дагы эне тараптан 60 -70 пайызын түзөт дешет, бул окумуштуулардын далилине таянганда. "Эр тагасын тартат" - деген накыл кепте, чоң маани бардыгына ынанасың. Кыз болсо ата тарабына көбүрөк ыктайт. "Кызы бардын-- назы бар", "Энесин көрүп кызын ал", "Кыздуу үйдө кыл жатпайт"- кыргыздын ар бир накыл кебинде кырк төөгө жүк болчу маңыз бар. - Ата кел селфилейли - деп, Элайым экөөбүздүн түшкөн кербезибиз.Үйдө куудулум ушул, көңүлүмдү көтөргөн. Жаратканым ортоңордо ойногон перзент берсин! Ар бир үйдө наристе күлкүсү жаңырып турсун дейли.