Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev
Сыймык Бейшекеев

Подписчики: 170992
Посты: 421
Подписки: 69
Иш чаралар концерттик суроолор үчүн ➡️0703003070⬅️ чалыңыздар. YouTube каналыма ушул шилтемеге кирип катталыңыздар. 👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCduZ3oNKMyJuqsNNGpi0qjA


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
5760   189
29.05.2020 Счастье есть
Кадырлуум, бүгүн Кудайым буйруса биринчи мүчөл жашыңды тосуп турабыз, 12 жыл мурун мени өзгөчө кубанычка бөлөп жарык дүйнөгө келгенсиң, Кудайга шүгүр айтам, буйруса акыл эстүү ыймандуу уул болуп өсөт деген бийик ишеним менен жашап, жараткандан ден соолугуң менен бактыңа, өмүрүңө кошуп ыйманыңды сурап тилеп келем. Атыңа затың жарашкан акжолтой айкөл уул бол, сабактарыңды жакшы окуп келечек жолуңда калкка пайдаң тийер уул болуп бизди ийгилик жетишкендиктериң менен көп күбантасың деген бийик үмүткө чулганып жашап келем, анда Каду балам, өмүрүң узун бактың бекем болсун, туулган күнүң мүчөлү жашың кут болсун жолборсум, сени берген Кудайыма анан жарык дүйнөгө алып келген апаңа алкышым чексиз, ырахмат сага Нүкүшүм, @nbeyshekeeva_ балдардын сый урматын бактылуулугун чогуу көрөлү!!! 🤲 ##каду_туулган_күн.❤ @kadyrluubeyshekeev баса тили чыккандан эле ырчы болом деп келатат, Кадырлуумдун аткаруусундагы ырларды клиптерди бүгүн YouTube каналымдан көрүңүздөр.
5204  
17.01.2020
Бүгүн биздин үйдө чоң майрам, дөөлөтүбүз, 11 уул кызды жарык дүйнөгө алып келген мээрман, айкөл, ажарлуу, анан эң сулуу АПАКЕМДИН туулган күнү. АПАКЕМ татыктуу тарбия берип АТАМ экөө жашоонун ачуу таттуусуна оош кыйышына майышпай бизди эрезеге жеткирди, 11 уул кызды жарык дүйнөгө алып келген БААТЫР ЭНЕМ, кылым жашасаңыз экен, ар күнү амандыгыбыз менен бактыбызды тилеп атканыңыз сезем, ар бир саатта оорубаса экен деп кылган дубаңыздын күчү менен ийгилике жетишип атканымды туям, АПАКЕМ, сизди көп кубанткым келет, кандай кылып сүйүнтсөм сизге жагымдуу болоор жол издейм, бирок, кандай белек кылсам дагы ал кубаныч бир канча сааттык эле экенин да билем, АТА ЭНЕ үчүн баланын кылган эң чоң сый белеги бул жасаган жакшы иштери, аларга сүйүү менен кылган мамилеси, уулуң жакшы бала экен, жакшы тарбия берипсиң деген башкалардын алкоо сөзү экен. АПА мени жарык дүйнөгө алып келген күндөн бүгүнкү 69 жаш курагыңызга чейин капа кылып алган болсом (абдан көп эле кылдым го😔) кечириңиз, АТАМ экөөңүздөрдүн күндөн күнгө өр таяп баратканыңарды туюп, көз ачып жумгуча эле карылыктын айылында катарлаш басып жүргөнүңөрдү көрүп, аттиң не кылып кубанта алдым деген суроо маземди алат. Бизге бактылуу балалыктын доорун бердиңиздер, баардык куракта каалагандай эркеликтин даамын таттык, КУДАЙГА миң ирет шүгүр, дагы да оорубастан узак жашап, бакыттын айылында көпкө жашасак экен деп жараткандан суранам, туулган күнүңүз менен АПА, кутман карылыка жетип, дөөлөттүү өмүр сүрүңүздөр, сиздин мээримиңиз жан азык, сүйүүңүз ийгилик, батаңыз өмүр, айткан ар сөзүңүз турмушта күндө керектелчү сабак болот, кылым жашаңыз менин БААТЫР ЭНЕМ!!! #асылым_апакем_туулган_күнүңүз_менен ♥