Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev
Сыймык Бейшекеев

Подписчики: 170992
Посты: 421
Подписки: 69
Иш чаралар концерттик суроолор үчүн ➡️0703003070⬅️ чалыңыздар. YouTube каналыма ушул шилтемеге кирип катталыңыздар. 👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCduZ3oNKMyJuqsNNGpi0qjA


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
4441  
05.01.2020
КАНЫКЕЙИМ, жарык дүйнөгө келген күнүң менен жарыгым, жашообуз силер менен кызыктуу болуп, өмүрүбүздүн ар ирмеми өзүңөрдөй акыл эстүү уул кыздарыбыз менен кымбат экенин апаң экөөбүз чейрек кылымдан бери аңдап туюп келатабыз. Аман бол алтын кызым, Кудайдан өмүрүңдүн узун бактыңдын бекем болушун тилейм, сенин кичинекей ийгилигиң мага тоодой дем күч берээрин сөз менен жеткире албасмын, бирок силерге бир өмүр татыктуу АТА болуп ак сөз айтып адал тамак жегизүү улуу милдетим деп эсептейм. Канюш 18 жашың кут болсун алтыным, алыста жүрөсүң, абдан сагындык баарыбыз, буйруса аз күндө келериңди күн санап күтүүдөбүз, сени баарыбыз жакшы көрөбүз, сендей акыл эстүү, кең пейил, жароокер мээрман кызым бар экенине шүгүр, КУДАЙДАН суранарым өмүр, ден соолук, анан албетте бакыт, бактылуу бол берекем, мен сени чексиз жакшы көрөм акылдуу КЫЗЫМ.♥