Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev
Сыймык Бейшекеев

Подписчики: 170992
Посты: 421
Подписки: 69
Иш чаралар концерттик суроолор үчүн ➡️0703003070⬅️ чалыңыздар. YouTube каналыма ушул шилтемеге кирип катталыңыздар. 👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCduZ3oNKMyJuqsNNGpi0qjA


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
3257     19259
15.10.2019
Бүгүн биз үчүн кубанычтуу, ары жоопкерчиликтүү анан бакыттын босогусуна быссымылда деп кадам таштаган күнүбүз, мындан 24 жыл илгери мен 21 сен 18 жашыңда арзуунун айылынан кичинекей эки адамдык кайык жасап турмуш деген улуу мухитке сүзүп чыкканбыз. Канчалаган бороон чапкын, кар аралашкан жамгыр, албуут толкун кичинекей кайыкты аласалдырып оодара жаздап бирок калакты бекем кармап деңиздин күн шооласы көрүнгөн жарык жагын көздөй ишенимдүү сүзгөнүбүздөн махабаттын биз самаган аралына аман эсен жеттик, Кудайга шүгүр, бул аралда не түркүн куштар сайрап, жыты буркураган ажайып гүлдөр аңкып, мөмөсү төгүлгөн, даамы балдай жер жемиштер арбын болуп, улам кызыктырып суктантып жана дагы шыктантып аткан мезгили, учу кыйыры билинбеген бул бакыт аралында сенин мыктылыгыңдан көптөгөн жакшы адамдар менен жанашып туугандашып келатабыз. Майрамың менен асылым, Кудайым канча өмүр берсе, акыркы дем алуум дагы өзүңө арзуумдун ак экенин билдирип чыгаар, сендей асылга жар болуу бул бакыт, бакытыбыз бөксөрбөй, бир кездеги жасаган кичинекей кайыгыбыз эңгезердей кемеге айланып толкундарды тоготпой, бороонго буюкпай, жаан чачынга жабыркабай сүзүп келатат, кудайга шүгүр, арзуу сапарыбыз узак болсун, өзүң менен бирге өткөн өмүр ар дайым кымбат жана ыйык, баардык жакшылыкты бирге көрүүнү жаратканым буйрусун, майрамыбыз кут болсун, сени абдан жакшы көрөм, урматтуу менин балдарымдын апасы, эч качан ооруба!!!♥ @nbeyshekeeva_ #өзүңдү_жолуктурган_кудайдын_марттыгына_чексиз_шүгүр 🙏